Айбат » Аудит болбой аңга түш

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Аудит болбой аңга түш

АудитМен сиздерге кайрылуумдун себеби, ушул жылы 14-25 октябрда Республикалык эсептөө палатасы Маевка айыл аймагын текшерип кеткен, текшерүүнүн жыйынтыгы 218700 сом так жазылган эмес.Ким дер жегенин азыркы убакка чейин маалымат алалбай келебиз. Ушул акча кумга сиңгендей жок болуп жатат? Сөз башынан болсун “Өмүр Булагы Елена”(кыскартылып  СООППВ) 20.03.2008 жылы чогулуштун токтому менен 23,50 тыйынга ар бир жаранга айына бекиген таза суу үчүн. Ушул суммага баардык  чыгашалар камтылган. Бирок, айыл өкмөт 2013-жылы СООППВга 218700 сом эч негизсиз которулган. Ырааматылык СССР деген улуу державанын  башчысы В.И Ленин айткан экен;-“страны могут управит даже кухарки”-мамлекетти ашпозчу деле башкара алат деп: Ошол ашпозчу Алиев Руслан Якубовичке окшош. Айыл башчысы болуп иштегенден бери колундагы чөмүчү менен жерлерди аралаштырып, аралыштырып каалаганча сата берет, анан текшерип келгендерге деги койчу ким гана келген жок: прокурор райондук комиссия, ак үйдөн, эсептөө палатасы ж.б. качан бизге так жооп бере турган айыл өкмөткө жарыйбыз? Аламүдүн райадминистрациясына барсак Касымбеков Манас Рыскулович аппарат жетекчиси тозуп алды көйгөйдү айтсак жардам бере албастыгын айтты. Бул адамдан сиздин негизги кызматыңыз кандай? Эмне иш менен алексиз деп суроо берсек .- “Эл менен бийликтин ортосундагы көпүрөмүн” деп тартынбай жооп берди. Бул кандай көпүрө? асма көпүрөбү? деп элдерден сурак жүргүзө бердик. Анда бир аттуу баштуу  адам ошол көпүрө болбой кара жерге кирсин. Айыл өкмөттөрүнөн акимге  кошелек таштаган неме дейт. Бул сөздү укканда полковник экөөбүз бир мезгилде бири-бирибизге опокшош  болуп тилибизди чыгарып алакандарды тарс чаап, андышкан бойдоктонуп туруп калыптырбыз. “Манастын атын жамынып алып,кошелек ташып жүргөн Манастын жолу болсун!”

Маевка коомунун жетекчиси Молдалиев К.Ж

Айбат гезити №107




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru