Айбат » Эрежесиз эр таймаш

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Эрежесиз эр таймаш

Спорт ден соолуктун булагы  дегендей, жаштарыбыз спорт менен машыгып ийгилик жаратып атканын көрүп сүйүндүк. Биздин балдар  Эл аралык мелдеште  жалпысынан 22 мушкер өз күчтөрүн сынашып анын арасынан  3 спортчубуз  күчүн алдырганы болбосо, калган баатырларыбыз намысты колдон алдырган жок. Америка, Грузия, коңшу казак туугандардан дагы мыкты деңгээлде даярданып келгендери байкалып турду. Ортодо бир аз пикир келишпестик болуп, судиялар тарабынан күнөө кеттиби айтор кыжыңдашып барып басылдык. Кылычбек Саркарбаев деген кыргыздын желегин бир топ мамлекетке таанытып жүргөн азаматыбыз бар эле, анча даярданган эмеспи айтор кызыктуу оюн көргөзө албай койду. Оюнга келген күйөрмандарыбыз батпай эшикте кире албай дагы канчоосу сыртта турганын көрүп, спортко болгон мамилелери  салмактуу экенинен кабар берди десек болот. Дегенибиз менен кыргыз уулдары Манас атанын духу бар да, элибиздин колдоосу аркылуу мөөрөйдү өздүк капчыкка салдык. Эмне дейбиз өлкөбүздү кыйкырык митинг, революция менен эмес, маданияттуу түрдө алыска даңазалай берели!

Актилек уулу Жумабек vs Шах Бобонис

Кулатуу «Эр таймаш ММА» боюнча биринчи таймаштардын жыйынтыгы

3-декабрда Кожомкул атындагы Спорт ордосунда, WEF (World Ertaymash Federation) версиясы боюнча, кулатуу «Эр таймаш ММА» боюнча таймаштар болуп өттү.

Sport АКИpressке Эл аралык кулатуу «Эр таймаш ММА» (WEF) Федерациясынын вице-президенти Эмил Токтогоновдун маалымдашынча, жалпысынан 10 рейтингдик беттештер болуп өттү. Алардын ичинен 77 кг чейинки салмак категориясында дүйнө чемпиондугу үчүн таймаш уюштурулду.

01 02 03 04

 

WEF-1 таймашынын жыйынтыгы:

59 кг чейин

Каныбек «Араб» Бейшеев (Кыргызстан) – Эсен Молдобаев («Сарбаз», Казакстан) — Бейшеевдин жеңиши.

70 кг чейин

Эрлан Нурбек уулу («Боец») – Беймурат Ниязов («Сарбаз», Казахстан) – победил Нурбек уулу Эрландын жеңиши

77 кг чейин

Алтынбек Мамашев («Мухамед умар», Ош) – Мурсал Гусейнов («Самбист», Бишкек) — Мамашевдин жеңиши

65 кг чейин

Абдулгаджи Гаджиев («Горец») – Эламан Коргонбай уулу («Дордой-Ош») – Коргонбай уулу Эламандын жеңиши

63.5 кг чейин

Нурбай «Хан» Мурзалиев («Боец») – Денис Муценк («Ринг», Казакстан) — Денис Муценктин жеңиши

75 кг чейин

Камрян Аббасов («Боец») – Мелис Абдрахманов («Дордой-Ош») – Аббасовдун жеңиши

67 кг чейин

Салмоор Эргешалиев («Боец») – Тилек Батыров («Жаш-Күч») – Батыровдун жеңиши

77 кг чейин

Самат Эмилбеков («Боец») – Ербол Отегенов («Жекпежек» улуттук күрөш Федерациясы Казакстана) — Эмилбеков жеңиши

71 кг чейин

Рустем Мукатов («Токпак») – Рахманжан Муратов («Боец») – Мукатовдун жеңиши

84 кг чейин

Кылыч Саркарбаев («Муххамед Умар», Ош) – Нодар Кудукашвили (Грузия) — тең чыгуу

77 кг чейин дүйнө чемпиону титулу үчүн таймаш

Актилек Жумабек уулу («Боец») – Шах Бобонис (АКШ) — Жумабек уулу Актилектин жеңиши.

Жыргал БЕРДИБЕКОВ

Айбат гезити №107



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru