Айбат » Башкы прокуратура Билим берүү министри К.Садыков жана КРСУ ректору В.Нифадьевдин ээлеп турган кызматтарынын ылайыктуулук маселесин кароону премьер-министр Ж. Оторбаевден өтүндү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Башкы прокуратура Билим берүү министри К.Садыков жана КРСУ ректору В.Нифадьевдин ээлеп турган кызматтарынын ылайыктуулук маселесин кароону премьер-министр Ж. Оторбаевден өтүндү

01Башкы прокуратура Билим берүү жана илим министри Канат Садыков менен Кыргыз-Россия Славян Университетинин ректору Владимир Нифадьевдин ээлеп турган кызматтарынын ылайыктуулук маселесин кароону премьер-министр Жоомарт Оторбаевден өтүндү. Бул туурасында башкы көзөмөл органынын маалымат кызматы 27-ноябрда билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин жана КРСУнун айрым кызматтык адамдарына карата кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында кылмыш жасоого мүмкүнчүлүк берген себептерди жана шарттарды жоюп салуу туурасында токтом чыгарылган.

Эске сала кетсек, министр К. Садыковдун 2013-жылдын 3-сентябрындагы №572/1 катынын жана 2013-жылдын 20-сентябрындагы КРСУ ректору В. Нифадьевдин №1380-кс буйругуна ылайык кабыл алуу комиссиясынын чечими менен аталган жогорку окуу жайдын медициналык факультетине контрактык негизде 24 абитуриент 1-курска кабыл алынган.

«Студенттердин өздүк делосун иликтөөнүн жүрүшүндө бул абитуриенттердин бардыгы ага чейин төмөнкү балл топтошкону аныкталды жана КР өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майында кабыл алынган №256 токтомуна ылайык республикабыздын жогорку окуу жайыларына кабыл алуунун тартиби боюнча алар кабыл алынууга укугу жок болгон. Анткени алардын тестирлөөдөгү жалпы баллы бекитилген чектен – максималдуу мүмкүн болгон баллдын санынын 40 пайызынан төмөн болгон. Мына ушул чектен ашкан гана абитуриент конкурска катышууга укуктуу болмок.

Жогоруда белгиленген фактылар абитуриенттердин КРСУга кабыл алынышы мыйзамсыз болгондугун, билим берүү жана илим министри К. Садыков жана КРСУ ректору В. Нифадьевдин өздөрүнүн функционалдык милдеттерин жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы мыйзамын одоно бузгандыгы болуп саналат», – деп билдирет Башкы прокуратура.

Буга байланыштуу Башкы прокуратуранын токтому жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузууларды карап чыгууга жана тиешелүү чараларды көрүү үчүн премьер-министрге жолдонду. Ошондой эле министр К. Садыков менен университеттин ректору В. Нифадьевдин ээлеп турган кызматтарынын ылайыктуулук маселесин да кароо өтүнүчү бар.

Бул иш боюнча кече жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиевге кылмыш иши козголгон. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №106




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru