Айбат » Орустун тилин тапкан Шабдан баатыр

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Орустун тилин тапкан Шабдан баатыр

Шабдан баатырЗамана кандай кары, кандай керең,

Закымдап учкан сайын түбү терең, - деп улуу акын Алыкул Осмонов жазып кеткендей, элибиздин сандаган кылымдарды камтыган байыркы тарыхында биз баркына жете баалап, ойдогудай изилдеп чыга элек нечен бир орошон инсандар, баатырлар, аты унутулуп кеткен залкарлар дале болсо көп.

Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Шабдан  Жантай уулунун кыргыз элинин өз мезгилинде төбөсү көрүнгөн чыгаан инсандарынын бири болгону жалпыга маалым. Анын кыргыз тарыхында жасаган иштерине, сиңирген эмгегине жараша өз орду жана салмагы бар. Тектүү жерден чыккан, көп кырлуу таланты бар бул адамдын саясий бейнеси, саясий жана коомдук ишмердүүлүгү, адамдык касиеттери изилдөөчүлөрдү өзүнө тартып, кызыктырып келет.  Бүгүн биз силерге биздин баатырыбыз болгон Шабдан Жантай уулу болмокчу.

 

Шабдан баатыр

Шабдан адам катары, инсан катары өтө көп кырдуу, өтө индивидуалдуу киши болгон экен. Бир чети атагы алыска кеткен баатыр, орустун тилин таап сүйлөшө билген дипломат, экинчи жагынан берешендиги, колу ачыктыгы жагынан чыныгы легендага айланган айкөл адам болуптур. Бир жолу астындагы атын кармата берип, үйүнө жөө келгени азыркыга чейин аңыз болуп айтылып келет. Ошону менен бирге жети атасына чейин өңчөй манаптардын тукуму болгон Шабдан орустун тилин эртерээк таап, элге-журтка колунан келген жардамын берген дипломат киши болуптур. Ошол кездеги орус администрациясынын өкүлдөрү жазгандай, баатырдын үйүнө ондогон эмес, жүздөгөн адамдар кирип-чыгып, тамак ичип, даам сызып, жардам алып, кеңеш сурап,  Шабдандын Чоң-Кеминдеги жана Пишпектеги орус стилинде салынган үйлөрүндө эч качан киши аягы үзүлчү эмес экен. Себеби баатырдын негизги жашоо принциби – элден алганын элге берүү экен.

Шабдан баатырдын жашоосу, өмүрү кыргыз элинин кыйын кезең, оош-кыйыш мезгилине дал келди. Кыргыз урууларынын Кокон хандыгы менен болгон татаал мамилеси, тагдырды тандоо, келечекке карата өнүгүүнүн багыттарын аныктоо же Орусиянын курамына кирүү процесси, феодалдык бытырандуулук же кыргыз урууларынын ыркы келишпей кырды-бычак мамиледе болуп жашашы, биримдиктин жоктугу жана башка ушул сыяктуу олуттуу маселелер

Шабдан баатырдын өмүрү өзүнчө эле бир роман, болгондо да баш көтөрбөй окуп чыга турган роман; анын тарыхый инсан катары, саясий лидер катары өмүрү жана тагдыры ал жашаган доор сыяктуу өйдө жана ылдый, карама-каршылыктарга абдан бай.

Шабдандын биографиясында чыныгы баатырлык да, көп нерсени алдын ала көрө билгендик да, ошону менен бирге орустун зордукчул колониалдык бийликтерине өтө эле жакындык, берилгендик, ыксыз компромисс да жок эмес. Башкача айтканда, чоң тарыхтын калыс таразасына салып карай келгенде Шабдан баатыр тууралуу жалаң гана оң пикир, же жалаң гана терс пикир айтуу эч бир мүмкүн эмес, себеби анын адам катары, инсан катары таржымалы ХIХ кылымдын экинчи жарымындагы улуттук тарыхыбыз кандай татаал, карама-каршылыктуу, азаптуу жана тозоктуу болсо, кудум  ошондой.

Кыскасы, Шабдан Карабек уулу атактуу бабасы Атаке баатыр сыяктуу эле баары бир орус бийлиги Орто Азияга келээрин, келечек заман Кокондун артта калган феодалдык бийлигиники же Цинь империясыныкы эмес, Орусиянын заманы экенин алдын ала сезген жана билген деп эсептөөгө болот. Бул анын лидер катары, саясатчы катары кыргыз элинин тарыхындагы өтө маанилүү ордун жана салмагын аныктап турат.

 

Өмүр жолу

Шабдан баатыр 1840-жылы Ысык-Көлдүн күңгөй Ак-Сууга жакын Туюк-Булуң деген жеринде туулуп, бирок өмүрү Чоң-Кеминде жана Пишпекте өтүптүр. Шабдандын жаштайынан эле тири карак чыгып, Жантайдын башка балдарынан бөлүнүп тургандыгын көптөгөн булактардан байкоого болот. Атасы аны ар тараптан бышырып, турмуштагы кыйынчылыктарга көндүрүү максатында беш жашында койчулукка берип, тогуз жашында кайра колуна алган экен.

Анын жоокер катары, лидер катары, саясатчы катары калыптанган жана жетилген учуру Кокон хандыгы бара-бара ыдырап жана талкаланып, Орусиянын опсуз зор империясы Орто Азияга, анын ичинде Кыргызстанга да колониалдык бийлигин орното баштаган мезгилге туура келиптир. Бирок атактуу замандашы Курманжан даткадан, Калыгул олуядан, ак таңдай акын Арстанбектен айырмаланып, Шабдан башынан эле орусчул, башынан эле Кокон бийлигине душман адам болуптур. Канында сарбагыш уруусунан чыккан айтылуу Тынай бийдин, Атаке баатырдын, хан Жантайдын каны бар, илгертен кыргыздын эл бийлеген манаптарынын тукумунан чыккан ак сөөк Шабдан саясий тагдырын эң башынан эле орус администрациясы менен тыгыз байланыштырыптыр. Тээ 1786-жылы Санкт-Петербургга элчи жиберип, бир жагынан Кокон, экинчи жагынан Кытай империясы кыскан тоолук кыргыздарга орус протекторатын сураган бабасы Атаке баатырдын саясий жана стратегиялык линиясын Шабдан да өмүр бою улантып келиптир.

Шабдан баатыр медресе, мечит ачып, молдо жалдап бала окутуп бир эле ислам динине дитин коюп, көңүлүн бурган десек жаңылыш болоор эле. Себеби, тарыхый фактылар айтып тургандай, атасы Жантай баатыр Кокон хандыгынан кол үзүп, Орусия империясына жакындай баштаганда тың чыкма баласы Шабданга: “эми булардын дилин, тилин, тарыхын үйрөнгүлө”–деген кеңешин, керээзин орундап, балдарды орус-тузем мектептеринен окутуп, Верный, Оренбург жана башка шаарлардан билимин улантууга да шарт түзүп берген. Айтсак, Шабдан баатырдын төртүнчү уулу Кемел (1882-1948-жж.) орусча билим алган. Верный шаарындагы гимназияны бүткөн. 1913-1916-жж. Сарыбагыш волостуна болуш болгон.

Сыягы Шабдан башкаларга караганда Орусиянын зор экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн, потенциалын жакшыраак билип, Кытай менен Коконго караганда Орусияны алда канча артык көргөн окшойт. Бул үчүн ал колунан келгендин баарын жасап, атактуу орус аскербашчысы М.Д. Скобелевден тартып, Түркстандын эң биринчи генерал-губернатору фон Кауфманга, генерал-лейтенант И. Колпаковскийге чейин тыгыз мамиле түзүп, ошолордун ишенимине кирип, орус колониалдык бийлиги Кыргызстанга, ал гана эмес Ташкентге, Коконго, Алай менен Ошко орношуна жеке зор салымын кошуптур.

Шабдан баатырдын баласы Кемелдин эскерүүсүндө, ал мечит – медресе куруп, Оренбург, Казань ж.б. шаарлардан мугалимдерди, молдолорду эле чакырбастан, балдарга өзү дагы сабак берген экен.  Тилекке каршы, эмнеден сабак бергени айтылбайт. Ошентсе дагы, ал кишинин диний сабаты кыйла эле жогору болгон

 

Сыйлыктары

Көп жылдык кызматы үчүн ондогон орус сыйлыктарын, ар түрдүү медалдарды, кымбат баалуу чепкендерди алып, эң биринчилерден болуп орус аскеринин формасын кийген кыргыздардан болуптур. Ал гана эмес дворяндык наам алганга аракетин жасап, Орусиянын алдында өтөгөн зор эмгеги үчүн ак падыша Александр үчүнчүнүн 1883-жылдагы Москвадагы такка отуруу салтанатына катышууга делегат да болуп шайланат. Стамбулдан Мекеге кетүүчү темир жолдун курулушуна жанынан 2000 сом бөлүп берип, бул окуя Түркиянын гезиттерине жарыяланып, султан аны алтын медаль менен сыйланган деп белгиленет тарых беттеринди.

 

Баатыр жана ислам

Шабдан баатырдын атайын диний билими болбосо дагы, динден кабары бар, мусулмандардын милдеттерин, шариаттын жоболорун бекем сактаган, таза, такыба эле адам болбостон, ошол кездеги ислам дининин элдин кат-сабатын ачып, билимин көтөрүүдөгү прогрессивдүү ролун, тарбиялык таасирин, маанисин эске алып, аны Кыргызстанда жайылтууга, өнүктүрүүгө көп аракеттерди жасаган коомдук ишмер болгондугун баса белгилеп айта алабыз.  Мекеге ажылыкка барганы, деле мусулманчылыкка абдан астейдил экени, Олуя-Атада аны казактын атактуу ырчысы Жамбыл кантип мактаганы, Стамбулда түрк султандары менен да карым-катнаш түзгөн. Мисалы, Шабдан баатырдын өмүр баяны, кылган иштери, басып өткөн жолун чагылдырган негизги булактардан болуп саналган кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Осмонаалы Сыдык уулунун “Тарих кыргыз Шадмания. Кыргыз санжырасы” аттуу эмгегинде:

..Бала кезден баатырдын

Мертебеси артылган.

..Кайда барса – кадырдан,

Адамга кастык кылбаган.

Өзүн улук дебеген,

Текеберлик кылбаган.

Бой көтөрүп адамга,

Мен үлкөнмүн дебеген.

Мүчөсүн көр баатырдын,

Бейдаарат жүрбөгөн.

Намаз окуйт селде менен,

Мечитке барат азан менен.

Ошондой болгон заманда

Азыр адам бар бекен..

Бул саптардан динге берилген такыба адамдын образы көрүнүп турат. Бирок, анын диний билимди кимден жана кайдан алгандыгы, диний сабаттуулугу, диний көз караштары белгисиз, ал эми Шабдан жөнүндөгү эмгектерде анын элдин  сабаттуулугун ачып, арттырууда, диний билимдерди жайылтууда жасаган иштери, ойногон ролу, диний адамдарга жасаган мамилеси сыяктуу мүнөздөгү материалдар басымдуулук кылат.  ХХ кылымдын башында Шабдан баатыр Токмокко мечит, бир аз убакыттан соң Чоң-Кеминге мечит-медресе салдырган. Биринчисине 10 миң, ал эми экинчисине 15 миң сом өз каражатынан бөлүп берген. Чоң-Кеминдеги медреседе ошол мезгилдеги жаңы ыкма (усулу-жадид) менен 300 бала окуган.  Оренбург, Казань, Уфа, Ташкент, Бухара, Самарканд ж.б.у.с. чоң шаарлардан мугалим, молдолорду алдырып, алардын жашоосуна жакшы шарт түзүп, чоң айлык берип балдарды окуткан. Шабдан баатыр 1904-ж. 65 жаш курагында мусулмандар үчүн ыйык болуп саналган зыярат парзын өтөө үчүн Мекеге сапар тартат.  Мекеге ажылыкка өзү менен кошо 20 кишини алып, алардын чыгымынын баарын өзү жеке төлөп барган. Ажыга баргандардын арасында Шабдандын экинчи аялы – саяк Шааке эне , жакын досу Жаныбек  жана башкалар болгон экен.

 

Аброй жыйнап бул дүйнө менен кош айтышкан…

Ошентип жерге батпаган дүйнө-мүлк эмес же куржун-куржун акча эмес, аябагандай зор аброй жыйнап, кийин 1912-жылы каза болгондо Шабдан баатыр артына ат көтөргүс наамынан башка эч нерсе калтырбай өтүп кетиптир. Муну “Туркестанские ведомости” деген газетага чыккан орусча некрологдо да атайын баса белгиленип, “он умер бедняком” деп жазышканын эске сала кетели. Шабдан баатырдын каза болгондогу миңдеген адам катышкан ариети, кийинчерээк өткөрүлгөн атактуу ашы.

Айбат гезити №107



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru