Айбат » Тата Улан маскасын саясатка келгенде чечеби?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Тата Улан маскасын саясатка келгенде чечеби?

Тата Улан- Ассалоому алейкум Улан мырза, ден-соолугуңуз, иштериңиз жакшыбы?

– Алейкум салам, Аллага шүгүр, бары жакшы.

- Көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз, бут тозуулар болуп жатабы?

– Ошондой окшойт, бут тозгон адам айтпайт экен да, “мына мен тозуп жатам” деп. Ошондуктан тыюу салынбаган жерлерде гана чыгып жатам.

- Ырларыңыздын көбү абдан курч, кыргыз эли, жери үчүн күйгөндөйсүз, саясатка келейин деген оюңуз жокпу?

– Ошол саясатка жолотушса… Чынында саясатта болсом бир топ чоң реформаларды кылмакмын. Кыргыз – деп күйгөн адам болуп, кыргыз деген гана адам Кыргызстандын жашоосун оң жагына жакшыртат.

- Чоң саясатка чакыруулар боло элекпи?

– Болгон, марионетка катары, элди чогултуп бер дегендей эле… Негизинен эле мен азыркы саясат менен бардык жагынан макул эмесмин. Мисалы: бажы биримдигине кирели деп жатабыз, а бирок ал жакта бизди эмне күтүп турат?… Мал чарбабыз өнүгөт, кичи өнөр-жай, тигүүчү тармак өнүгөт дейбиз, а бирок ошол эле матаны, ийне жибине чейин Кытайдан алып жатпайбызбы… Экинчиден стратегиялык объект болгон “Кыргыз газын” сатып, башка өлкөнүн башкаруусуна берип койгонубуз абдан өкүнүчтүү. Бул айла жоктун иши дешээр, бирок менимче бул өз үйүмдөгү сууну кошунама сатып, “мен сантехниканы түшүнбөй, иштете албай жатам, мага керектүү малда сууну ачып-жабып берип турчу” дегендей болуп калды.

- Акыркы убактарда кимге нааразысыз да кимге ыраазысыз?

– Даана тигил же бул деп айткым келбейт, бирок азыркы жаштар чыгып жатканы кубандырат. Саясатта ичип-жеп, кыргыздын камын ойлобой, өз чөнтөгүн ойлогондор толтура. Ал эми Кыргызстандын жашоосун оңунан буруп, чындап актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүп чыгып жаткан жаш жигиттерге алкыш! Мага бут тозуулар болсо да, ошол патриот жигиттерге бут тозуулар болбой, иштери илгери болсо экен. Мүмкүн ошол жаштар бийликке келгенде, мен дагы саясатка келип, аралашып калам.

- Демек саясатка келсеңиз эл алдына маскаңызды чечип чыгасызбы?

– “Саясатта жана соодада достук жок” дейт, ал эми масканы убагы келгенде көрөбүз. Акча жана бийлик үчүн жашабай, артыбыздан жакшы нерселерди калтырып кетсек деген үмүттөмүн.

- Маегиңизге чоң рахмат, саламатта болуңуз.

– Алла ыраазы болсун!

Маектешкен Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №106



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru