Айбат » Баатырлардын баяны

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Баатырлардын баяны

Байзак баатыр фото 2 (3)Ар бир доордун өзүнө жараша улуу нарктын  жүзү, символдору, калк кастарлаган кумири болот тура. Мисалга алсак, байыркы дүйнөнүн тарыхын тастыктап, ажарын ачкан «Манас» эпосубуз, тарыхты таасын өзгөрткөн эчендеген  кыргыздын балбандары, Кожомкул сындуу алптар өткөн дүйнөдөн. Мына ушул өӊдүү оз доорунда дагы бир кыргыздын кыраан уулу Байзак баатырдын жасаган иштери эл оозунда айтылып келет.

Тарых таржымалы

«Кымындай таштын да тарыхы бар» дегендей Байзак Токе уулу туурасында кыскача маалыматка токтоло кетүүнү  эп көрдүк.

Байзак Токе уулу(Байзак ажы)-Жумгалдын Чекир Саяк уруусунун Кулжыгач уруусунан чыккан, атак-даңкы 4 дубанга тараган тарыхый инсан болгон. Ал 1829-1941 жылдары жашап өткөн. Эл арасында Байзак баатырдын кара кылды как жарган калыс, адилет ишмердүүлүгү, кеменгерлиги, жөнөкөйлүгү, айкөлдүгү, эл үчүн жан аябай каруусун казык, кара башын токмок кылып аткарган иштери тууралуу ушул күнгө чейин айтылууда. Айтылуу Солто уруусунун акыны Жаманкул:”Үрүмчү,  Кашкар,  Үч-Турпан чек кылган Байзак аманбы, Манастын суусун Кытайдан талашкан Байзак аманбы, эрегишкен тууганды эп кылган Байзак аманбы” деп учурушканын урпактары аңыз кылып айтып калышат.

Байзак баатыр Жумгалда болуш болгон. Кара-Ойдо медресе ачтырып, балдарды окуттурган. Айткан сөзү төп келе турган, боло турган окуяны күн мурунтан биле алган олуя болгон.

 

Коомдук ишмер Жыргал Турускулов:

“Баа жеткис изи калды Байзактын…”

Байзак атабыздын ысымы кичи мекени Жумгал районундагы айылына ыйгарылды. Байзак айылында ушул баатырдын күмбөзүн тургузуу мен көтөргөн  инциатива аркылуу иш жүзүнө ашкан эле. Ошондой эле жыл сайын ар кыл багыттагы майрамдык иш чараларды өткөрүп турабыз. Быйыл Байзак баатырдын 185 жылдыгы болуп өттү. Мамлекеттик деңгээлде маараке өткөрдүк. ЖКнын депутаттары, коомдук ишмерлер жана башка кадырлуу коноктор келишти. Ат оюндары, маданий иш-чаралар мааракенин көркүнө көрк кошту. Аламан байгеге 3 жеңил машине коюлду. Байге калыстык менен өз жеңүүчүлөрүн тапты деген ойдомун. Бу дүйнөдө Байзак баатырдын  баа жеткис изи калды.  Элибиздин көңүлү жайдары, жакшы маанайда катышканы өңдөрүнөн байкалып турду. Мындан ары да жыл сайын Республикалык масштабда өткөрүү өз милдетибиз деп баса белгилеп кетемин.

 

Байзак баатыр фото 2 (1)Жумгалдагы  Байзак айылы  

Чындыгында Байзак болуш дээринен тубаса дипломат, тарыхтын тагдыр чечкен бурулуштарында «караңгыда жол тапкан» кыраакы,  айлакер инсан болгон. Оор кырдалда «тар жол тайгак кечүүдөн» элин аман-эсен алып чыккан Байзак болуш атагы чыккан. Жакшы менен жаманды иргеп, «кара кылды как жарган» адилет, өз өмүрүнө коркунуч туудурса да, кооптонуу жараткан күтүлбөгөн жагдайларды, татаал маселелерди чече алган баатыр болгон. Ал эптүүлүк менен уруулар жана инсандар аралык чыр чатактарды чече  билүүнүн чебери аталган. Кырдаал чегине жете курчуп, абал көзөмөлдөн чыга баштаганда чырды, чатакты токтоотуунун амалын аргасын табууну Байзактан суранышкан. Кичи мекени Жумгалда баатырдын аты ыйгарылды.

 

Байзак баатыр фото 2 (2)Байзак баатырдын баа жеткис сөздөрү

«Элди бийликтин күчү менен эмес, калыстыктын күчү  менен башкар. Калыстыктын күчү менен эл башкарсан, бийлигин бүткөн күнү да эл менен кала бересиң…Дүнүйөлүү киши оома келет, карапайым элге жак, мен калысмын деп өзүң айтпагын, сени калыс эле деп эл издесин».

«Туугандын турпагы алтын» дегени менен да мен бийлик ээси болуп турганда өзүм гана элдин сынында эмес, туугандарым да элдин сынында. Алардын шарияттын, мыйзамдын жолун катуу сакташы-туугандык парзы. Алар» Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок» деген сөздү менин наамыма айттырса, анын туугандыгына карабай, эл безер тетирлерин теске салыш шарыят жолунда да, мыйзам жолунда да бийлик үчүн артык иш. Мен тууганымдын болушу эмесмин, мен элдин болушумун. Тууганга калыс боло албаган, элге калыс боло албайт. Байзак Байзак болуп турганда бир тууган агасынын балдарында абакка салган деп келечек муун кеп кылышаар.  Эл жакшысы карапайымдыгын жоготсо, мансап куса, дүнүйө ээрчисе, өзүнө көнүмүш байкалбай жатканы менен анын паска түшкөнү ошол. Дүнүйөнүн чордону алтын го, дал ошол алтын жылтылдап адамды азезилдей ээрчиткени менен ак эмгектин алтыны болбосо азапка салат. Адам алтын таппай азап табат.

 

Байзак баатыр фото 2 (4)А. Молдалиевдин «Байзак баатыр» китебинен алынды.

 Байзак болуштун мындай терең ойлору жетекчи адам кандай болушу керек экендиги жөнүндө бизге калтырган баалуу нуска. Бул ойлор биздин замандын кишилерине сабак болчу курал экен.

 

Байзак баатырдын ишмердүүлүгү

Байзак баатыр кыргыз жергесинин Кытай менен болгон чек арасын тактоого жана белгилөөгө чоң салым кошкон. Агасы Атагелдинин өтүнүчү  боюнча Египет, Букара тараптан келген кербендер менен Үрүмчү, Үч-Турпан, Кашкар, Кулжага чейин барып, кыргыздын чектери менен толук таанышып чыккан. Кийин кербендер менен 2 жолу Ташкент, Кокон, Самарканд, Букарага чейин барып, шаар калкынын турмуш-тиричилигин өздөштүрүп таалим алган.

Россия-Кытай чек арасын ажыратууда Байзакты орус экспедициясы кыргыз өкүлү. Эксперт катары катыштырып, анын чек араны жакшы билгегине, далилдүү  талаша алганын баалап, ага чин алып берген байзак баатыр падыша өкмөтү тарабынан атайын сый чепкен жана медаль меенен сыйланган.

 

 Эр жүрөктүк канында бар баатыр

«Баатырды тарых жаратат, тарыхты эл жасайт» дейт элибизде. Чыныгы баатырдын жүрөгү элим, жерим деп согушу абзел. Даанышман ойчул Байзак баатыр: «Менден кандай нерсе сурабагыла сөзсүз берем, бир гана нерсени тартуулай албайм, ал менин жерим» деген экен . Бычактын мизиндей курч ойлор, жолборстун айбатындай эр жүрөктүк, барстын баасындай сүрдүүлүк бардык эле баатырлардын  напсисине ыроолой бербейт. Андай балбандар чанда гана. Байзак баатыр  мына ошол сейрек адамдардын бири болгон.

Самара Саламатова



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru