Айбат » Декабрда күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларынын пландык төмөндөөсү күтүлөт, – Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Декабрда күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларынын пландык төмөндөөсү күтүлөт, – Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясы

ЗаправкаДекабрда күйүүчү жана майлоочу майлардын бааларынын пландык төмөндөөсү күтүлөт. Бул тууралуу 2-декабрда Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, декабрда суроо-талаптардын көптүгүнө жана нефти өндүрүүчү заводду оңдоп-түзөөдөн кийин иштетүүгө киргизүүгө байланыштуу орусиялык рынокто дүң баалардын төмөндөшү болжолдонууда. «Ошондой эле нефтинин арзандашы боюнча фактор иштей баштады. Ушул жылдын 30-ноябрынан баштап АИ-80 үлгүсүндөгү бензинге баа 0,5 сомго арзандады, жайкы дизелдик отун — 1 сомго, ал эми кышкысы – 3 сомго төмөндөдү.Төмөндөөнүн экинчи этабы 15-декабрда болжолдонууда, бирок бул жерде валюта курсунун өйдө-төмөн болушун да эске алуу керек», – деди Ассоциация президенти.

М.Керимкуловдун айтымында, 2014-жылдын 11 айында Кыргызстанга жалпысынан 1 млн. 81 миң тонна нефти импорттолгон, анын ичинен 577 миң тоннасы – бензин, күйүүчү май – 504 тонна. «Ички рыноктун керектөөсү 1 млн. тонна деп эсептесек, план 150-200 тоннага ашыкча аткарылып, өлкө нефти менен толук камсыздалды десек болот», – деди ал.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №107



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru