Айбат » Пайдалуу кеңеш: абрикос жана ак кайың

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Пайдалуу кеңеш: абрикос жана ак кайың

АбрикосАбрикос

Кадимки өрүк. Бийиктиги 3-8м-ге жеткен роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмөлүү дарак. Анын 8 түрү бар. Алардын ичинен кадимки өрүк абдан баалуу. Аны – ден соолуктун мөмөсү дейт. Абрикостун сөңгөгүнүн диаметри 30см ден ашуун, кабыгы боз күрөң, картайган дарактарда узунунан келген жаракалар болот: жалбырактары чоң, кезектүү, жумуртка сымал, учу ичкерээк, кыры майда арадай, сабактары кызыл-кочкул. Дарак март-апрелде гүлдөй баштай, гүлдөрү жалбырактарынан мурда ачылат. Гүлдөрү бирден, чоң, мала-кызыл, бир энелик, көп аталыктан турат. 3-4 жылдык болуп жетилгенде мөмө байлайт. Мөмөсү июнь-августта бышат. Мөмөлөрү тегерек – кырдуу баркыттай сары-кызгылт, даамы таттуу алардын салмагы 10-70г. Абрикостун данеги – овалдуу-ланцеттей, уругу жалпак, мала-күрөң, таттуу же ачуу. Республикада жергиликтүү дарактардан негизги орундарды ээлейт. Бактарда өстүрүлөт. Жапайы түрү Кеминдин, Түштүк Кыргыз, Чаткал, Фергана кырларынын этектеринде өсөт.

Дүйнөдө эң даамдуу, таттуу абрикостор республиканын түштүгүндө – Баткен аймагында кеңири өстүрүлөт. Абрикоско аарылар көп келет, анын нектарынан тышкары алар чаңчасын жыйнайт.

Кадимки өрүктө 4,7-27 кант, пектин заттары, органикалык кислоталар, ийлөө заттары, аскорбин кислотасы, В1, В2, В15, Р, РР витаминдери минералдык туздар бар, каротин (А провитамини) көп. Абрикосто өзгөчө калий көп, бышкан өрүктө ал 305, кургатылганында 177мг-ти түзөт. Кургак абрикосто 75-80 кант болот. Данегинде 58-ке чейин кургабаган өсүмдүк майы бар. Мындан тышкары данегинде В15 витамин болот. Данектин ачуулугун гликозид амигдалин берет. Абрикостун данегинен абрикос май чыгарылат, анда амигдалин жоготулат.

Абрикостун мөмөсүн бышкан кезде же кургатылган түрдө жесе жакшы. Андан варенье, ширелер, компоттор даярдалат. Кургатылган, данегинен ажыратылган абрикос (курага) жогорку калориялуу болот. Аны суткасына 100-150 граммдан организмди чыңдоо каражаты катары, катуу ооругандан кийин, кош бойлуулукта, балдарга берсе сонун.

Жүрөк – кан тамыр ооруларында абрикос абдан пайдалуу. Себеби андагы калий көп болгондуктан, ал кандагы натрийдин ашыгын чыгарып, зааранын чыгышы оңолот. Кургак абрикос ич катканда ичти да жумшартат. Кургак өрүктү жөн деле жейт, же андан компот, кисель кайнатса болот, сорпо да бышырса жарпайт. Ал үчүн кургак өрүктөн 1 бөлүк , 1 бөлүк кант жана 2 бөлүк күрүч алса туура болот.

Абрикосту кургатканда 4 кг бышкан абрикостон 1 кг кургагы чыгат, көп убакыт бою сакталат. Көпчүлүк учурда өрүк күндө кургатылат. Ал үчүн абрикосторду суу менен чайкап, экиге бөлүп, данегин чыгарат. Андан кийин аларды 10-12 минутага лимон кычкылынын эритмесине салат (1 стакан сууга 2 чай кашык лимон кычкылы туура келет). Ал убакыт өткөндөн кийин калбырдай тешиги болгон идиштерге жайып, күнгө 3-4 күн кургатып, андан кийин бардыгын бириктирип, көлөкө жерде кургатат.

Абрикос темир жетишсиздигинен пайда болгон аз кандуулукта, гипо- жана авитаминоздо сунушталат. Абрикосто кант көп болгондуктан кант диабетинде жегенге жарабайт. Данектен алынуучу абрикос майы кээ бир дарыларды, бет майларды жасоодо пайдаланылат. Бышкан абрикосту косметика маскасы үчүн колдонсо жарайт.

Абрикостон чыккан чайыр кээ бир дарылардын курамына кирет. Чайырды апрель-августта жыйнайт. Желдетилген сарайларда, кабаты 2-3 см кылып кагазга жаят. Кургак сырье саргыч, тунук кесиндилер, даамы таттуу келет. Данегинин катуу кыртышы активдештирилген көмүр жана жогорку сапаттагы боёкту чыгарууда пайдаланылат.

 Ак кайың

Эл суйгөн популярдуу дарак. Анын бийиктиги 20-25м, бутактары салаңдап турат, кабыгы ак, жылма болот. Жаш кызыл-күрөң бутактары чайырлуу сөөлдөр менен капталган. Гүлдөрү эки жыныстуу, сөйкөдөй болуп чогулган. Аталык сөйкөлөрү бутактардын учунда 2-4 чачыча болуп жайгашкан. Энелик сөйкөлөрү – бирден, аталыктан эки эсе кыска, четки кыска өркүндөрдө жайгашкан. Мөмөсү – канаттуу данектер. Ак кайың апрель – майда гүлдөйт, мөмөсү август-сентябрда бышат.

Дарылык максатта негизинен ак кайыңдын бүчүрлөрү, кээде жаш жалбырактары колдонулат. Бүчүрлөрү эфир майларына бай келет. Ошондой эле, анда флавоноиддер, ийлөө заттары, чайырлар, С витамини, сапониндер ж.б. заттар бар. Жалбырактарында ийлөө заттары, чайырлар, С витамин, каротин эфир майлары, ж.б. организмге пайдалуу заттар табылган.

Ак кайыңдын бүчүрлөрү февраль-март айларында ачыла электе жыйналат. Кышында январь-февралда да жыйнаса жарайт. Ал үчүн жаш бутактарын кыйып алып, аны боолоп, караңгы жерге бүчүрлөр барсайганча сактап, кийин 3-4 жума кургатат. Андан кийин ал боолорду таптап, бастырып, силкип, же бүчүрлөрдү терип алып, ар кайсы кошундулардан тазалап, кагаз пакеттерге салып коёт. Бүчүрлөрдүн сактоо мөөнөтү – 2 жыл.

Ак кайыңдын бүчүрлөрү негизинен заара айдама каражаты катары табарсык сезгенгенде, ак шишикте, өт баштыкчасы менен өт жолдорунун сезгенүү ооруларында, тердетүүчү, жаратты айыктыруучу каражат катары колдонулат.

Ак кайыңдын жалбырактарынын таасири анча күчтүү эмес. Жалбырактарды ак кайың гүлдөгөндө терсе сонун, алар ошол убакта жыттуу, жабышкак, микробдорду өлтүрүүчү фитонциддерди көп чыгарат. Аларды тез эле кургатуу зарыл. Ак кайыңдын ширеси таттуу жагымдуу келет. Ал эрте жазда кар ээриген кезде 15-20 күндүн ичинде алынат. Дарактын сөңгөгүн стамеска менен үч бурчтуу тешик кесип, анын жогорку бурчун ылдый каратып чыгарат.

Ага калайдан кобулча киргизет. Ширени алгандан кийин дарактагы жараны мырза карагайдын чайыры, мом, пластилин менен чаптап коет. Диаметри 25-30см болгон ак кайыңдан орто эсеп менен суткасына 40-45л шире алса болот. Саат 12 ден 18-ге чейин ал көп чыгат экен. Ширени токойдо кыюу пландаштырылган ак кайындардан алса болот. Ичке, жаш ак кайыңдардан шире чыкпайт.

Ак кайыңдын ширесинде фруктоза, органикалык кислоталар, витаминдер, микроэлементтер ж.б. пайдалуу заттар бар. Өзгөчө жаз айларында мындай заттар организмге өтө керектүү. Ошондуктан ак кайыңдын ширесин системалуу түрдө ичсе ал организмди чыңдап, тонусун жогорулатат. Ак кайыңдын ширеси витаминдердин жетишсиздигинде, бронхитте, туберкулездо, ревматизмде, бөйрөк менен табарсыкта таш пайда болгондо, аз кандуулукта, ангинада, чыйкан чыкканда, ак шишикте сунушталат.

Ак кайыңдын ширеси менен башты жууганда чачтар түшпөй калат жана өсө баштайт. Косметика өндүрүшүндө ак кайыңдын ширеси лосьондорду чыгарууда пайдаланылат. Бетке безетки чыгып же анда пигменттүү темгилдер пайда болсо, бетти ак кайыңдын ширеси менен аарчып турса жакшы болот.

Ак кайыңдын бутактарынан шыпыргы жасап, мончодо колдонсо булчуңдар, муундар ооруганда жардам берет жана бутактагы жалбырактардан чыккан жыпар жыттуу ис организмди чыңдайт, сеп алдыртат, дем алуу органдарына жакшы таасир этип, какырыкты чыгарууга жакшы жардам берет.



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru