Айбат » Машинени кантип кышка даярдап, жазга аман-эсен чыгарабыз?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Машинени кантип кышка даярдап, жазга аман-эсен чыгарабыз?

Авто айдоочулар өз машинелерин кеминде эле 2 режимде айдашат: жай жана кыш. Эксперттер жана көп жылдан бери шоопур болуп жүргөндөр машинени мындай режимге бөлүп айдаганы туура эместигин айтышат. Анткени жайдын күнү дөңгөлөктүн шинасы жумшак жана жер кургак болгондуктан, унааны токтотуу жолу кыска болот. Ал эми бул режимге көнүп алган айдоочу, кышында күн суук болгондуктан дөңгөлөктүн резинасы дагы тоңуп, көп-көк эле муздай болгон жолдон токтоно албай аварияга учурашы мүмкүн. Ошондуктан машинени ар дайым бир калыпта, машинелер аралык интервалды сактап, жол эрежесин бузбай айдоо зарыл. Кыштын суугунда машине айдоого өзүбүздү даярдадык, эми темир тулпарыбызды кантип даярдоо керек?

BMW M6 Gran coupe

Дөңгөлөк

Тажрыйбалуу айдоочулар машинелерин кышка күздүн келиши менен эле, кар түшө электе даярдап башташат. Негизинен жайкы “резинаны” кышкыга алмаштыруудан башташ керек. Эгер сиз шаар ичинде айдай турган болсоңуз, анда жөнөкөй кышкы протекторлуу шина жетиштүү. Эгер шаар четинде, трассларда айдай турган болсоңуз, протекторлору тикендүү (шипованные) шина тагуу керек. Ал эми шаарга кирип-чыгып турсаңыз, шинаны ассиметриялык протекторлору менен алганыңыз туура (шинанын сырткы жарымы асфальтта айдоого жакшы, ал эми ичкиси кар жолго). Шинаны кышкыга аба ырайы +7 градустан баштап алмаштыруу керек.

 

Майлоочу май

Майлоочу майды кыш алдында алмаштыруу жакшы. Анткени ал дагы суукта өзүнүн сапатын өзгөртөт. Майды тандоодо анын илээшкичтигине көңүл буруу керек. Суукта майлоочу май бираз суюгураак келип, илээшкичтиги төмөн болгонун колдонуу дурус. Аны менен кошо май фильтрин дагы алмаштырыңыз.

 

Антифриз

Албетте кыштын күнү радиаторго жөнөкөй суу куйуу болбойт, тоңуп, жарылат! Ошондуктан эгер радиаторуңузда жөнөкөй суу болсо, дароо антифризге алмаштырыңыз. Антифриз – грекчеден “тоңго каршы” дегенди билдирет. Ал түсүнө жараша бөлүнөт жана сары, кызыл түстөгүлөрдү бири-бирине аралаштырууга болбогон болсо, көгү менен жашылын бири-бирине аралаштыра берсе болот. Антифриз куйуунун алдында, муздаткыч системаңызды тазалатып алыңыз.

 

Тормоз

Эгер мүмкүн болсо тормоз колодкаларын карап, алмаштырууга жетип калса дароо алмаштырыңыз. Колодканы алмаштырып жатып цилиндрге көңүл буруңуз, майланышып калса, анда манжети кеткен, аны да алмашытыруу керек. Токтоо (стояночный) тросту тарттырып койуңуз. Тормоз майын деңгээлинен төмөн түшүрбөй, толуктап коюңуз.

 

Электроника

Аккумулятор болжол менен үч жылда бир алмашылат. Тандоодо сапатына көңүл буруп, жакшысынан каражатыңызды аябаңыз. Аккумулятордун сапаты машинеңиздин жүрүшүнө түз таасир этет. Клеммаларын тазалап коюңуз. Генератордун кайышында (ремень) жараңка же башка дэффект болбой, майланышпаган болушу керек. Эгер ушулардын бири эле болсо, кайышты алмаштыруу керек. Сөзсүз түрдө от алдыруу свечаларын карап, керек болсо жаңыртыңыз. Муздатуу системасынын термостатын кароону унтпаңыз. Ал эми жылытуу системасын кышка даярдап албасаңыз, сиздин ден-соолугуңузга доо кетээри талашсыз.

 

Дворник

Эски дворниктерди кыш алдында сөзсүз алмаштыруу керек. Анткени ал тоңдо айнекти чийип, так калтырышы мүмкүн жана ошол себептен жол начар көрүнүп, кырсыка учурооңуз толук мүмкүн.

 

Антикоррозиялык химикат

Кыштын күнү шаар ичиндеги жолдорго музга каршы туз, кум же реагент төгүшөт. Ал эми алар жегич (щелоч) болгондуктан, сиздин машинеңизди да дат жеп, чиритиши мүмкүн. Ошондуктан шартыңыз болсо, машинеңиздин алдын антикоррозиялык (коррозия – орусчадан – дат) химия менен жуудуруп коюңуз.

 

Машинеңизге кышында керектүү оокаттар:

Ээритүүчү зат – көбүнчө машинеңиздин замогу тоңуп калганда керектелет. Эгер бул химикатты алгыча замогуңузду тоңдуруп алсаңыз, замоктун тешигин фендин ысыгы менен кактасаңыз, ачылат.

Кыргычы бар щетка – кузовду кардан тазалоого керектелет. Машинеңиз гаражда турса жакшы, бирок гаражды дайыма эле жаныңызга алып жүрбөйсүз да ;)

Борту бийик резина коврик – кышында чыла болуп, жер эзилгенде таманыңыздагы менен машиненин полун булгабоого жакшы. Антпесе кышында суу болгон пол кургабай, чирийт.

От алдыргыч зым (прикуриватель) – аккумуляторуңуз отуруп калса, биринчи дал ушул зым керек болот. Ал калың, узун жана сырты резина менен катталган жезден болушу керек. От алдырууда заряды бар машинени от алдырып койуу керек, антпесе анын да аккумулятору отуруп калышы мүмкүн.

Трос – сактыкта кастык жок дейт, сизге керек болбосо да, башка айдоочуга жардамыңыз тийиши мүмкүн. Трос 3 метрден кыска эмес жана бекем болушу керек.

 

Бетти даярдап, жасаган: Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №106




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru