Айбат » Лунара Мамытова, тележурналист: “Үмүт” деген жакшы экен…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Лунара Мамытова, тележурналист: “Үмүт” деген жакшы экен…

Лунара МамытоваКыргызстанда болуп жаткан саясий, коомдук жаңылыктарды биз  “Ала-Тоо” жаңылыктарынан биле алабыз.  Жаңылыктардын көркүн ачып өзүнө күйөрман топтогонго жетишкен “Ала-Тоонун” диктору Лунара Мамытова менен маектешүүбүздү назарыңыздарга тартуулайбыз.

- Сиз журналистика дүйнөсүнөн эмнелерди байкай алдыңыз (көралбастык, достук, интрига ж. б)?

– Дүйнөдө эмне болсо, анын баары журналистика дүйнөсүндө да бар. Оң менен терс, жаман менен жакшы бирге жүрөт экен. Бул сыңарындай өскөн же өсүүгө умтулган чөйрөдө да терс көрүнүштөр болбой койбойт. Ага таң калбайм деле. Атам бул чөйрөнүн кухнясын жакшы түшүнгөндүктөн, мага да,, а киши аркылуу анча-мынча учурлар таанымал эле. Ошондуктан журналистика айдыңы – бул аалам айдыңы сыңары эле.

Лунара Мамытова- Туркиялык кесиптештерден алган тажрыйбаңыз?

– Туркиялык кесиптештерден үлгү алчу жактарыбыз көп эле экен. Мисалы: мен барган ТРТ (түрк теле жана радио компаниясы) мамлекеттик канал болуп, ага мамлекеттен да акча бөлүнөт анан абоненттик төлөм деген да болот экен. Туркиянын жарандары ТРТны көрүш үчүн акча төлөйт. ТРТ өзү чоң телекомпания Туркия боюнча. Компаниянын ичинде эле бир нече ресторан, ашканасы бар, мечити, тренажердук залы, кызматкерлер үчүн бала бакчасы, мейманканасы, атайын жумуштан алып кетип, кайра жумушка алып келчү автобустары бар. Алар жумуш бүткөндө саат 6да 100дөн ашык автобус келип күтүп турат, кызматкерлер да саат алтыдан ашык иштешпейт, ошол автобустар менен үйлөрүнө жетип алышат экен. Анын бары компаниянын бюджетинен төлөнөт.

Кызматкерлерге өтө жакшы кам көрүлөт. Алып баруучулардын эле эмес, жөнөкөй телеге чыкпаган кызматкерлердин кийими үчүн деп да акча бөлүнөт. Эми дагы ушуга окшогон өтө жакшы кам көрүүлөрү бар экен. Эң оболу мага ушул жактары өтө жакты. Бул негизинен. ТРТнын кабарларды гана чагылдырып турган каналы болгон “ТРТ Хабердин” студиясынын эле баасы 6 млн доллар. Өтө акылдуу студия деп атап коюшат экен. Себеби, акыркы технологиялар менен даярдалган. Ар бир алып баруучунун өзүнүн жарыгы болот. Биз кабарлар болуп жаткан түз эфирлерин ары-бери басып деле камерага түшүрүп жүрдүк. Эми ТРТ, Туркия жөнүндө айта берсем сөз түгөнчүдөй эмес. Ал эми, алып баруучулар чачтарын жайып, тагынчактарды тагынып алып эле алып барып жатышты. А бизде буга катуу көзөмөл бар. Негизинен, кабар каналында иштөө тартиби биздикиндей эле. Биз деле эл аралык стандартты карманабыз. Ал жагынан алганда окшош эле . Болгону дүйнөнүн төрт тарабында өз кабарчылары болгондуктан, кабарлары да масштабдуу. Биз да ушул деңгээлге жетсек экен деген гана тилек бар.

- Сиздин иш күнүңүз, сыр болбосо?

– «Ала-Тоо» маалымат программасы иш күндөрү саат 21.30да түз эфирге чыгат. Бул себептен эфирге чейин тексттерди карап, таанышып, оңдоп-түзөп өзүбүздүн стилибизге коюп , жазып бөлүштүрүп алабыз, анонс жазабыз. Анонсту окуп бүткөндөн кийин атайын алып баруучулардын чач жасалгалоочу жана боёнуучу канасы бар. Ал жерден чачты жасатып, макияжды жасап, костюмубузду кийип, эфирге 10-15 мүнөт калганда студияга кирип барабыз. Студиядагы режиссёр менен тексттеги өзгөрүүлөр болсо алар менен такташып алуубуз кажет. Жарык берүүчүлөр жарык коюшат, биз текстти карап отуруп турабыз, анан кулаклыкка (наушник) режиссер эфир деп команда берет. Мындан кийин биз алып баруучулар «Саламатсыздарбы? Соңку кабарлар менен таанышып алыңыздар…..» деп жаркылдап чыга келебиз.

Лунара Мамытова- Сулуу сулуубу же сүйгөн сулуубу?

– Кыргызда – Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу деген бар. Сүйгөн адам да, сүйгөнүң да сулуу. Себеби, сүйгөн адамга сүйгөнүң сырткы да, ички да сулуулугун сезимдер аркылуу туюп, башкалар көрө албаган сулуулукту көрө алгандыгында…. Сүйгөн сулуу… Себеби, сүйгөн адамдын сезими аруу болот. Жакшылыкка гана умтулуп, жаркылдап-жайнап, дүнүйөгө батпай, сезимиңди ааламга жар салып, канчалаган чыгармалар, ырлар жаралды, ушул күнгө чейин сакталбай жана сакталып келе жаткан көз жоосун алган, тарыхый эстеликтер- орто кылымдагы Тадж Махалдар курулду.

- Акыркы күндөрү кимдерге же эмнелерге ыраазы болуп жүрөсүз?

– Ушул күнгө чейин жана мындан ары да эң оболу тарбия берип, ушул эрезеге жеткирген атама, апама ыраазымын. Кыргыздарга –алардын кайратына, сабырына, Ата-мекенди барктай билгендигине ыраазымын. Ата-бабаларыбызга – кыргызды кыргыз кылып, ак калпагын башынан түшүрбөй, кыргыз мамлекеттүүлүгүн жоготпой түптөй алганына, кыргыз тилди, дилди сактап , бизге өткөрүп бергенине, Жаштарга –алардын аракетчилигине, ийкемдүүлүгүнө, келечек үчүн күрөшүүшүнө,  билимге умтулуусуна ыраазымын. Бул дүйнөдө жашап жатканыма ыраазымын. Кудайга рахмат. Ушул күндөргө жеткиргенине.

- “Кыш кыштай, кыз кыздай болгону жакшы” дейт эмеспи коомго болгон кеп кеңешиңиз?

– Коом өзгөрдүбү же инсан өзгөрдүбү? Коомго карата инсан эмей эле инсан коомду түзгөндүктөн, коомду өзгөртүү да инсандын колунда. “Заманын бөрү болсо, бөрү бол” деп жашап калышпадыбы. Оңой оокатка тап бербей, өз мээнетин, пешене-терин менен жетишип, тапкан оокат ширин да, берекелүү болот. Турмуш ошонусу менен кызык. Жаштардын бирин-бири тандоосунда да ошол байлыкка көбүрөөк маани берилип жатат. Ага ата-энеси да каршы эмес. Ошол утурумдук байлыкка маани бербей, түгөнбөгөн байлык, кенч – билимге, акылга, ыйманга, тарбияга маани берсек деген гана каалоо.

- Кыргызстанда коом кандай багытта баратат, сиздин көз карашыңыз?

– “Үмүт” деген жакшы экен. Мен да Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө ишенем. Эгемендик алганыбызга 23 гана жыл болуптур. 23 жаштагы бала сыяктуубуз. Акылыбызга кирген, бирок бутубузга туруп кетүү үчүн дагы да аракет кылышыбызга убакыт керек. Кудайга шүгүр жаман жашаган жокпуз. Мамлекетибизден жарандар бай учур. Ал да болсо элибиздин тырмышып аракеттенгенинде, мээнеткечтигинде. Пейилибизди оңдоп, жакшы ойлорго гана чөмүлүп, таза иштесек бары жакшы болот.

Жеңиш Шерипбаев

Айбат гезити №107




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru