Айбат » Оозу менен демократияны сүйлөп, колу менен сөз эркиндигин муунткан Бейөкмөтчүлөр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Оозу менен демократияны сүйлөп, колу менен сөз эркиндигин муунткан Бейөкмөтчүлөр

Бурул МакенбаеваСөз эркиндиги дегенди – жалаң батыштын саясатын мактап-жактап, анын атаандаштарынын жүргүзгөн саясатын көөлөп жазуу деген түшүнүк менен алмаштырып алгандарын Кыргызстандагы Америкадан каржыланган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү тастыктап чыгышты. Акыркы учурларда өлкөбүздүн Бажы биримдигине карай кадам таштоосу коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып келген. Басымдуу бөлүгү ага кирүүнү туура деп тапса, айрымдары ага каршы чыгып келет. Албетте, муну сөз эркиндиги катары баалап, алардын каршылык аракеттерине эч ким эч кандай чара көргөн жери жок. Бирок алардын дарегине карата айтылган сын макалаларга карата бейөкмөтчүлөр катуу чычалап, Кыргызстандагы сөз эркиндигине карата катуу чабуул жасай башташты. Маселен, буга чейин орус тилдүү «Дело №…» гезити жарыялаган «Оппозицияда Кыргызстанда бийликти басып алууга даярданып атабы?» деген макала үчүн бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү  Бурул Макенбаева, Динара Ошурахунова жана ЖК депутаты Равшан Жээнбековдор нааразы болушуп, ага карата чара көрүү үчүн ММК үстүнөн даттанууларды кароочу комиссияга кайрылышкан.

Бейөкмөтчү Бурул Макенбаева бул макалада «менин жарандык позициямды маскаралоо бар, жалган маалыматтар дагы бар» деген дооматтарын аталган комиссия терең иликтөөгө алган. Жыйынтыгында эч кандай маскаралоону да, жалган маалыматты да таба алышкан эмес. Бул туурасында комиссия төрагасы Шамарал Майчиев өзү билдирди. Макенбаева айым «жалган маалымат» деген бир тууганы Турат аттуу жарандын чындыгында эле АКШ Элчилигинде иштери аныкталган. Ал эми анын (Тураттын) Кыргызстанды Бажы биримдигине киргизбөө аракеттерин координациялап жатышы мүмкүндүгү туурасында макалада аты-жөнү жашыруун сакталган эксперттердин оозу менен айтылган.

Равшан Жээнбековдун «Менин жеке беделиме шек келтиришкен» деген дооматы боюнча комиссия азырынча тыянак чыгара элек. Бирок Шамарал Майчиев жеке өзү макаладан андай маанайды байкабагандыгын айтат. Бейөкмөтчүлөр сөз эркиндигин муунтуу аракетин ушуну менен эле токтотуп калышкан эмес. Андан кийин алар «Вечерний Бишкек» гезитине жарыяланган макала үчүн жогоруда аталган комиссияга кайрылышкан. Бул жолу Бурул Макенбаева башында турган Алмаз Алжанбаев, Марат Мусуралиев, Динара Ошурахунова, Алмаз Тажыбай жана Ильмар Касмалиев аттуу бейөкмөтчүлөр арыз жазышкан. Азырынча комиссияга тыянагын чыгара элек. Бирок, суроо туулат. Өздөрү адам укугу, сөз эркиндиги, демократия деген сөздөрдү лозунг катары көтөрүнүп жүрүшүп, эми минтип сөз эркиндигине каршы чыгып аткандары кандай? Эгерде бул уюмдарды Америка каржылаарын эске алсак, анда Кыргызстандагы сөз эркиндигине каршы чабуулду Америка жасап аткан болобу?

Айбат гезити №107




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru