Айбат » Достуктан сүйүү жаралбайт! Же жаралабы…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Достуктан сүйүү жаралбайт! Же жаралабы…

Герой моей деаушки_027-ноябрь күнү Бишкектеги кинотеатрлардын биринде “Герой моей девушки” тасмасынын бет ачары өттү. “Салам, Нью-Йорк!” фильминин жаратуучулары тарабынан тартылган комедияны көрүү үчүн кыргыз шоу дүйнөсүнүн өкүлдөрү келишти.

Башкы каармандардын образын “тамашоучу” Жеңиш Майрамбек уулу жана казакстандык актриса Алия Телебарисова аткарган.

Герой моей деаушки_01Тасмада архитектура бөлүмүндө окуган студенттин бардар жашоого умтулуусу чагылдырылган. Баш калаада үй, машина, ийгиликтүү жумушка жетиш үчүн оңой жолду тандаган Тилек чогу окуган байдын кызы менен достошо баштайт. Окуу жайдагы эң сулуу кыз менен достошуп, анын сүйүктүүсүнө айланууну максат кылган башкы каарман сырдашып, ойноп-күлүп жакындашат.

Бул арада кыздын жүрөгүн багындырган ары сырдуу, ары күчтүү, аракетчил жигит пайда болот. Тилек дос кызы менен сырдуу жигиттин мамиле түзүүсүнө жол бербештин айласын издеп убара…

Бир эле тасмада көрүүчүлөр Жеңиш Майрамбек уулун төлгөчү, күйөө жолдош, селсаяк, саясатчы, кошоматчы курбу, ботаниктин образында көрө алышат. Ал эми кинонун аягы кандай бүтөт, келип көрүп кетиңиздер;)

Герой моей деаушки_02Премьера алдында кино жаратуучулар кичи конкурс уюштуруп, чакыруу билетин ойнотушту. Утушка ээ болуп, премьераны дос кызы менен бирге көрүп кеткен Самат:

Бул тасма мага абдан жакты, баардыгы өз ролдорун жакшы аткарышыптыр, жана актёрлор менен актрисаларды жакшы тандашкан. Азыркы жашоо, жаштардын жашоосу туура көрсөтүлүптүр. Тамашалары абдан күлкүлүү экен, мага абдан жакты. Руслан Акун мыкты жигит жана тасманы мыкты тартыптыр. Ыраазымын жана дагы жакшы тасмаларды жарата беришин каалайм.. ийгилик! – деп өз оюн билдирди.

Герой моей деаушки_03Продюсерлер дагы бир белек кылып, кино-премьерага балдар үйүнөн эки жүздөн ашык жаш бөбөктөрдү чакырышыптыр. Алардин бири Ринат аттуу көрөрман:

Кино абдан жеңил, күлкүлүү, бирок ошол эле малда маанилүү экен – деп, кино жаратуучуларга, жана көргөзмөнү уюштургандарга рахматын айтты.

Герой моей деаушки_04Фильмдин режиссёрлору Руслан Акун жана Чолпон Бөрүбаева. Тасманы тартуу идеясы “Тамашоунун” негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев менен режиссёр Руслан Акунга таандык. Сюжетин Жеңиш Майрамбек уулу менен Бакыт Осмонканов иштеп чыкса, Сергей Кролевич киного ылайыкташтырган. Жанры комедия, ал эми бюджети $75’000.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №106



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru