Айбат » Карганбек Самаков “кыргыз эл баатырына” татыктуубу ?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Карганбек Самаков “кыргыз эл баатырына” татыктуубу ?

Самаков КарганбекАдам баласы төрөлүп, адам болуп жер жүзүнө келгени жашоо турмуш үчүн алп урушуп, үйлөнүп, балалуу болуп, аны эр азамат кылып чоңойтуш ата-эненин милдети болот эмеспи. Ошол азамат кылып өстүргөн уул-кызың сени уят кылбай чоңойсо экен деп, кудайдан тилегенибиз тилеген. Ушул төмөндөгү сөздөрдун каарманы болгон, кыргыздын камчысын бек кармаган уулубуз Карганбек Самаков мырза жакында эле ЮНЕСКОнун тизмезине Боз үйдү каттатып келди. Мурун дагы Манасыбыз менен шырдакты киргизип келсе, мындай депутатыбызга кыргыздын батасы тийсин дегенден башка не дейбиз? Айталы дегенибиз “кыргыз эл баатырын” берип коюш азчылык кылбас дейт элек! Азыркы убакта “эл баатыры” наамын алып жүргөн ак сакал, жаштарыбыз мамлекет үчүн бир иш эмес, жакшы сөзүн айтпастан, элди экиге бөлө коюп жүргөн учурлары кездешет. Андыктан кыргыз деген эл бар экенин, Кыргызстан деген мамлекет бар экенин далилдеп, болгондо дагы улуттун маданиятын дүйнөгө тааныткан, “бычака сап” жигитибизди колдобой коюш итчилик кылат.

 

Азизбек Келдибеков, эркин журналист

Карганбек Самаков баштап бараткан бул иштин мааниси зор.

Самаков акыркы мезгилде депутаттар ичинде өзгөчө тапшырмаларды аткаруу менен элдин да, бийликтин да көңүлүн алып келатат. Эгерде, ушул тапта 120 депутат ал бүтүргөн иштерди бүтүрүп берсе, “ии” –деп ыразы болмокпуз. Мына былтыркы жылы ЮНЕСКОдогу баалуулуктур мурасына ала кийиз, шырдакты каттатып келди. Андан соң “МАНАС”  үчилтигин  “канжыгасына байлап” алып, Бакуга барып ЮНЕСКОнун чоң жыйынында кыргызга таандык кылып, артынан келишип сертификатын тапшырып кетишти. Ал эми Япониядан 10 гемодиализ аппаратын алып келип, кезексиз Япон Медициналык Борборун курдурууга кам көргөнү да бар. Быйыл Карганбек Самаков баштаган делегация Кыргызстандын бир катар тарыхый эстеликтерин ЮНЕСКО дүйнөлүк мурастар тизмесине каттатышты.

Ал Бабанов “стакан кагыштырган” Катардын шейхи отурган жерде Кыргызстандын Суяб, Баласагын, Невакет тарыхый шаар калдыктарын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизип келди. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты, ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков баштаган делегация барган.
Чүй өрөөнүндө орто кылымдарга таандык шаар калдыктары бар. Мындан ондогон кылымдар мурун гүлдөп өнүгүү доорун баштан кечирген Суяб, Баласагын, Невакет шаарлары Улуу Жибек Жолунун боюндагы батыштан чыгышка, чыгыштан батышка каттаган кербендерди тосуп-узатып турган негизги шаарлардан болгон. Мына ушул шаар калдыктары жөн гана тарыхый эстелик болбостон, кыргыз элине таандык белгисиз болуп келген тарыхый маалыматтарды да өз кучагына камтып жатканында шек жок. Аталган шаар калдыктары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине катталып калды, эми ага байланышкан тарыхый маалыматтарды изилдөөгө да ыңгайлуу шарт-жагдайлар түзүлдү. Самаковдун демилгеси менен ушул тарыхый шаарлар ЮНЕСКОнун каттоосуна кирип, ал туурасындагы маалымат бүткүл дүйнөгө тарап, Кыргызстанга келе турган туристтердин кызыгуусун арттыра баштады. Ошону менен бирге эле кыргыз мамлекети  анын кылымдарды камтыган тарыхы дүйнөгө таанылат.

Бул жагынан караганда да Суяб, Баласагын, Невакет шаарлары Улуу Жибек Жолунун тутумундагы байыркы шаарлар катары атагы алыска угулуп, жаңы заман шартына ылайык кыргыз элине кызмат кыла баштады. Дал ушул жагдайларды эске алганда, Карганбек Самаков баштап бараткан бул иштин мааниси зор. Иштин жыйынтыгы буга чейин аткарылган иштер менен ушул жолу Катарга сапар алган Карганбек Самаковдун иш-аракеттерине жараша болуп, эми ал Японияга барып кыргыз эли үчүн жакшы иштерди бүтүрүп келди. Ниязбек хандын тукуму Карганбек мырза кыргыз эли үчүн жакшы иштерди жүргүзүп жатса, бир ыптасы “өлүп калган” сарт элинде калып, сарттын “канына” чылангандар андан кемчилик издеп жүрүшөт…Карганбек мырза «Кыргыз эл баатырына» татыктуу деп эсептейм

 

Мирхамид ТоктогуловМирхамид Токтогулов, теле алып баруучу

Элдин батасынан өткөн сыйлык жок болсо керек.

Карганбек мырза, кылган иштери үчүн “Эл баатырын” же “даңк” орденин алыш үчүн жасабаса керек деп ойлойм. Анын үстүнө кыргызда кылган иши өчөн колко кылган болбойт. Демек, Карганбек мырза чыныгы кыргыз атуулу катары ушул эмгектерди жасап атат. Ошон үчүн чыныгы кыргыз атуулу катары кандай гана сыйлык, наамдан жогору турган инсан деп сезем. Мындан улам ал кишиге элдин батасынан өткөн сыйлык жок болсо керек.

  

Жакшылык Бердибек уулуЖакшылык Бердибек уулу, “Де-факто” гезиттин башкы редактору

Сыйлыктарды татыксыз адамдар деле алып жүрүшөт.

Акыркы учурларда ар кандай сыйлыктарды татыксыз адамдар деле алып жүрүшөт. Мен аларга караганда бул сыйлыка Карганбек Самаковду татыктуу деп эсептейм. Карганбек Самаков бир нече жылдан бери коомдук-саясий майданда бир топ иштерди жасап келе жатат. Биз азыр саясатчыларды бири-биринен салыштырмалуу гана айырмалап мыкты же начар адам деп баа бере алабыз. “Кыргыз эл баатыры” наамын ыйгарууда кандай талаптар бар экенин мен билбейм. Бирок, айрым саясатчы, чиновниктерибизге салыштырмалуу Карганбек Самаков баатырлык жумуштарды жасап жатат, мындан ары дагы жасай турганына ишенем.

 

Алга КылычевАлга Кылычев, коомдук серепчи

Кыргызмын, кыргызым деп күйгөн мыкты жигиттердин бири.

Саясат жагынан айта албайм, бирок мекенчилдик, улутчулдук жагынан астына киши салдыра элек! Адамдын руханий байлыгы качан гана байыганда жөнөкөй карапайм элге, бүтүндөй мамлекетке жардамын берип, адамдык кайрымдуулугун кыла баштайт. мындай инсандар көп болсо, Кыргызстаныбыз эбак өнүкмөк. Ошондуктан Карганбек мырза бул наамга эң татыктуулардын бири деп деп айта алам!

 

Бурул МусабековаБурул Мусабекова, «Айат» гезиттин башкы редактору

Бир нерсенин идеясын ойлоп табуу оңой, ал эми аны жүзөгө ашыруу чоң түйшүк.

Менин пикиримде Карганбек Самаков “Эл баатыры” наамына татыктуу. Себеби, бул киши акыркы 3-4 жылда эл үчүн жакшы эмгектерди жасап келүүдө.  Учурда  Самаков “Манас” үчилтигин ЮНЕСКОго киргизип эле ага автор боло калды. Бул идея  башкаларга таандык болчу  таризинде ар кайсыны айтып чыгып жаткандар жок эмес. Бирок, бир нерсени баса белгилеп айтуу зарыл. Бир нерсенин идеясын ойлоп табуу оңой, ал эми аны жүзөгө ашыруу чоң түйшүк. Опол тоодой эмгекти талап кылары да шексиз. Карганбек Самаков да опол тоодой эмгекти аркалап, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жакшы иштерди жасап жүргөнүн моюндашыбыз  керек

 

Аскат МусабековАскат Мусабеков, ырчы

Карганбек мырза  руханий байлыктын ээси.

Карганбек Садыкович чынында эл жүгүн көтөргөн инсан. Толук түрдө колдойм бул нерсени.Бизге азыр маданияты көтөргөн инсандар аба менен суудай керек, себеби мамлекет маданият менен гана көтөрүлөт. Карганбек мырза  руханий байлыктын ээси.

 

Замир КочорбаевЗамир Кочорбаев «Кыргыз чоролору»коомдук уюмунун төрагасы

Карганбек мырзага “Кыргыз эл баатыры” деген наамды берсе болот

Карганбек мырзанын мурун, кийин жасаган талаш-тартышты жараткан иштери кээде-кээде угулуп калып жатат. Бирок, кийинки мезгилде улуттук баалуктарды коргоо аракетин көрүп жатканы албетте колдоого аларлык. 120 депутаттардын арасынан элге жакыны ушул адам болсо керек. Кийинки бийлик башындагыларга, бизнес чөйрөсүндөгүүлөргө багыт болуш үчүн Карганбек мырзага “Кыргыз эл баатыры” деген наамды берсе болот деп ойлойм.

Айбат гезити №107




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru