Айбат » Пайдалуу кеңеш: аш көк, алмурут, анис, арча, амарант, анжир.

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Пайдалуу кеңеш: аш көк, алмурут, анис, арча, амарант, анжир.

аш көкАш көк

Чатырдуулар тукумундагы жыпар жыттуу бир жылдык өсүмдүк.

Сабагы түз, 50-100см, бийик, жылма, кочкул жашыл, ак тилкелери бар; жогорку жагы бутакталган, көк- жашыл түстө. Жалбырактары канаттай татаал, ичке, жипчедей. Гүлдөрунүн көрүнүшү чатырга окшогон топ гүл, алардын топ гүлдөрү өзүлөрүнүн гүл сапчалары менен башкы кыска гүл саптын учуна нур сыяктуу жайгашкан. Гүлдөрү мала сары түстө. Июнь-июлда гүлдөйт, уругу 5-6 мм, сары күрөң. Сырье катары уругу жыйналат. Бардык жерде культурада өстүрүлөт. Байыркы эле кезде аш көк жыпар жыттуу жана дары өсүмдүгү катары колдонулуп келген.

Аш көктүн жашыл жалбырактары менен сабагында С, В, В2, Р, РР, Е витаминдери бар. Аш көктүн уругунда 2,5-4 эфир майы, 10-20 өсүмдүк майы, протеин, ж.б. болот.

Аш көк ичеги-карындын түйүлүп ооруганда жакшы жардам берет. Ичегидеги чириткич процесстерди азайтып, ич көпкөндү басаңдатат. Аны менен бирге аш көк артериялык кан басымды төмөндөтөт. Заара айдама, какырык чыгаруучу да касиетке ээ. Аш көк тамакка татымал катары колдонулат. Элдик медицинада аш көктүн уругун кайнатып, анын тундурмасы тамакка мейил тарттыруу, тамак сиңирүү үчүн, сеп алдырма, ич көпкөндү басаңдатуучу, ошондой эле эмчек эмизгендердин сүтүн көбөйтүүчү каражат катары кеңири колдонулат.

Аш көктүн тундурмасын кантип даярдайт. Жанчылган аш көктүн уругунун 1 аш кашыгынын үстүнө 0,5л шаркырап кайнаган суу куюп, 15-20 минута термоско куюп же идишти жылуудап ороп коюу керек. Андан кийин аны чыпкалайт. Күнүнө 3-5 маал Ѕ стакандан тамакка 15-20минута калганда ичсе жакшы. Бир жумадан кийин 3-4 күн дем алып, андан кийин кайра кайталаса жарайт.

 

алмурутАлмурут

– мөмөлүү дарак. Бардык жерде культурада өстүрүлөт. Алмуруттун мөмөсүндө 10 канттар, 0,3 ийлөөчү заттар, 2,6 клетчатка бар. Алмурут жаңыдан үзүлгөн, кургатылган, консерваланган түрдө, ошондой эле варенье, повидло түрүндө колдонулат. Анын ширеси заара айдама касиетке ээ болгондуктан, заара жолдорунда таш пайда болуу оорусунда сунушталат. Ошондой эле кургатылган алмурутту кайнатып жөтөлгөндө, ич өткөндө, эт ысыганда ичсе жакшы.

 

анисАнис

кадимки анис. Бийиктиги 60см-ге жеткен бир жылдык чатырдуулар тукумундагы өсүмдүк. Анын сабагы издүү тегерек, тамырдын башындагы жана астынкы сабактарынын жалбырактары узун саптуу, тегерек, бөйрөктө, жогорку жалбырактары эки ирет канаттай татаал, башкы жалбырактары үчүлүк татаал.

Сырьесу – анистин бышып жетилген мөмөлөрү (уруктары). Өсүмдүктү чалгы менен чаап алат, кургатып, бастырылат жана кошундулардан тазаланат.

Анистин уругу жумурткадай же алмурут сымал, өзүнчө бөлүнбөйт, узундугу 3-5 мм, туурасы 2-3мм. Уруктун учунда беш тиштүү чөйчөкчө бар, негизинен түбүндө көп учурда чатырдын нурунун калдыгы жабышып турат. Уруктун сыртын кыска түк баскан, даамы таттуурак, жыпар жыттуу келет.

Анистин уругунда 3,2 эфир майы бар. Анын курамына анетол (80-90), анис альдегиди, анис кислотасы кирет. Анистин уругунда 28 өсүмдүк майы бар, ал -3°С-да тоңот. Анистин уругу какырык чыгаруучу касиетке ээ, ошондуктан анистин эфир майы нашатыр – анис тамчылары жана эликсир жасоодо колдонулат.

 

Арча

Арчалар тукумунан. Дайыма көгөрүп туруучу дарак. Бийиктиги 1-12 м. Жалбырактары майда катуу, ичке бутактарга тыгыз жабышып, түрпүчүлөр түрүндө болот. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт, уруктары томолок келген тобурчактарынын ичинде жайгашат. Тобурчактын өңү кара-көк, үстү боз нерсе менен капталган. Тоо беттеринде, бадалча түрүндө таралган. Кыргызстанда арчанын ар кайсы түрлөрү – жапалак арча, сары арча, кара арча ж.б. өсөт. Сырье катары арчанын татуу, жыпар жытуу тобурчактары күзүндө жыйналат, көлөкө жерде кургатылат. Химиялык курамында канттар (40ке чейин), юниперин гликозиди, флавононддер, чайырлар (95-ке чейин), органикалык кислоталар, ийне жалбырагында – аскорбин кислотасы көп. Тобурчактарын кайнатын ичсе тамакка мейил тарттырат, заараны айдайт. 50 г тобурчакты 1 стакан сууга кайнатып, чыпкалап, ага бир аз кант кошуп, дагы кайнатып, 1 чай кашыктан тамакка чейин 3 маал ичсе тамакка мейил тарттырат. 100 г тобурчакты 1 литр cууда кайнатып, ага кол-бутту малып отурса кызыл жүгүрүктө, муундардын сезгенишинде жардам берет.

 

Амарант

амаранттар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бийиктиги 20-100 см келген бир жылдык чөп. Жалбырактары жөнөкөй. Гүлдөрү эки жыныстуу, жалбырак колтугунда топтолушкан. Мөмөсү бир уруктуу, кутуча. Амаранттын кээ бир түрлөрү өсүмдүктөр катары гүлзарларда, парктарда өстүрүлөт. Малга сонун тоют болот.

Медицинада амаранттын уругунан чыгарылган май колдонула баштады. Ал сезгенүүгө каршы, жараатты айыктыруучу касиеттерге ээ. Амаранттын майы гастритте, карын жана он эки эли ичегинин жарасында колдонулат.

 

инжирАнжир

– тыттар тукумундагы мөмөлүү дарак. Анын жаңы бышкан мөмөлөрү аскорбин кислотасы, В1,В2 витаминдерге, минералдык заттарга (калий, кальций, магний, фосфор, ж.б.) бай келет. Канттардын (глюкоза, фруктоза) өлчөмү 20-30 ке жетет. Ошондой эле инжирдин мөмөсүндө пектин заттары, клетчатка бар.

Анжирдин мөмөсү – таттуу продукт. Ал жаңы бышкан кезде, кургатылган түрдө колдонулат. Анжирден варенье, джем, конфет, вино чыгарылат. Кургак мөмөсүндө 70 ке жакын кант болот. Анжир жүрөк-кан тамыр ооруларында, аз кандуулукта абдан керек. Тамак сиңиртүүчү касиетке ээ, ич катканда ичти жумшартат.

Айбат гезити №107



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru