Айбат » Келдибеков кайда? Германия… Кайда? Дубайда… Кайда? Айда…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Келдибеков кайда? Германия… Кайда? Дубайда… Кайда? Айда…

Келдибеков АхматбекКайра-кайра арызданып, ден-соолугун шылтоолоп атып коррупцияга шектелген Акматбек Келдибековдун дарылануу үчүн Германияга кеткенине көп болду. Тактап айтканда аны дал ушул өлкөгө дарылантуу үчүн алып барабыз дешкен тарапташтары, адвокаттары. Башында ал тууралуу адвокаттары «Германияда дарыланып жүрөт» деп айтып келишкен болчу. Анан эле эркин басылмалар анын Дубайда эс алып жүргөнүн жазып чыгышкан. Кийинчерээк Келдибеков өзү маалымат сайттарынын бири аркылуу маек куруп, «Германияда эле дарыланып атканын айтып, аны эс алып жүрөт деп айтып аткандар менен кийинчерээк жигитче сүйлөшүп ала тургандыгын» эскерткен. Эми болсо адвокаты Татьяна Чильникина анын чет өлкөлөрдүн бириндеги бейтапканалардын биринде дарыланып атканын айтып, «коопсуздугу үчүн Келдибековдун кайсы чет мамлекетте дарыланып атканы айтылбайт» деп табышмактантып жатканын уктук. Деги кайсыл маалыматка ишениш керек. Кандай коопсуздугу үчүн? Аны чет мамлекеттен бирөөлөр сабап кетмек беле? Соттун атайын чечими менен ден-соолугун чыңдаш үчүн бошотулгандан кийин кайсыл даректе жүргөндүгүн ачык эле айтып турушу керек эмеспи? Же мунусун акырындык менен изин биротоло жашыруу аракетин жасап атканы деп түшүнө берелиби?

Айбат гезити №108




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru