Айбат » Жаңы министр Талантбек Батыралиевдин маалымат каражаттарындагы калптары…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жаңы министр Талантбек Батыралиевдин маалымат каражаттарындагы калптары…

Батыралиев ТалантбекӨткөн замандын эрке уулдарынан арылса эле, Кыргызстандан коррупция менен тааныш-билиштик кошо кетчүдөй элестетип жүргөн мезгилде ханзаадалар отурчу тактыга бир «шопур» келди деген каңшаар 2010-жылдан бери тынбай айтылып келет. Деги ушу Кокон бийлигин көрүп калган элдин канында барбы, айтор «хан»  аталгандын жанында «өзүн өзү билчү, өтүгүн төргө илчүсү» кошо жүрөөрүн коомчулук анча деле жаңылык катары көрбөй калышты. Анткени, азаман ушундай… Эми кеп учугу ким жөнүндө жүрүп жатканын окурман айтпаса деле түшүнүп тургандыр. Биздин төбөлдөрдө чиновниктердин ордун алмаштыруу вазыйпасы тээ Акаев доорунан бери кайталанып эле жүргөн маселе. Ага деле таң калбай калган биздин эл. Азыр ал расмий кыскармак турсун ого бетер күчөп турган мезгил. Айрыкча министрлерге калганда. Жаңы министр алты ай гана иштеп калган заман болду. Баягы парламенттин трибунасынан кайсы бир депутат айткандай, жаңы креслого отуруп эми иш баштайын деген чиновник бул кызматка эмнеге келгенин түшүнүп-түшүнө электе, аны кызматтан алып салып жаңысын издеп калмай…

Кыскасы, галстук тагынганды билгендердин баары эле министрлик креслого отуруп чыгышты көрүнөт. Жакында эле жаңы министрлик креслолордун ээлерин ант бердирттик. Булар дагы жазга чейин иштеп турушса, кудай кааласа, «шопур» акабыз дагы бир айласын табар деп турук. Кыргызстандагы бийлик баскычтарына акыркы мезгилдерде тап-такыр эле орусча айтканда, «невозможный», «недостойный» адамдарды алып келүү коомчулукту деле таң калтырбай калды көрүнөт. Айта кетсек, ырчысы да министр болду, сахнадагы актеру, режиссеру деле болуп атат. Унчусу, койчусу, кыскасы кимдер гана креслодо отуруп, чартаңбай тээп кетип жатышат. Эми калпы башынан ашкан Батыралиевдин жоруктары массалык маалымат каражаттарында козу карындай жыбырап чыкканына карабай, Саламаттыкты Сактоо министри кылып, аны алып келдик. Калп демекчи, тээ илгертен ата-бабаларыбыздан калган «Калптын казаны кайнабайт» деген макалы бар эмеспи. Калптын казаны ошол кезде эле кайнабай калбаса, азыр жолдоштор кайнайт экен. Биз ушуга өтө айран таң калдык. Мына кайнаган үчүн каратып туруп калп айтып аткан, болгондо да массалык маалымат каражаттарында атактуу, улуу инсандардын эле сөзүн жокко чыгарып, ашкере мактанып келген адам кресло кучактап отуруп калбадыбы.

Маалымат булактарына көз чаптыра турган болсок, (http://presskg.com/alibi/14/1021_11.htm), Талант Батыралиев акыркы кездери Түркиянын бир клиникасында иштеп жүрүп анан келди. Аны менен бирге президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовдун бир тууган карындашы иштейт экен, анан ал аркылуу Ниязовго чыгыптыр” деген узун сөздөрдүн учугу азыр деле басылбай келет. Батыралиев медицина тармагында 80-жылдары аралашып, Кыргызстанга эмгегин 3-4 жыл гана арнаган, кардиология институтунда Миррахимовдун кол алдында катардагы кызматкер болуп иштеген кадр. Ал мекемеден ызы-чуу менен кеткен. Ошол учурда иштеген кызматкерлер аталган институттан кымбат баалуу медициналык “Polaroid” пленкасы жоголуп, сыйпалап таппай калышканын, Миррахимов өзү башында туруп комиссия түзүп, иликтеп келгенде күнөөлүү деп Батыралиев табылып, анан Миррахимов “өзүң арыз жазып кетесиң же милициянын колуна салып берем” деп иштен айдап чыккандыгын, анан медицина тармагында бизнес кылып, чет өлкөлөп кеткендигин жазып чыгышкан. Аны «Вечерний Бишкек» гезитинин 2007-жылдын 20-сентябрындагы №180 (9352) санында Нина Ничипарова белгилүү хирург Мирсаид Мирахимов менен болгон маеги тастыктайт. Ошол обзацты сөзмө сөз келтирсек: «Н.Н: -Мирсаид Мирхамидович, министр здравоохранения сказал, что он предлогал вам назвать кандидатуру и.о. дироектора. М.М: – Я предложил ему своего замистителя, профессора, прекрасного специалиста и порядочного человека Айнагуль Джумагулову. И пожалел об этом. Отношение к ней изменилось в худшую сторону. Н.Н: – Приоткройте тайну, кто присмотрел себе это кресло? М.М: – А это уже ни для кого не секрет. Метит в это кресло бывший наш сотрудник, который уволился несколько лет назад после неблаговидного поступка. Мына Батыралиевдин бир калпы, анан дагы кардиологиядан Түркияга эмне себептен кеткени тууралуу,  «неблаговидый поступкалары».

Парламенттин трибунасында 120 эл өкүлүнө жана жалпы коомчулукка эмне деп калп айтты, ошол кезде директор болуп турган Мирсаид Мирахимов менен болгон мамилеси абдан сонун болгонун саймедиреген. 5-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында саламаттык сактоо министрине Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги сунушталып жаткан учурда “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Майрамкүл Тиленчиева учурда маалымдоо каражаттарына талапкер жөнүндө жаман дагы жакшы дагы пикирлер айтылып жаткандыгын билдирип, анын чын төгүнүн сурап кызыкты. “Айтыңызчы, Мирахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунан эмнеге кетип калдыңыз.”,- деди ал. Бул суроого Батыралиев минтип жооп берип атат: “Мен Мирахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборунда иштеп жүргөндө алар менен эч кандай пикир келишпестик болгон эмес. Ал жактан өзүмдүн билимимди жогорулатуу максатында кеткем. Мына министрлик босогонун алдындагы калптын алгачкы баскычтары. А жогорудагы интервьюда М.Мирахимов айтып жатпайбы, кандай болгонун. Эми «Чазов менин окутуучум болгон» деген калпка келсек.

Белгилүү сайттардын бири «Акипресс» жана  «forum.roza.kg» ге 2012-жылы Талант Батырлиевдин берген маегине таянсак, журналисттин  «- Как Вы сами думаете, в чем секрет Вашего успеха?» – деген суроосуна: … «-я представляю отличную школу кардиологов – А.Л.Мясникова, вырос под руководством знаменитых академиков: Е.Чазова, Ю.Беленкова, К.Тернового, М. Вихерта, Н.Мухарлямова, А.Сметнева, И.Шхвацабая и Г.Арабидзе, А.Самко – почти весь список корифеев, имею поддержку специалистов крупных головных учреждений мира (Американская коллегия кардиологов, Общества инвазивной кардиологии, Американская ассоциация кардиологов)» – деп жооп бериптир.

Ал эми жогорудагы 2007-жылдын 20-сентябрындагы №180 (9352) санындагы «Вечерний Бишкек» гезитине М. Мирахимовдун берген маегин карайлы: – «Талантбек Батыралиев, который считает себя учеником Чазова и причисляет себя к пятерке лучших кардиологов мира. Хотя, насколько я осведомлен, академик Чазов пояснил, цитирую: «Четко оценивая вклад в создание своей кардиологический школы, я должен отметить что Батыралиев не являеться непосредственным моим учеником. Ничего не могу сказать и о первой пятерке кардиологов мира, учитывая, что такую градацию специалистов-профессионалов еше никогда не проводили, уверен, и не будут проводить» деп салыптыр. Мынакей калптар кайда жатат. Биздин министр өткөн тарыхынын баарын жокко чыгарып, жалпы коомчулукту алдады.

Мындан сырткары, Батыралиев минстрлик креслого келе жатканда, «Түркиядагы “сани Конукоглы” атындагы медициналык борбордо жетекчилик кызматта  иштеп жатат” деген рекламаны атайылап тараткан. Мындай маалыматка кызыккандар бул жактан атайын кат жазып (запрос), сурамжылоо кылгандар да болбой койгон жок. Сурамжылоонун жыйынтыгында Батыралиев ал жакта андай кызматта иштебептир. Ал жөн гана ошол клиникада консультант кызматын кылаары анык болду. Айта берсе кыскасы, жаңы министрдин калптары башынан ашып, босогону аттай элек жатып элди алдаганы менен эсте калды. Эгерде, чиновниктик посттордо кандай адамдар отурат деген реклама жарыялап кала турган болсок, маданият министрлигинин креслосу ырчыларды жана режиссерлорду, ак үйдөгү билермандыкка шопурларды, көк үйгө «обещалкиндерди», ал эми, Саламаттыкты Сактоо тармагына калпычыларды тандайбыз деп коер элек.

Жумаш Назаров

Айбат гезити №107



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru