Айбат » Сөөк көмүү кызматын көрсөткөн сайт ачылды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Сөөк көмүү кызматын көрсөткөн сайт ачылды

<4D6963726F736F667420576F7264202D20D13F3FEA20EA3FEC3F3F20EAFBE7EБишкек муниципалдык сөөктү көмүү кызматын көрсөткөн ишканасы сайтын ачты.

Шаарда 44 гектардан турган жаңы көрүстөн ишке бериле баштады. Ал толук курулуп бүтпөгөнүнө карабай мэрия четинен бере баштаарын билдирди. Ал эми сайт аркылуу кепин, көр казуу, көмүү, табыт заказ кылса болот. Андан сырткары Бишкектен алыстагылар сайт аркылуу жакындарынын көрүстөнүн көрүп тура алат.

Бишкекте көптөн бери курулушу жүрүп жаткан жаңы көрүстөндөн жер бериле баштады. Шаар мэриясына караган Гроздь айлындагы 44 гектарлык көрүстөндү акчанын тартыштыгынан да берүүнү көздөп жатышат. Ал жер тууралуу өлүк көмүү кызматын көрсөткөн Бишкек ишканасынын жетекчиси Болот Карамуратов айтып берди.

 

<4D6963726F736F667420576F7264202D20D13F3FEA20EA3FEC3F3F20EAFBE7EСөөк көмүү кызматын көрсөткөн Бишкек ишканасынын жетекчиси Болот Карамуратов:

“Мусулмандарды жана христиандарды көмүү үчүн экиге бөлүнгөн. Андан сырткары салттуу эмес динди тутунгандарга, тек-жайы аныкталбай өлгөндөргө, медициналык жана биологиялык таштандыларга да атайын жай берилет. Долбоордо ошондой эле сөөктүү күйгүзүү түрү да каралган, аны ишке ашырууга азыр аракет кылып жатабыз”, – деди Карамуратов.

Бишкекте жылына болжолдуу 2000 киши каза болот. Денени көмүүгө жердин тартыштыгы бир нече жылдан берки маселе. Шаарга караган беш көрүстөн болсо, учурда Түндүк, Достук жана Дунган көрүстөндөрү толуп калган. Ала-Арча жана Түштүк-Батыш көрүстөндөрүнөн гана жер берилүүдө. Грозддогу көрүстөнгө 2010-жылы жер бөлүнгөн. “Ага каражаттын биринчи бөлүгү – он миллион сом гана берилген, калганы эми чечилет”, – дейт Болот Карамуратов.

Өлгөн кишини шаарда айыл жериндегидей өз алдынча көмүү оңой эмес. Көмүү кызматын көрсөткөн ишканаларга кайрылууга туура келет. Бишкекте андай ортомчулардын көп экени айтылып келет. Расмий иш алып барганы үчөө, экөөсү жеке менчик. Мэрияга караган ишкананын кызматы тууралуу жетекчиси Карамуратов буларды билдирди:

“Шаар жеринде бизге сөзсүз кайрылыш керек болот. Көр казуудан баштап, жол акысы, кепин, христиандарга табыт, крест беребиз. Баары биригип кеминде 8-10 миң сомдун тегерегинде болот”.

Аталган көмүү кызматын көрсөткөн ишкана интернет сайтын ачты. Эми зарыл болгондор ал жактан заказ кыла алышат. Кызматкерлер алыста жүргөндөрдүн кайрылуусу менен жакындарынын көрүстөндөрүн тазалап, оңдоп-түзөп берет. Тууган-туушкандары анын сүрөтүн сайттан көрсө болот. Би-би-си

Айбат гезити №107



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru