Айбат » Кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине катталды

Кыргыздар улуттук баалулугубузду коргой албайбыз деп эле какшап келдик, мына кечээ Францияда  өткөн Юнеского чуркап жүрүп Самаков мырзабыз киргизди, мурункуда болсо, Манасыбыз менен шырдакты дагы тизмеге киргизсе кыргыз үчүн күйгөн балдарыбыз деле бар экен деп кубанып атабыз. Бул улуттук баалуулуктарыбыздын чет мамлекетке тааныштырып дүйнөдө Кыргызстан деген өлкө бар экенин билген дүйнө  элдери кубанып жатса керек. Биз сыймыктанып мактанып айта турган нерсебиз ушул Боз үй, шырдак, Манасыбыз эмеспи. Бирок, бир жагынан карап айта турган болсок, Боз үйдүн Кыргыз жана Казак болуп тизмеге киргени бул кичине азда болсо, ой жаратып турат экен, мындан 10, 20 жыл мурун киргизсек болбойт беле. Өзүбүздүн байлыгыбызды башка бир мамлекет дагы биздики деп кошо талаштырбай эле деген сөздөр чыкчудай болуп турат. Дегенибиз менен бир чети кур жалак калбай кудайдын буйругу окшойт бычакка сап жигиттерибиз бар экен. Намысты бербей дүйнөгө таанытуудабыз, кыргыздар ушу туулганынан кечигүүнүн үстүндө болот экенбиз деген сөздөргө ишенсек, чычалабай эле койсок болчудай. Бирок, кудай сүйгөн элдерденбизби айтор өзүлөрү сөз баштап киресиңерби деп суранышып, качан тарттырып ийе жаздаган калганда Манас атанын духу менен чоң мамлекеттерге таанымал болуудабыз. Эми не дейбиз Карганбек Самаков уулубуздай мекенчил мырзаларыбызга кудай өзү күч кубат берсин демекчибиз!

Боз үй

– Кыргыз жана казак боз үйлөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине катталды.

Мындай чечим 26-ноябрда ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-квартирасында өткөн материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин 9-отурумунда чыгарылды.

Отурумунда Кыргызстан менен Казакстандын биринчи биргелешкен «Кыргыз жана казак боз үйлөрүн даярдоонун салттуу эрежелери» наамы каралды.

Кыргызстан аталган наамдын демилгечиси болуп саналат. ЮНЕСКО боюнча казак тарап менен кыргыз тараптын өкүлдөрүнүн 2012-жылдагы жолугушуусунда эки номинация: «Кыргыз жана казак боз үйлөрүн даярдоонун салттуу эрежелери» жана «Айтыш, Айтыс — импровизация искусствосу» номинациялары даярдалган.

Учурда ЮНЕСКОнун Репрезентативдик тизмесинде, «Манас, Семетей, Сейтек», фламенко, Азербайжан мугам искусствосу, Нооруз майрамы сыяктуу материалдык эмес байлыктардын 282 элементи катталган.

24-28-ноябрга чейин белгиленген материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин 9-отурумунун жүрүшүндө материалдык эмес байлыктардын Репрезентативдик тизмесине 46 номинация жана шашылыш коргоого муктаж 8 номинация Материалдык эмес байлыктардын тизмесине каралат.

Материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча ЮНЕСКОнун Өкмөттөр аралык комитетинин 9-отурумуна Кыргызстандан төмөнкү курамдагы расмий делегация катышууда:

• ЮНЕСКО боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жетекчисинин орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты, Карганбек Самаков;

• Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков;

• Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков;

• ЮНЕСКО боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясынын жоопту катчысы Элнура Корчуева;

• ЮНЕСКОго караштуу Кыргызстандын туруктуу өкүлү Асеин Исаев;

• «КАКСА-kg» фондунун жетекчиси, материалдык эмес маданий мурастар боюнча Өкмөттөр аралык Комитеттин Конвенциясынын Кыргызстандан серепчиси Динара Чочунбаева;

• «Айгине» маданий-иликтөө борборунун жетекчиси, материалдык эмес маданий мурастар боюнча Өкмөттөр аралык Комитеттин Конвенциясынын Кыргызстандан серепчиси Гүлнара Айтпаева.

• ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын маалыматы: Кыргызстан комитеттин 2012-жылдан баштап 2016-жылга чейинки мүчөсү болуп шайланган.

Ошондой эле, Комитеттин Тынч-Азия аймагындагы бюросунун вице-президенти. Кыргызстандын комитетте көрсөтүлүшү өтө маанилүү болуп эсептелет. Комитеттин 24 мүчөсү Материалдык эмес маданий мурастардын тизмесине кайсы бир номинацияны киргизүү же киргизбөө тууралуу чечимди кабыл алат.

Жыргал Бердибек уулу

Айбат гезити №106



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru