Айбат » Коррупционерлерди, “Гейлерди”, башаламандыкты колдоп келген Бактыбек Аманбаев

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Коррупционерлерди, “Гейлерди”, башаламандыкты колдоп келген Бактыбек Аманбаев

Аманбаев БакытбекЭжекеси, «республикачы» депутат Урмат Аманбаеванын аркасы менен депутаттарга акча таратып жүрүп КР Акыйкатчысы болуп калган Бактыбек Аманбаев ушул күнгө чейин карапайым элдин кызыкчылыгын коргогон маселени көтөрүп чыкканын көрө элек болчубуз. Акыйкатчылык кызматка көчүк басаары менен эле саясатташкан жол менен сапарын баштап, ошол нугунан дагы деле чыга албай келет. Анан эле күтүүсүздөн «Биз мигранттардын маселелерин жеңилдеткен кадам жасай алдык» деп төшүн кага эркин басылмалардын бирине маек куруп чыга калганы кызык болууда. Буга чейин анын мигранттар тууралуу ооз ачканын уккан адам болгон эмес. Ырасында мигранттардын турмушун жеңилдетүү багытында кыргыз бийлиги акыркы 3-4 жылдан бери карай эле аракеттерди жасап келатат. Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстандан Россияга, Казакстанга барып иштеген эмгек мигранттарынын маселелери өзү эле чечлип кала тургандыгы да ачык эле билинип калды. Казакстан эмитеден эле жеңилдиктерди бере баштаганын билебиз. Маселен, президент Алмазбек Атамбаевдин бул өлкөгө биринчи жолу жасаган расмий иш сапарынын кийин эле кыргыз жарандары Казакстанда бир ай бою каттоого турбаса деле жүрө ала тургандай макулдашууга жетишкенбиз. Россия менен да тыгыз кызматташтык аркылуу мигранттарыбыздын жашоолору жеңилдетилип келет. Анан «Бышкан аштын ээси көп» болуп орто жолдон Акыйкатчы Аманбаевдин чыга келип, минтип төш кагып турганын кандай түшүнсөк болот? Анын буга чейинки ишмердүүлүгү жалаң саясатташкан жолдо келатканын жогоруда айтып өттүк. «Чү» дегенде эле Кыргызстандагы башаламандыктын болуп туруусун кыйыр колдоого алып чыкты. Мисалга, Саруудагы ызы-чуулу митингди уюштургандарды колдоого алды. Ал эми жол тозуу, бийлик өкүлүн барымтага алып, өмүрүнө коркунуч туудурган аракеттер мыйзамдын чегинен чыккан аракеттер экендиги тууралуу бир ооз да айтып койгон жок. Коррупцияга шектелип камакка алынган Акматбек Келдибековду колдоп жүрдү. Көрсө, ал Келдибековдун убагында Жогорку Кеңештин маалымат кызматын аркалап турганы үчүн, ага ыраазычылыгын ушундай кызматтык абалынан пайдалануу аркылуу көрсөтүп калууну көздөгөндүгүн билдик. Андан кийин «Гейлердин да укугун коргойбуз» деп ата-бабабыздын нарк-насилине каршы келген жорукту баштады. Учурда болсо коррупциялык иш-аракеттери үчүн үстүнөн кылмыш иши козголгон бир тууган эжеси Урмат Аманбаеваны коргоо менен гана алек. Анын жасаган кылмышын Башкы прокуратура көзгө сайып көрсөтүп турса дагы Бактыбек мырза «Бул менин ишмердүүлүгүмө байланыштуу Башкы прокуратуранын куугунтугу» деп жар салууга өттү. Айтор, жалаң гана күркүлдөрдү, коррупционерлерди коргоп, чебелектеп жүргөн Аманбаев качан  бара калып кыргыз мигранттарынын укугун коргоп келе калганы табышмак. Же элдин көзүнө карапайым элдин да кызыкчылыгын коргоп аткандай түр көрсөткүсү келип атабы?

Айбат гезити №106



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru