Айбат » 7-апрель Революция күнү Максим Бакиев Бишкекте болгондо атасынын бийлигин сактоо үчүн колун канга кочуштап малбак беле?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » 7-апрель Революция күнү Максим Бакиев Бишкекте болгондо атасынын бийлигин сактоо үчүн колун канга кочуштап малбак беле?

Максим БакиевКыргыз элинин тарыхында канкор бийликтин тукумдары катары кылымдарга кала турган Бакиевдердин ачылган сырларынан ачыла электери дагы деле көп экендиги белгилүү болуп калды. Атасы Курманбек Бакиевдин башын чамгаракты айланткандай айлантып, бардык бийликти өз колуна чеңгелдеп алган Максим Бакиев 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте болбой калып, өксүгү ичинде калгандыгын кан досу Евгений Гуревич жар салыптыр. Тактап айтканда Филипп Шишкиндин «Тынч эмес өрөөн: Борбор Азиянын жүрөгүндөгү революция, өлтүрүү, интригалар» аттуу китебинде дал ушундай маалымат айтылат. Көрсө китептин автору апрель революциясынан кийин Евгений Гуревичке жолукканда ал «Эгерде Максим (Бакиев) Бишкекте болгондо революция болмок эмес» деген оюн айткан экен. Демек, ал Максим Бакиевдин кандай адам экендигине толук ынанган үчүн ушинтип айтканын түшүнсөк болот. Эгерде ал ошол күнү Бишкекте болуп калганда агасы Жаныш Бакиевден ашып түшүп, элди автомат менен эмес, пулемёт менен кырууга да буйрук бермек окшойт. Демек, анда 90 бала эмес, андан бир нече эсе көп мекендештерибизди жоготуп алмакпыз. Бийлик менен байлык дегенде адамдык касиетти жоготуп, адам өмүрү миллиарддаган байлыктардан, дүйнөнү башкарган бийликтен да жогору тураарын «жөөт» Максимчик кыязы таптакыр түшүнгүсү келбей калган окшойт. Ал апрель революциясынан кийин дагы канкор агасы Жаныш Бакиев менен телефондон баарлашып, бийликти кайра алуу үчүн даярдык көрүп атканын айтканы аудиожазуу аркылуу интернет булактарына чыгып кеткен болчу. Андан кийин деле Кыргызстанда калган өздөрүнүн «бакма» кадрлары аркылуу ар кандай аракеттерди көрүп келишет. Эми деле андай аракеттерди жасоолору толук мүмкүн. Бирок, акыйкаттык, адилеттик үчүн өлүмгө тике караган элибиз Максим Бишкекте болгон күндө дагы мындай канкор бийликти баары бир кубалап чыкмак. Буга Евгений Гуревич бөркүндөй эле ишене берсе болот.

Айбат гезити №107




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru