Айбат » Нурлан Орозбаев: “Убактылуу кызыкчылыктан улам бириккен партиялардын келечеги болбойт”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нурлан Орозбаев: “Убактылуу кызыкчылыктан улам бириккен партиялардын келечеги болбойт”

Тандем- Парламенттик шайлоо жакындаганы партиялардын биригиши күчөдү. Бул кандай жыйынтык бериши ыктымал?

– Шайлоого жакын түрдүү көзкараштагы партиялардын биригүүсү – утурумдук саясый максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн болуп жатат. Андыктан мындай биригүүлөр болгон жерде эч кандай партиялык курулуш болбойт. Анткени, партиялык курулушта белгилүү убакка чейин түрдүү процесстерден өтүп, идеялык шайкештикке жетүү керек. Ошондуктан шайлоо алдында ыкчам биригүүлөрдү жүзөгө ашырган партиялардын саясый кызыкчылыгы бүткөн жерден эки айрылыш жолдо калышы мүмкүн.

- Өткөн айда «Республика» менен «Ата журт» партиясы бириккенин жарыялады эле. Ал эми бул жумада «Бир бол» менен «Бүтүн Кыргызстан» партиясы кошулганы атканын жар салышты. Аталган партия лидерлери түрдүү позицияны тутунуп келишкен, алардын «кайнаса каны кошулбайт». Демек булар дагы шайлоодон кийин «ажырашып» кетишет турбайбы?

– Мен жогоруда айткандай, толук мүмкүн. Саясый кызыкчылыктар эч качан түбөлүктүү болбойт. Анткени, партиялар иш аракеттерин шайлоо алдында жүргүзүп, саясый кызыкчылыгын ашкере кылып алышты.

- Ушинтип биригишсе эле шайлоодон жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогорулайбы? Дегеним, аталган партиялардын кийинки парламенттин босогосун аттоо мүмкүнчүлүгү канчалык?

– Алардын шайлоодогу натыйжалары ар түрдүү аракеттерине байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок бир нерсени белгилеп кетким келет. Баардык эле биригүүлөр электораттын саясый аң-сезимине оң таасир бере бербейт. Ошондуктан ар кандай күтүлбөстүктөр болуп кетиши мүмкүн. Ал эми партиялардын биригүүсү өлкө аймагындагы саясый дараметин күчтөндүрүү үчүн же кайсы бир саясый кызыкчылыктарды ишке ашыруудан келип чыгат. Андыктан ирилешкен партиялардын кээ бир жактоочулары кайсы бир деңгээлде баш тартып коюу ыктымалдыгы бар.

- Сиздин прогнозго ылайык, парламенттин кийинки чакырылышынын курамы кандай болушу ыктымал?

– Азырынча парламентин курамы тигил же бул партиядан болот деш абдан татаал. Анткени, шайлоого жакын күтүлбөгөн жараяндар болуп кетиш мүмкүн. Бирок бүгүнкү күндө үгүт аракеттери турукту жана саясый идеялык негизи бар Кыргызстанда төрт, беш эле партия бар.

Айбат гезити №106




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru