Айбат » Эрдоган аял-эркек тең эмес деп эмнеге айтты?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Эрдоган аял-эркек тең эмес деп эмнеге айтты?

Түрк аялыТүркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган аялдар менен эркектер ортосунда теңдик болушу мүмкүн эмес деп билдирди. Анын салттуу көз караштары эмнеден кабар берет? Би-Би-Си суроолоруна Түркия боюнча эксперт, “Сереп” аналитикалык борборунун жетекчиси Искендер Ормон уулу жооп берди.

 

Искендер Ормон уулу:

Албетте, аял менен эркек тең эмес деп айтканын алар чын эле тең укуктуу эмес деп түшүнгөнгө болбойт. Бул колдоого алаарлык эмес жана натуура. Эрдоган мырза өтө тажрыйбалуу, узун мөөнөттөн бери бийликте турган чоң саясатчы. Менимче, ал киши деле мунун туура эмес экенин жакшы билет. Эмне үчүн бул сөздү айтты дегенге келгенде, албетте, Эрдоган да аябай прагматист, дүйнөлүк аренада результаттарга карата сөз сүйлөп, аракет кылган саясатчы. 2015-жылы Түркияда шайлоо болот. Бул дагы консервативдүү көз караштагы электоратына “мен дагы эле бармын же бизди, мурда жетектеген партиябызды колдогула” дегендей белги катары кабыл алсак болот.

Кубат Касымбеков: - Быйыл жайында Түркияда президент алгач ирет эл тарабынан түз шайланып, Режеп Тайым Эрдоган жеңип чыкпадыбы. Деги эле ал 2003-жылдан бери премьер-министрликтен түшпөй келүүдө. Эрдоган мындай сөздөрдү айтып жатса да шайлоодон утуп жатканы түрк коомчулугунда президентке окшоп консервативдүү, салттуу маанайдагы топтор көп экенин көрсөтөбү?

– Бүгүнкүгө чейинки тепкичтерин карап көрсөк, Эрдоган жана анын айланасындагы чоң саясатчылар 2003-жылдан бери бийликте жана ар бир шайлоодо өзүнүн электоратын көбөйтүп келатат. Негизи эле аналитиктердын айтымында, анын беделинин 2008-2010-жылдарга чейинки жогорулоосу себеби, анын Евробиримдигинин критерийлерине, Копенгаген критерийлерине карай ар тармактарда: саясатта, экономикада, укукта өнүгүүгө жетишип, стандартты жогорулатышыбыз керек деп чоң реформаларды жасап келгенинде. Ал бир эле консерваторлордон эмес, жалпы либералдардан, улутчул кыймылдардан, башка улуттардан, азчылыктардан да добуш алып келген.

Айтылган маалыматтар боюнча, ал 2010-жылы бул багыттын чокусуна жетти. Андан ары мындай көз караштардын, ал түшүнүктөрдүн добуш алып келбей турганына көзү жетип, пикирин өзгөрттү. 2010-жылдан бери мурда ишке ашырган реформаларына туура келбеген, кезеги келгенде тескери болгон иштерди жүргүзүп келатат.

Бирок натыйжада өзүнүн шайлоочуларына дагы эле көз кыскан бир мандеми бар деп айтылып келет.

 

Түркия исламдашуу коркунучундабы?

- Түрк либералдары Мустафа Кемал Ататүрк түптөгөн светтик өлкөнү Эрдоган исламдашуунун коркунучтуу жолуна алып баратат деп сындап жатышпайбы. Бул пикирлер канчалык жүйөлүү?

Искендер Ормон уулу: Түрк коомчулугу, түрк мамлекети Европа, Азиянын чектешкен жеринде, тогуз жолдун томунда жайгашкан өлкө. Орто Чыгыш өлкөсү же радикалдуу ислам өлкөсү болуп кетиши мүмкүн эмес деп ойлойм. Өзүнүн географиялык шарттары, тарыхы, өзүнүн коомунун көз карашы, ичинде өскөн интеллигенциясы ага жол бербейт деген ойдомун. Бирок ошондой багытка аракет кылганына байланыштуу жүйөлүү дагы себептер жок эмес.

Мисалы, реформаларында диндик компоненти болгон мектептердин көбөйүшү, коомдун көз карашын эске албоо сыяктуу кадамдары бар. Булардын баары жалпы коомчулукта, өзгөчө интеллигенциянын арасында конвервативдик жолго алып баратат деген пикирди жаратып жатат. Өзгөчө бүгүнкү күнгө чейин Эрдоганды дайыма алдыга чыгарып, “Орто Чыгыштын реформатору”, “светтик көз караш менен салттуу көз карашты бирдикте алып бара алган улуу саясатчы” деп атап келген Батыш да эки жылдан бери байма-бай катуу критикалап жатат.

- Эрдоган жакынкы мезгилде эле АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин кыймылы менен араздашуусу маалында “Твиттерди” жабууга аракет кылган, маалымат каражаттарын да сынга алган. Эрдогандын бул сыяктуу Батыштын талаптарына туура келбеген баалуулуктары, аракеттери анын Батыш менен мамилесине канчалык кедергисин тийгизиши мүмкүн?

– Батыш менен мамиле өтө кескин начарлап кетпейт. Түркия НАТОнун мүчөсү. Ошончолук сүйлөп жатса да, Эрдогандын прагматисттик мүнөзүн караш керек. Батыш толугу менен колдобой турган кадамдарды таштаган жок, Батыш менен толук ажырымга кеткен жок.

Албетте, “Шанхай кызматташтык уюмуна кирели, биз Евросоюздан баш тартып, Чыгышка багыт алалы” деген сөздөрү да болбой койгон жок. Менимче, бул саясий соодалашуунун гана жолу. Мындайча айтканда, Түркия Евробиримдикке кирүүгө кадам таштап жатканда жеңилдетүүнү, тезирээк кабыл алууну талап кылган белги гана болушу мүмкүн.

 

Азыркы Түркия башкаларга үлгүбү?

- Эми Режеп Тайып Эрдоганда динге басым жасаган, салттуу баалуулуктар көп байкала баштаганын эске алганда, бул жагдай Түркияга ыктаган, аны үлгү катары караган майда өлкөлөргө кандай таасирин тийгизиши ыктымал?

– Албетте, калыптана элек өлкөлөр үчүн бир таасири болушу мүмкүн. Калыптана элек дегенде, мамлекет катары өзүнүн координатын, багытын толук аныктай элек. Аларга кээде үлгү болуп калышы мүмкүн.

Эрдоган чындыгында 2003-жылдан баштап 2010-жылга чейин чоң иштерди жасады, дүйнөгө да таанылды. Эл көбүрөөк анын акыркы каталарын эмес, ушул күнгө чейинки ийгиликтерин эстегени үчүн дагы деле туу тутулуп, дагы эле өрнөк көрсөтүлөт.

Мен мурдагы реформачыл Эрдоган учурун эмес, артка кеткен учурду мисал алып алышпаса, ошондой жаңылыштык болуп калбаса деп чочулайм. Калыптана элек өлкөлөрдө ошондой жаңылыштыктар болуп калышы мүмкүн.

Булак: Би-Би-Си кыргыз кызматы

Айбат гезити №106



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru