Айбат » Романтика, поэзия жана искусствонун мекени – Париж

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Романтика, поэзия жана искусствонун мекени – Париж

Ар бир өлкөнүн өзүнө жараша символдору, руханий дүйнөсүнүн капкалары, ал капкаларды ача турган маданий коддору бар деп келебиз. Маселен, Париж – Франциянын символу да, тарыхы да, маданий коду да десек болот. Париж шаары Франциянын борбор калаасы. Бирок көпчүлүк Парижде болуп келген элдер айтышат, “Парижде жүрсөң дүйнөнүн борборунда жүргөндөй болосуң” деп. Чындыгында Париж аябай кооз шаар. Бул кереметтүү романтикалык шаар, бүткүл дүйнөлүк коомчулук тарабынан “дүйнөдөгү эң кооз шаарлардын бири деп табылган. Бүгүнкү саякатыбыз париж шаарына болмокчу.

Париж_Эйфелева башня

 

Париж

Европанын эң элеганттуу, романтикалуу, поэзиянын жана искусствонун мекени аталган Париж шаары Иль-Де- Франс аралынын түндүк тарабында, Сена дарыясынын жээктеринде жайгашкан. Париж шаары биздин заманга чейин III кылымдарда кельт уруусу тарабынан түптөлүп, «Паризия» деп аталчу. Ал кылымдарда Паризияны жалаң римдиктер байырлаган. Кийин V кылымдын башында римдиктер менен немистер ортосунда кандуу согуш болуп, Паризия шаары талкаланып, римдиктер Сена аралынын түштүк тарыбына көчүшөт. V кылымдын аягында гана Паризия шаары Хильдерк хандын күчү менен тургузулуп, Париж аталып калган. Бул улуу шаар тууралуу нечен романдар, музыкалык чыгармалар жаралды, тасмалар тартылды. Дагы тартылат

 

ПарижТУРИСТТЕРГЕ ЭСКЕРТМЕ

Париж шаарына барып калсаңыз, бул жерде айтылган, шаардын башкы сыймыктарына айланган жерлерди арманда калбай көрүп койгонуңуз пайдалуу.

1. Эйфелева мунарасы эске келери анык. Эйфелева мунарасы бир гана Париждин эмес, бүтүндөй Франциянын сыймыгы жана символу. Аталган мунаранын жанынан туристтер такыр үзүлбөйт, мунарага кирүү 14,5 евро (биздин акчага алмаштырганда 960 сом) турат.

2 Лувр музейи. Лувр музейи байыркы жылдары француз монархтарынын резиденциясы болгон. Кийинчерээк нечен тарыхты, байлыкты камтыган эң баалуу музейге айланган. Лувр музейинен музага айланган Моно Лиза, Венера, Марианна, айтор, бүт ханайымдардын портретинен тарта буюмдарына чейин көрө аласыз. Баса, дал ушул музейде легендарлуу сүрөтчү Павло Пикассонун экспонаттары да сакталган. Лувр музейин бир тегеренип, суктанып чыкканга болгону 11 евроңузду коротосуз.

3. Елисей талаасы Шансондун мекени. Дүйнө жүзүндөгү эң узун жана кооз көчөлөрүнүн бири. Елисей көчөсү – Париждин соода-сатык борбору десек жарашат. Анткени атактуу эң кымбат бренд дүкөндөрү, ресторандар, ири компаниялар дал ушул Елисей көчөлөрүнөн орун алган.

4. Монмартр районунда белгилүү сүрөтчү, жазуучу, артисттер жашашкан. Атагы таш жарган мода дүйнөсүнүн негиздөөчүсү Коко Шанель, сүрөтчү Пикассо, Мерлин Монро, айтор, биртоп жылдыздар ушул көчөдө жашаган экен. Салтты улай, учурда дагы Монмартр районунда жалаң белгилүүлөр жашайт.

Бул жерлер Париждин айрым гана туристтик аймактары. Шаардын мындан башка акылга сыйбас кооз жерлери да бир топ.

 

КАЛКЫ, САНЫ ЖАНА ДИНИ

Парижде 2,3 миллион адам, ал эми шаардын чет жактагы айылдарында 12 миллионго жакын адам отурукташкан. Алардын 350000 адамы чет жактан келген иммигранттар. Иммигранттардын көбү Марокко, Алжир, Португалия, Кытай жана башка жактан келген коноктор. Дин боюнча – калктын 80 христиандар болсо, 20 – мусулмандар.

 

ТРАНСПОРТ

Шаар тургундарынын көпчүлүк бөлүгү метролордо катташат. Метролор шаарда 1900-жылдары эле каттай баштаган. Парижде эки эл аралык “Шарль Де Голь” жана  «Орли” аэропорттору  бар. «Шарль Де Голь»  аэропорту 1974-жылы ачылган. Учурда аэропорт бир жыл ичинде 50 миллионго жакын кардарларды тейлейт. Мындан сырткары, шаар ичинде 8 темир жол вокзалы кызматта. Алардын төртөөсү Лондон, Брюссель, Кельн шаарларын жана Франциянын чыгыш, түштүк тараптарын бириктирип турат.

 

Париж_ашканаАШКАНА

Иттин эти корейлердин улуттук тамагы болсо, француздардыкы баканын эти экен. Кадимки баканын санын түркүн соустар менен кууруп, аны томат соусу менен тамшанып жешет. Бул тамакты алар «баканын колдору» деп коюшат экен. Негизи француздар деңиз азыктарына жакын келишет, ошондон улам дагы кайсы гана ресторан-кафелеринде болбосун, тамак сунуштамынын (меню) 80 устрица, креветки өңдүү деңиз азыктары түзөт. Париж ашканасы быштактын (сырдын) борбору. Бир гана ресторандарында эмес, бүт дүң-дүкөн, бутиктеринен тарта, быштактын 1200 түрү сатылат. Быштак менен кофе ичип, деңиз азыктары менен винодон ууртап отуруу –  француздардын көнүмүш адаты, салты десек болот.

 

Кызыктуу фактылар:

•Париж шаары 2000 жыл мурун пайда болгон. Азыр ал эң көп эл каттай турган дүйнөдөгү шаарлардын бири. Жылда бул жакка 25 миллиондон ашык туристтер барышат.

•Өз убагында Эйфелев мунарасы кээ бирөөлөрдү кубанта албачы. Анткени, Александр Дюма, Ги Де Монассан, Париж архитектору Шарль Гарнье, Леконт Де Лиль жана башкалар “Эйфелев мунарасы Париждин Кооздугун бузат”, деп кагазга кол коюшкан.

•Парижидин эң көп барган жери –бул Эйфелева мунарасы эмес (жылына 5,5 миллион туристтерге жакын), Лувр да эмес ( 5 миллион), бул Диснейленд болуп саналат, ага жылына 13 миллион туристтер барат

•Париждиктер иттерди жакшы көрүшөт жана статистика боюнча шаарда төрт буттуу достор балдарга карганада көбүрөөк.

•Париждеги метро дүйнөдө адамдарды ташуу боюнча саны жагынан алтынчы орунду ээлейт.

Айбат гезити №106




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru