Айбат » Эсенбей эсепчи же Чоң Чарык уруусунун таралышы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Эсенбей эсепчи же Чоң Чарык уруусунун таралышы

Чоң Чарык уруусуГлобалдаштыруу заманында кыргыз элинин башка элдерден салыштырмалуу айырмасы: сегиз миң жылдык тарыхын бекем сактап, кыргыз элинин улуттук каада-салтын, абийирин, сөз өнөрүн аздектеп келе жатканында. Илгертен кыргыз балдарына тили там-туң чыгып, жатыга баштаган 4 жашында, жети атасын үйрөтүп койо турган. Мунун башкы себеби наристе 4 жашында колго түшсө да, жети атасы аркылуу өз элин, кыргызды таап келген. Кыргыз элин сүйүш үчүн алгач өз уруусун, өз уругун, өз үй бүлөсүн сүйүш керек. Биздин уруу сарбагыш, уругубуз сарбагыш ичинен Тукур бийдин тукуму, чоңчарык. «Бермуд үч бурчтугу» көп жазылгандай эле: Сарбагыш, Чоңчарык, Эсенбай эсепчини көп жаздым.

1. Бул санжыраны чоңчарык Балык айтчу экен, ал айтканда агып бараткан суу токтоп калчу дешет. Анын атасы Кумар Кетмен-Төбөдөн Таласка көчкөн, кийин тууганы солто Байтик хан ырчы Балыкты  Чүйгө алып келет. Бир учурда Балык өз эли сарбагышка учурашканы келет, Шамен бийлеп турган кез экен, ал көп жактырбай, өз уругу чоңчарыкты паана тутуп калат. Ошол мезгилде чоңчарыкта күүлөнүп турган  Эсенбай санжырасын үйрөнсө, анын иниси  Шапак Рысменде уулу ырын үйрөнөт. Эсенбайдын санжырасын Улуу согуштун ардагери менин атам Келдибек ушул токсон жаштан өткүчө айтып турат. Атама жолуккан жерде ал айткан санжыраны тактап, күкүмдөн болсо да, эл уксун деп, кээ бир гезит беттерине жарыялап коюп келем. Жакында жүрөктөн инсульт болуп, аз жерден аркы дүйнөгө жөнөп кете жаздадым, атам болсо 90 – дон өтүп, өзү айткандай эчкидей жашы калды. Экөөбүз тең аркы дүйнөгө кетип калсак Балык, Эсенбайдын санжырасы үзүлөбү дегендей ой туулган. Деги ооруканадан чыккандан кийин катуу иштедим, көп китептерди жазып калтырууга туура келди. Чоңчарык тууралуу жазуу ойдо бар эле. Жакын тууган иним Сапаров Каныбек чоңчарык тууралуу кызыгып жүрүптүр,  азыр гезит бетине жарыялайлы, балким чогултуп китеп кылып чыгарып каларбыз.

Эсенбай 1941 –жылы жүзгө чамалап барып каза болот, Эсенбайдын сөөгүн жууганга аталаш иниси Жумабай: «Мен бул киши тирүү кезинде денесин көргөн эмесмин» -деп кирбей койот. Ошол Жумабайдын атасы Таштанбек, агасы Кудаярдын баласы Эсенбай кичинекей кезинде ээрчитип Карабектин ашына барып калат. Ал мезгилде Ормон өлүп, сарбагыш көлдү үч айланып, айыл-апа ызы-чууга батып жаткан кез. Ормон хандын учурунда таасирдүү Жантай атасы Карабекке аш берип, туугандары Тукур бийдин тукумун чакыртып, атайын боз үй тиктирип, конок кылат. Чоңчарыктарды  Таштанбек баштап барган экен. Жантай өзү жылкынын учасын көтөрүп келип, Таштанбекке тартып, Тукур бийдин тукумдары, эң сый адамдарыбыз деген экен. Ал мезгилде бала Эсенбайдын эсинде калганы, Кеминден Кочкорго чейин, агасы Таштанбек Жантай хан өзү уча тартты деп жетине албай келип, айыл-апада да көп айтса керек. Бул окуя 1860-жылдары болгон, ал эми Жантай хан 1868-жылы каза болуптур. Ушул тууралуу Таштанбек тукуму Турганбекке айтсам, анда сенин чоң атаңдын атасы Кудаяр кайда эле дейт. Алар накта таза кыргыздар болгон, эми булар тууралуу кененирээк айта кетербиз. Менин чоң атам Эсенбайдын тушунда бизди Тукур бийдин тукуму дешчү экен, биз өзүбүздү чоңчарыктар деп келебиз. Сарсейит менен Тукур Манап бийдин чөбүрөлөрү. Бийлик Сарсейиттин Үчүке, Түлкү, Кудаян деген өткүр балдарына өтүп, Тукурдун тукуму тизгин талашып калган. Сарсейит тукуму Эсенгул баатыр калмактарды жеңип, кыргыз элин бийлеп турганда, анын Анар деген биринчи аялынан Куттуксейит, чоңчарыктын Карагул баатырынын Үкү деген кызын алган. Булардан Шамен,Райымбектер туулат. Шамендин тукуму Байтерек, Балбак,Суламбы, Бекчоро, Малабектер совет бийлигине чейин Кочкор жергесине болуш болуп келишкен. Ал эми Эсенбай тогуз ирет Кочкордо бий шайланып, болуш, уезнойлор менен иштешип келген. Бул тууралуу жакшы санжыра айткандар бүт эле билет. Алар таяке катары чоңчарыктардын алдынан кыя өтүшкөн эмес, ушул күнгө чейин Шамен тукумдары чоңчарыктарды «таяке» деп келишет. Эсенгул Эсенгул болуп турганда чоңчарыктардын бир даары Балык манасчынын бабалары Эсенгул менен журт талаша кетип, Эсенгул баатыр чоңчарыктын бир ыптасын Кетмен-Төбөгө көчүрүп жиберет. Балыкооз атка конгон Бекмураттын чоң атасы Курманбек да наристе кезинен Кетмен-Төбөдө чоңойот. Балык Таласка, андай Чүйгө келип, Байтик менен Боз-Бөлтөктүн айланасын жердеп калат. Анын уулу Найманбай абдан чоң ырчы болгон. Биз кийин илгери Ниязбек хан, кийин Балык жайлаган жерге келдик. Ошондо атам сураштыр деп калчу, бул жерде Балык, Найманбайдын тукумдары бар деп. Туугандар бар экен, Байтик, Бишкекте да Балык, Найманбайдын тукумдары чоңчарыктар жашашат.

2. Биздин чоңчарыкты таратуу үчүн, алгач оң канатка караштуу негизги уруулардын бири сарбагыш тууралуу айта кетишибиз оң. Биздин сарбагыш тууралуу алгач XV кылымдын аягы – XVI кылымдын баш ченинде жазылган Сайф ад-дин Аксикентинин «Мажму ат-таварих» деген эмгегинде эскерилет. Кыргыз элинин этностук түзүлүшүн изилдеген изилдөөчүлөр Сарыбагыш уруусунун жаралышын «багыш» деген тотемдик түшүнүк аркылуу кыргыздардын орто кылымдагы мекени – Түштүк Сибирь менен байланыштырат. Негизи мурун кыргыз элин «катаган», «багыш» уруулары бийлеп, Тагай бийдин баласы Кылжырдын уулдары Орозбакты, Дөөлөс тың чыгып, кыргыз элин башкарып, чек араны душмандан коргоп калышат. Аларды «багыштан» да зор болду дешип, «зор багыш» аташкан. Кийин Орозбактыны уулдары «бугу» аталып, Дөөлөстүн балдары «сарбагыш» атка конот.  Этнограф С.М. Абрамзон сарбагышты кыргыз элинин өзөгүн түзгөн байыркы уруулардын бири катары карап, кийинки учурдагы өзгөчө ордун кошо белгилеген. Анын пикиринде «кыргыз элинин оң канатын түзгөн уруулардын ичинен Сарыбагыш (зорбагыш) уруусу көрүнүктүү орун ээлеп, ага уруунун көп сандуу болушу эмес, ал уруу башчыларынын башка урууларга тийгизген саясий таасири жана бул уруунун этногенетикалык процессте ойногон ролу менен аныкталып келген». Санжыра уламыштарында кыргыздардын түпкү атасы Долон бийдин заманындагы кыргыздар чоңбагыш, Сарыбагыш же үч багыш деген уруулардан турганы айтылып, анда «багыш» аталган уруулардын генетикалык биримдиги жана алар байыркы уруулар болгон деген пикирди тастыктайт. Санжыра боюнча Тагай бийдин Кылжыр (Сарыбагыш) деген уулунан Орозбакты, Дөөлөс (Дөөлөсбакты) деген эки бала болуп, Орозбактыдан бугу уруусу тарайт. Дөөлөс бийдин тукуму Сарыбагыш аталып, Токо, Жантай, Манап жана Элчибек (Таздар) деген төрт уулунун тукуму бул уруунун төрт бутагын түзсө, асыранды баласынан чертике (чертки) уругу тараган. Чертикеден Бейшенбек Болотбеков, Шамыркан Бейшеев, Тажыбек Сыдыковдор. Чертике «карамоюн», «сарыкалпак», «сазай» болуп бөлүнөт. Токонун тукуму жалпы «жети урук» аталып, ич ара «абыла», «сабыр», «чагалдак», «өзүк», «молой», «чечей», «каракурсак» деген уруктарга бөлүнөт. Абыладан кыргыздын туңгуч президенти Аскар Акаев, Темирбек Акматалиев, өзүктөн Мисир Ашыркулов. Жантайдан жалгыз Сары болуп, андан Бөрүчек, андан Атабай, Аюуке, Күзөкө, Илеке деген төрт уул. Атабайдан Кубат, Белек, Акчабуу, Мендеке, Таштокум; Аюукеден «аюуке» бутактары тарап, Күзөкөдөн Калматай, Акий. Калматай балдары «бай жантай» деп аталып калган. Акийден Эшиге, Досон, Ниязбек, Дайырбек, Тыныбек, Оболбек – алты уул. Тыныбек менен Дайырбектин балдары кыргыз-калмак согуштарында колго түшүп кетип, көп мезгилден кийин кайтып келип, ушул себептен Дайырбектин Ыбыке, Инжим, Жакам, Сенкитай, Мадыкан деген беш уулу «беш калмакы», Тыныбектен Ажыгул, анын Итике деген жалгыз баласынын тукуму жөн эле «калмакы» деген лакап ат менен аталып калган. «Токтоку» деген урук «жантайларга» тыштан кошулган урук деп эсептелет. Бөрүчектин тондуу уулу Илекени, андан Алымсейит, андан Аккозу, Үлүмжү, Рай, Асан, Солто. Жантай уругу Сарыбагыштардын ичинен ириси болуп саналат. Жантайдан Аалы Токомбаев, Каныбек Иманалиевдер. Дөөлөстүн үчүнчү баласы Элчибектен Атамат, Жунус, Алыбек. Булардын тукуму «таздар» деп аталат. Атаматтан Беке, Чапча, Сарыкалпак. Бекеден «эшмурат уулу», Чапчадан «кипан», «эшмат», «өмүр», «косом» уруулары; Сарыкалпак – «сарыкалпак» деп аталат. Жунустан Такабай, Түгөл. Такабайдан тукум жок, Түгөлдүн балдары «карабөкө», «ырайымбек», «дайырбек», «шайбек» деп бөлүнөт Алыбектен Жолчоро, анын тукуму «моюнчу» деген атакта калган.

Кыргыз журт башчылары үчүн үлгү, эталон болуп калган Манап бийдин тукуму Сарыбагыштар уруусундагы эң чоң бутак. Кыргыз элинде тараган «манапчылык», «манап» деген бийлик төбөлдөрү Манап бийден тараган, ал тууралуу өзгөчө сөз болор. Манаптан Сүтөй, Жарбаң – эки уул. Жарбаң 18 жашка толбой калмакиар менен эрөөлгө чыккан. Жарбаңдын тукуму «жарбаң уругу» деп айтылат. Сүтөй бийден Сарысейит, Эшим, Тукур. Эшимдин тукуму «эшим», Тукурдуку «чоң чарык» аталат.

3. Сарысейит бийден Үчүкө, Түлкү, Эрдене, Кудаян – төрт уул. Үчүкө убагында кыргыз элине башчы болуп туруп, иниси Түлкү баатыр экөө Жаңыл мырза колдуу болуп жаадан өлгөн. Үчүкөдөн кийин кыргызга Кудаян хан болгон. Үчүкөдөн Маматкул, Дөөлөткул, Кудайберди. Түлкүдөн жалгыз Тынай. Эрденеден тукум жок. Кудаян тукуму «тоголок» деп аталат. Тынайдын биринчи аялынан Сатыбалды, Атаке баатыр, экинчи аялынан Сокур, Бекмурат, Арзыгул, Ырыскул – алты уул. Сатыбалды балдары Жообасар, Кубат, Айа, Алмакүчүк, Караүсөн, Чөмөй, Шайбек уулдарына бөлүнөт. Атакенин Абылай, Солтоной, Карабек, Таштанбек Байшүкүр, Жанкиши, Сартай жана Мырзабек (Мырзабек башка энеден) деген уулдары болгон. Бозокор деген бакма баласынын тукуму «жумаш уулу» деп аталат. Тынайдын экинчи аялынын балдары жалпы «сокур уулу» болуп, булар жалпысынан «тынай» деген атакта калган. Тынай тукумунан атактуусу Атаке баатыр, анын тукумунан Таштанбек, Жантай, Шабдан сыяктуу белгилүү инсандар чыккан. Тынайдан атагы алыска кеткен Султан Ибраимов жана Арстанбек Дүйшеев, Жоомарт Оторбаев, Канат Исаевдер. Дүр аркылуу Медет Садыркулов жээн.

Кудаяндан кийин кыргызды Маматкул бий бийлеп, жерин калмактан кыргызды бошотууда чоң роль ойногон. Андан Болот, Темир, Андагул, Көккөз, Берик. Дөөлөткулдан Надырбек, Бай, Кара Мурат, Аалы – жалпысынан «надырбек» уругу деп аталат. Надырбектен кыргыз совет бийлигинин башында турган Баялы Исакеев, Карамураттан Акылбек Жапаров, Бай уулунан Калыгул олуя, Кыргызстанды 25 жыл бийлеген Турдакун Усубалиев. Карамураттан «ныяз», Аалыдан «аккулак» уулдары, Надырбектен Мусулман, Сыдык эки уул. Мусулмандан «седет», «кубат», «абыке» уулдары, Сыдыктан «алике», «түнтөй», «түнкатар», Байдан «бердике», «бердиш», «медет», «калыгул», «жигитек». Кудайбердиден тукум жок. Маматкулдун Андагул, Көккөз, Берик уулдарынын тукуму «кырк уруу» деп аталат. Маматкулдун ордун уулу Болот ээлеген. Болот бийдин биринчи аялынан Аким, Айдарке, Татыкөтөн, Дайырбек, Мураке деген беш бала болуп, алар «беш күрөң» деп аталып калган. «Беш күрөңдөн» Жолдошбек Зарлыкбеков.  Экинчи аялы Таалаке энеден Кожомшүкүр, Эсенкул. Кожомшүкүрдүн тукуму «салыбек», Эсенкул балдары көптөгөн уулга тарайт. Болот бийдин үчүнчү аялынан Көчмурат, анын тукуму «көчмурат» деген ат менен белгилүү. Болот бийдин балдарынын ичинен атактуусу Эсенкул баатыр болуп, учурунда бүткүл түндүк кыргыз урууларын башкарып тургандыктан, аны «чоң бий» деп аташкан. Эсенкулдун жети аялынан жыйырма бир уул болуп, Каз байбичеден Асанбай, Үсөнбай, Найман үч уул («чала манаптар» деп аталат), Анар энеден Ныязбек, Кубат (урук), Куттуксейит (Шамен, «Ак балдар»), Абдыраман (урук), Карасарт (урук), Шоорук (урук) алты уул, Каракыз энеден Базаркул, Назар эки уул, булар биригип «отонтой» аталышат, төртүнчү аялдан Айтбай, Керим, Жапар, Саткын төрт уул, бешинчи аялдан Кудаяр, Сукан, Жайчы үч уул, алтынчы аялынан Бекмурат, Шаамурат эки уул, жетинчи казак аялдан Тойчу жалгыз болуп, бардыгы жыйырма бир. Куттуксейиттен Шамендин тукуму ак падыша заманында болуш болуп турушкан. Шамен уулу Курманбек Байтереков. Мындан башка Эсенкул баатырдын калмактан чаап келген, жети бакма баласы болуп, алар «жети кул» деп аталат. Анын атагы менен бүткүл Болот тукуму – «Эсенкул эли» деген атак алган. Болуштук убагында сарбагыштын майда уруктарын «Борукчу» дешкен.Ниязбек уулдары «Ниязбектин сегиз бек» аталып, атактуу инсандардан болгон: Ормонхан, Чоко, Касымалы, Казы. Азыркы заманда «Биримдик-Единство» партиясын баштап бараткан Карганбек Самаков Ниязбектин сегиз бегинин ичинен Бердибектин тукуму. Маматкулдун Темир деген уулунан Кулуке, Боогачы, Черикчи, Назар – төрт уул. Кулукеден «аккөз», Боогачыдан «боогачы уулу», Назардан «назар уулу» тарайт. Черикчиден Борколдой, Жаныбек, Абайылда, Жамангара, Мама, Караменде, Бекбото, Адылбек, Дайырбек, Карабай, Манапбай, Кенжетай деген он эки уул болуп, Борколдойдон «борколдой», Жаныбектен «жаныбек», Жамангарадан «жамангара», Мамадан «мама», Карамендеден «караменде», Бекботодон «бекбото уулдары» жана Карабай, Манапбайдын тукуму «казактар» деп аталып, жалпысынан «жети ата» деген атакта калган. Черикчи балдарынын ичинен атактуусу Абайылда баатыр болуп, үч аялынан он эки уул көрүп, Төрөгелди, Шербото, Нарбото, Шадыкан деген балдары атактуу баатырлардан болгон.

(Уландысы кийинки санда)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Айбат гезити №107




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru