Айбат » Милан Турпанов, Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти: “Шахмат дүйнөсүнө киргениме ата-энемдин салымы абдан чоң”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Милан Турпанов, Кыргызстандын Шахмат федерациясынын президенти: “Шахмат дүйнөсүнө киргениме ата-энемдин салымы абдан чоң”

Милан Турпанов“Кыргыз деп соксун жүрөгүң, Кыргыз деп өтсүн өмүрүң” дегендей,  Кыргызстанда мекени үчүн күйгөн эр азаматтарыбыз көп болсо анда биздин мамлекет эң өнүккөн мамлекеттердин катарында татыктуу ордун ээлеп турат эле да. Бул сөздөрдү айтып жатканымдын себеби, бүгүнкү биздин коногубуз мекен деп жашап, эли үчүн күйгөн  жана шахмат федерациясынын жетектеп көптөгөн ийгиликтерге жеткен Милан Турпанов  болмокчу.

 

- Ассалоому алейкум Милан мырза

-Алейкум ассалам.

-Ар бир адамга өзүнүн киндик каны тамган жери улук болот эмеспи. Сиздин улук жериңиз?

– Мен бул жерликмин, мага бул жер улук, мен бул жердин кулунумун деп айтуудан алысмын. Анткени,  мен кыргыздын кулунумун деп эсептейм, мага Кыргызстандын жети дубанынын ар бир тоосу, ар бир тамчы суусу мен үчүн улук болуп саналат. Мен Кыргызстандыкмын, төрөлгөн жерим Бишкек, ушул Кыргызстандын  борбору болуп саналган, көп улуттагы адамдардын башын бириктирген Бишкекте чоңойдум.

- Бал татыган балалыгыңызга кайрыла кетсеңиз?

– Балалыгым жакшы маанай жана сиз айтып кеткендей бал татып өттү десем жаңылышпайм. Негизинен, менин балалык кезим  5 кичирайондо, Төкөлдөштө, Туңгучта өттү. Көп көчүп жүргөндүктөн ушул райондордо балалык сезимдерим калды. 9  класска чейин  №5 мектептен билим алдым андан кийин атамдын ак эмгеги менен Туңгучтан үй алып калып билимимди Туңгучтан бүтүрдүк. Жалпылап айтканда балалыгымды кудайга шүгүр өткөрдүм.

Милан Турпанов- Шахматка качан жана кандай болуп кызыгып, ойноп калдыңыз?

– Шахмат дүйнөсүнө киргениме ата-энемдин салымы абдан чоң жана ошол менин кымбат адамдарым себеп да болуп берди. Биз Төкөлдөштө жашап жүргөндө , анда мен 5 жашта элем, көчөдө балдар менен  чүкө ойноп бүткөндөн кийин, атам кошунасы менен шахмат ойноп жатканда тизесине отуруп алып ойногондорун  көргөндү жакшы көрчүмүн. Атамдын атаандашы туура эмес жүрүп койсо мен атама  “туура эмес жүрдү “ деп айтчумун.  Атам менен апам шахматка болгон кызыгуумду байкап мени чыгыш беш кичирайонуна “Алтын ачкыч” деген секцияга мени жаздырып коюшкан. Мына ошол жерден менин шахмат дүйнөсүнө болгон  алгачкы кадамдарым башталган.

- Шахмат боюнча эң алгачкы жеңишиңиз жана калган ийгиликтериңиз менен бөлүшө кетсеңиз?

– Мен алгач жетиге чыга элек кезимде  “дворец пионери” дегендин биринчилигинде биринчини алгам. Сабирова, Острый деген  биринчи машыктыруучуларымдын эмгеги аркылуу профессионалдык шахматка өтүп, жаш өспүрүмдөр арасында он жолку чемпион болдум.  Андан кийин шаардын, спартакиаданын эки жолку чемпиону жана 2001-2002 жылы эркектер арасында эки жолку чемпион болдум.

- Шахмат ойноо аркылуу кайсы мамлекеттерге бара алдыңыз?

–  Мен көптөгөн мамлекеттерде боло алдым, анын ичинен кошуна мамлекет Казакстан, Өзбекистан, Таджикистан, Ленинград  да боло алдым. Ал эми сырткы мамлекеттерди айта кетсем Катар, Венгрия, Испания, Түркмөнстан, Норвегия, Индия  жана башка мамлекеттерде болдум .  Бул өлкөлөрдү көргөнүмө шахмат  себепкер болду десем болот.

- Сиз бала чагыңызда ким болсом деп эңсечү элеңиз?

– Ачыгын айтсам мектепте мугалим балдардан сураса ар кими ар кайсы кесипти айтчу. Менден сураганда “мен билбейм” деп айтаар элем.  Мына азыр кудайга шүгүр элдин чоң колдоосу менен шахмат федерациясын 2013-жылдан бери жетектеп келем. Кандай гана кесип болбосун татыктуу жана таза иштеш керек деп ойлойм.

- Шахмат федерациясы жөнүндө кеп кылып калдык. Ушул кесибиңизден кандай жакшы ийгиликтерге жете алдыңыздар?

-Биздин балдар август айларында  Норвегиядагы мелдештин “С” группасынан алтын медаль алып келишти. Мени аябай кубандырган  медаль тапшырып жаткан учурда биздин балдар баштарына ак калпак,  колдоруна кыргыздын желегин көтөрүп чыгышканы болду. Кыргызстандын тарых беттерин алтын медаль менен ачып жатышат. Мындай мүмкүнчүлүк  Төлөгөн тегин Семетей, Асылбек Абдыжапар, Маматов Мелис жана Болот Такырбашевдер ээ болду. Ушул төрт жигитибиз желегибизди желбиретип элибизди, жерибизди кубантып 174 мамлекетке бизди даңазалап келишти. Мындан тышкары Төлөгөн тегин Семетей 750 оюнчунун арасынан 10 мыкты оюнчунун катарына кирди. Бул балдарга алкыш жана даңк.

Милан Турпанов- Милан Мырза келечекте шахмат менен эле кетейин деп жатасызбы же саясатка  аралашайын деген ойлор  барбы?

-Саясат десе эле биринчи эле бийлик деп түшүнүп калбадыкпы. Азыр Жеңиш Молдокматов жетектеген “Калыс” саясий кыймылы менен биздин “Ак санат” партиясы экөө биригип, мамлекетке пайда алып келип, элди ойготуп элге түз багыт бергенге иш аракет кылып жатабыз. Эң негизги максат, башкалардан айырмачылыгыбыз биз бийликке эмес элге чыгып жатабыз. Анткени чыныгы элдик бийлик орноткондо чыныгы мекен үчүн күйгөн эр азаматтар бийликке келип адилеттүү, түз, мамлекеттин бүтүндүгүн жана жаркын келечек тартуулай турган эр азаматтар чыгат деп ойлойм.

- Жаштарга болгон кеңешиңиз

– Жаштар биздин келечегибиз болуп саналат. Мен жаштарга айта турган кеңешим бул дүйнөдө бизге эң кымбат адамыбыз болгон ата-энелерибизге кайрымдуу болуп, алардын көзү тирүү кезинде аларды барктай билип, аларды сыйлап ыраазычылыгын алсаңар дейт элем.  Ошондой эле, бир туугандарыбызды, мекенибизди, элибизди даңктап, алардын камын ойлогон эр азаматтардан болгула демекчимин.

- Убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңизге чоң рахмат

– Силерге да чоң рахмат,  ишиңерге ийгилик  каалайм.

Жыргал БЕРДИБЕК уулу

Айбат гезити №106



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru