Айбат » Бакиевдердин караанынан “кагылып” турган Улугбек Ормонов

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Бакиевдердин караанынан “кагылып” турган Улугбек Ормонов

Улугбек ОрмоновКанкор Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусу урап, 2010-жылдагы чыныгы Элдик революциянын болуп өткөнүнө туура төрт жылдан ашты. Бирок, эски «шефинин» учурунда «гүлдөй жан» болгон жашоосун унута албай, экс- «акжолчу» депутат Улугбек Ормонов маал-маалы менен маалымат булактарына Бакиевдерди, ага кошуп Данияр үсөновду кыйытып мактамайын токтотпой келет. Баарынан кызыгы ал 2005-жылдагы март ыңкылабын революция атап, ал эми 2010-жылдагы 7-апрель революциясын төңкөрүшкө айлантып койгондугунда болууда. Анын оюнча 2005-жылы март айында эл Ала-Тоо аянтына куралы жок келген, 2010-жылы болсо курал менен барыптыр. Акаевдин заманы ураганга чейин саясат менен иши жок жүрүп, жыйырма жылдан ашуун бир эле «Дастан» заводунда иштеп келген Улугбек мырзаны Бакиевдин доору көкөлөтө көтөрүп, болгондо да туптуура эле парламенттеги «Ак жол» фракциясынын лидерлигине алып барып койгону Ормоновдун өмүр бою эсинен кетпейт өңдөнүп калды. Ошондон улам дагы куралы жок чыккан карапайым элди курал көтөрүп чыккан деп каратып туруп калптын казанына от жагып атпайбы. Анан дагы кайсыл жерде ызы-чуу башталса ошол жерде Улугбек мырзанын кулагы көрүнөт. Жалаң Бакиевдин казанынан аш жеп калган саясатчыларды коргоо менен алек. Ташиев Ак үйдүн тосмосунан ашып түшүп, аласын жыртып атса да аныкын туура дейт. Келдибековдун тарапташтары кан жолду айлап тосуп, жалпы кыргыз элинин турмушун оорлотуп атса дагы, кош колдоп колдойт. Эгерде өз элинин чыныгы патриоту болгон болсо элди мыйзамсыз кадамдарга түртпөстөн, тескерисинче мыйзамды сыйлоого чакырат эле. Баса, ал өзү айтып кеткендей Бакиевдин дооруна чейин эле бутуна туруп алган. Бүгүнкү күндө ага караштуу Ош шаарында соода комплекси, Өзгөндө рестораны, алардан тышкары дагы 2-3 компаниясы бар. Бул өзүнүн айтуусу боюнча гана. Демек, ага ошол маалда бир гана бийлик жетпей турган. Анан ал максатын Курманбек Бакиев жүзөгө ашырып бергени үчүн ушул күнгө чейин ыраазычылыгын жашыра албай келатат. Бирок, эң башкысы ошол бийлик өз элине кандай камкордук көрдү эле, өз элинин жашоосу үчүн күрөштүбү, же өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгы үчүн күрөшүштүбү? Кыязы бул суроолор менен Ормонов ойлонуп да койбойт. Ал эми жогоруда өзү айткан байлыктарын дагы кандай жолдор менен тапканын бир өзү, анан Кудай билет. Балким укук коргоо органдары иликтеп көрсө, иттин «өлүгүн» табышы да мүмкүн. Себеби ал коррупцияга шектелип камакка алынган Акматбек Келдибековду коргоо комиссиясын да түзө калып, элибиз коррупцияга каршы күрөшүү ниетинде турса, бул элге каршы аракетин жасады. «Карга карганын көзүн чукубайт» демекчи, ал бүгүн Келдибековдун башына түшүп турган көйгөй эртең өзүнүн башына да түшүп калышынан чоочуркады окшойт. Акыры кимдир-бирөөлөрдөн колдоо алышы керек да? Баса дагы баса белгилеп айтып коючу нерсе, Улугбек мырза кримчөйрөсү менен да алакасы бар экендиги тууралуу буга чейин эле жазылган. Мындан бир-эки жылча мурун «Бишкек эйр» авиакомпаниясынын ээси, россиялык кылмыштуу топтун мүчөсү Алексей Янчуг Дубай сотунун чечими менен өлүм жазасына тартылганда Улугбек мырза» Кыргызстандагы «Бишкек эйр» – бул менин компаниям» деп барып анын Бишкек шаарындагы Киев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги офисин ээлеп алганы тууралуу жазылган. Мына ушундайча крим чөйрөсү менен катыштыгы бар Улугбек мырза, канкор Бакиевдердин бийлигин сагынганды качан токтотоор экен деп элибиз жүрөт күтүп. Болбосо, элдин нааразычылыгы чегине жетсе, Ормоновду Бакиевдердин артынан кууп жиберүүгө чейин барышы мүмкүн…

Айбат гезити №107




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru