Айбат » Улутташтыруу дегенден алыс болсок

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Улутташтыруу дегенден алыс болсок

долларКумтөрдү” улутташтыруу демилгесин көтөрүп жаткан ЖК депутаттары чындыгында эл аралык арбитраждык сотко бара турган болсок, чечим чыгарганга чейин эле бюджети эптеп-септеп кармалып турган Кыргызстан үчүн кандай оор болорун ойлобой жатышкансыйт. Ырасын айтканда, кыргыз өкмөтү муну абдан жакшы түшүнөт. Себеби, буга чейинки сот процесстеринде адвокаттарды, юристтерди, котормочуларды жалдоо үчүн канча каражат кетерин абдан жакшы билип калышты. Бирок, аны жалпы коомчулуктан жашыруун кармагылары келет. Андыктан буга чейинки сот процесстеринде канча акча коротуп, натыйжасында утулууга дуушар болгондугубуз тууралу толук маалыматтарды берүүдөн тартынып келишет.

Белгилүү жагы эл аралык ири компанияларда катардагы эле юристтин бир сааттык жумушу 300-400 доллардын тегерегинде бааланат. Компаниялардын бир сааттык жумушу – 500 доллардан өйдө. Мисалга, 2009-жылы “Кумтөр” келишимин даярдоого катышкан юридикалык компаниянын бир сааттык жумушу 600 фунт стерлинг (долларга которгондо болжол менен 450-500 доллар) менен бааланган. Эл аралык сот процессинде бир тараптын кызыкчылыгын коргоо үчүн бир гана юрист эмес, бир нече юрист тартылат. Демек, ар бирине өз-өзүнчө төлөөгө туура келет. Эгерде юрист кардарынын өлкөсүнө келсе, тартип боюнча ага толук бир күндүн акчасын төлөө шарт.

Жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, түрдүү маектер, телефондогу баарлашуулар, сотко кат жазуу, документтерди иликтеп кароо, стратегияны талкууга алуу өңдүү жумуштардын бардыгына бир гана юристке жарым миллиондон өйдө доллар сарпталат. Бир гана мисалды келтирели – “Азия Универсал Банкына” байланыштуу эл аралык сотто кыргыз өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргоого Winston & Strawn LLP юридикалык компаниясынын кызматын колдонууга жалпысынан 1 миллион доллар каралганы маалым.

Эгерде Кыргыз өкмөтү акыркы жылдарда эл аралык соттордо юридикалык компаниялардын кызматына короткон акчалардын бардыгын иликтеп-жиликтеп чыксак, өтө чоң сенсация жаралышы мүмкүн. Булар дагы эч нерсе эмес. Эгерде Кыргызстан “Кумтөр” маселеси боюнча эл аралык соттон утулса, өлкө имиджин жоготобуз. Дүйнөлүк коомчулук бизди эл аралык укуктарды сактоого умтулбаган өлкө катары кабылдайт. Инвестициялык климатыбызды талкалап, “Бейиши болгур инвестиция” деп өкүнүп отуруп калабыз. Ансыз да азыркы тапта Кыргызстан бир нече жолу эл аралык соттон утулуп, миллиондогон карыздарды мойнуна илип алган.

Кече жакында эле Онтарио соту Кыргызстандын “Центеррадагы” акцияларын бир бөлүгүн убактылуу камакка алды. Мындай чечим «Stans Energy Corp» тоо-кен компаниясынын доо арызы менен болду. Кыргыз өкмөтү аталган компанияны 2014-жылдын жазында “Кутессай-2” сейрек кездешүүчү металл чыгуучу жайына берилген лицензиясын мыйзамсыз түрдө алып салгандыгы үчүн сот аркылуу 118 миллион доллар доого жыгылган. “Манас Банкын” улутташтырабыз деп анын мурдагы ээси Валерий Белоконго Париждеги эл аралык соттун чечими менен 16,5 миллион доллар доого жыгылдык. “Ак кеме” мейманканасы боюнча түрк компаниясына 11 миллион доллар карызыбыз бар. Булардан тышкары бүгүнкү күндө эл аралык арбитраждык сотто Кыргыз Республикасына карата чет элдик компаниялардан бир нече доо арыздар бар. Алардын суммасы 920 миллион доллардан ашат. Мына ушулардын бардыгына эми “Кумтөрдү” улутташтыруунун кесепеттерин кошсок, Кыргызстан чыныгы экономикалык жактан кыйраган өлкөгө айланат. Бери дегенде 5-6 миллирд доллар компенсацияны карыз кылып мойнубузга илебиз. Мына ушул бизге керекпи?

Айбат гезити №107




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. улутташтырууга барабыз десек, анда депутаттар толосун компенсацияны, жана жылда тушкон 6 млрд сомдун булактарын корсотсун

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru