Айбат » “Фас-с” десе “ар-р” этип асылгандар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » “Фас-с” десе “ар-р” этип асылгандар

КанчыкБул башы муз үстүндөй жылтыраган адам короосундагы күчүктү көрөөр көзү болгон жубайынын кызыгуусу менен багып алган эле. Ээрчишип алышып ээн бакты аралап келатышса, көздөрү жаңыдан гана ачылган ошондогу бул күчүк алардын алдынан томолонуп-жумаланып чыга калган болчу. «Борс-борс» эте үн чыгарып, анан аялынын буттарына келип кыңшылай калган болчу. «Сүйгүнчүктүү күчүк экен» деген аялы. «Кой, бул жолбун күчүктү не кыласың?» деген күйөөсү. «Байкуш энесинен адашып калган го» деген аялы үйрүлө түшүп. «Ташта, – деген күйөөсү. – Жолбун күчүктө ар кандай оорулар болот, жугузушу мүмкүн». Бирок аялы көзүнүн жашын кылгыртып калганынан макул болуп, үйлөрүнө алып келишкен. Ошондон бери ал күчүк бул короонун короочусу. Жалтыр баш кожоюну жакшы кызматта иштегендиктен, үйүнөн майлуу эт эч качан үзүлбөйт. Аш көп болсо, каада көп. Эрке талтаң уул-кыздары эт жей берип көңүлдөрү да калган. Кожоюн өзү дагы устуканды кармап жегенди эп көрбөйт. Тууралган гана эт жейт. Анан короодогу бул күчүктүн алдына күнүнө үстүртөн гана эти шылынган майлуу устукандар келип турат. Кээде кожоюнунан артып калган тууралган эттер келет. Ошентип жыргап-куунап эле жашап атыр эле…

Анан эле кожоюнунун бут алдынан эмнегедир акыркы учурларда жер көчө баштады окшойт. Негедир кечкисин эле жалтыр баш кожоюн көрөөр көзү, анан эрке талтаң уул-кыздары менен үй ичинде бир нерселерди узакка сүйлөшүп, короосундагы күчүк тууралуу таптакыр эстеринен чыгара башташты. Баягы тууралган эт, майлуу устукандар күчүктүн түшүнө кире турган болуп калды. Карды ток кезиндегидей карт кекирип коюп, ары-бери өткөндөргө «Менин кожоюнумдун жанына келип эле көргүлөчү» дегендей арсылдап үрүп коюу деген калды. Бирок, бул да жөн күчүк эмес эле. 5-6 жылга «перед» ойлончу. Бул короого келгенине 3-4 жылдай болуп калган. Ошол убакыттын ирмемдеринде ал кожоюунуна билгизбей короосундагы көзүнө көрүнө калган баалуу буюмдарды кошуна-колоңдоруна сата коюп, жакшы эле каражат жыйнап алган.

Отуруп алып эсептесе, кожоюунуна көрсөтпөй туптуура 342 буюмду саткан экен, пай-пай. Анан кожоюну негедир акыркы күндөрү казан-аягын бир четинен жыйнаштыра баштагандай болду. Ал ансайын күчүктүн чыйпыйы чыгат. Кээде эки кабат хансарайдын оозгу эшигин тиши менен тиштегилеп, кыңшылайт. Ошентсе деле баягыдай майлуу устукандар жок. Кынжыйып арыктай баштады. Муну өзүнүн башына айланып аткан кара булуттан улам кападар болуп жүргөн кожоюну байкаган жок. Ошентип бир-эки айча ачка калган күчүк кожоюнуна кекене баштады…

Бир күнү жалтыр баш киши жумушунан кайтып, короосуна кирейин десе күчүгү алдынан атырылып чыкты. Мурдагыдай шыйпаңдап эмес, айбат көрсөтүп, жүндөрү тикчийип. Кожоюн түшүнбөй, ансыз да чачы калбай калган башын кашыгылап коюп, үйүнө кирип кетти. Ал үйүнө кирип кетери менен короонун сыртынан дагы бир караан пайда болду. Мунун маңдайы бир аз алыстап баратканы менен чачы бар экен. Колунда кармаган баштыгы бар. Анын ичинен жаңыдан гана бышырылган жылкынын майлуу этинин жыты чыгат десең, бах… Мурда бул короонун жанына жакын жологон адамга атырылып турчу күчүктүн куйругу негедир шыйпаңдайт. Көздөрү жалооруйт баягыны карап. Анан ал алып келген баштыгын күчүктүн оозуна тиштетип коюп, кайра кетти. Күчүк «борс-борс» эте ыраазычылыгын билдирип кала берди. Анан баштыктагы майлуу этке, казы-карта, чучукка кекиртегине чейин тойду. Жүнү тирилип калды заматта. Жалтыр баш кожоюн күчүгүн башка бирөөлөр «бага» баштаганын этибар албады. Күнүгө жумуштан кайтып келгенде күчүгү алдынан атырылып үрүп чыкчу болду.

Акыркы учурларда багалегинен да тиштеп калды. «Буга жин тийгенби» дей баштады кожоюн. Күнүгө бирден баштык бышкан эт эми сырттан келе баштады күчүккө. Анан акырындык менен баштык көтөргөн адам кожоюн жокто күчүктүн коштоосу менен короого кире баштады. Хан сарайдын жертөлөсүнөн тарта чатырына чейин чыга баштады. Негизги эшиктен жашыруун эшиктерге чейин күчүк тааныштыра баштады ага. Ошентип бир күнү күчүк 3-4 жылда түрдүү буюмдарды сатып чогулткан каражатын артынып, баягы баштык менен эт алып келчү адамды ээрчип короодон чыгып кетти…

 

 Күчүк жана анын командасы

Күчүктүн ко;jюну алмашты. Бирок бул кожоюну ага жаккан жок. Анын үстүнө ал «мурдагы кожоюнуңду саткан мени деле сатасың да» деп кекээрлесе жанына тура албайт. Ичи сыйрылат. Ошентип бул хансарайга аны короочулук кызматка албай коюшту. Жөн гана пайдаланылып калганын кеч түшүндү күчүк. Анан кайрадан салпактап жолбун күчүккө айланды. Килейген короону каалагандай калчап, кайсынысын сатып, кайсынысын калтыруу керек экенин өзү чечип көнүп калган күчүк аргасы түгөнүп, кимге барып шыйпаңдаарын билбей жүрдү. Жолбун күчүк болуп жүрүүнүн өзү ага жага бербеди. Жолдон ары-бери өткөндөр көчүк талаштыра тээп кетишсе, эски күндөрүн эстеп көзүнө жаш тегеренет. Ошентип «тынч» эле жүргөн күндөрүнүн биринде «ит атаарлар» артынан сая түшүп калбаспы? «Мамлекеттин буюмдарын сатып жиберген экен» дешип. Ал саткан буюмдар мамлекеттики экенин түшүнүп коюптурбу күчүк? Азыраак убакыт эркин жүрө калып, демократиянын даамын тата калган күчүк түз эле Американын элчилигин көздөй качты жан аргасын кылып. Күчүккө «загранпаспорт» даярдалды. Анан түн ката дагы бир американецтин күчүгү катары Америкага сапар алды. Ал жактан эркиндик, демократия тууралуу кеңири «түшүнүккө» ээ болду.

Туулган жерин сагынганы менен баягы баштык менен эт ташыган экинчи кожоюну аэропорттун түшө калышына эле «ит атаарларды» коюп койгонунан улам сагынычын ичине катып жүрдү. Арадан беш жыл убакыт өткөн соң өз өлкөсүндөгү баягы экинчи кожоюну да короосунан кубаланып, чет өлкөлөрдүн бирине качып кеткени тууралуу кабар алды. Кабар алаары менен Америкадан тапкан жүк-жүбүрүн артынып өз өлкөсүн көздөй сапар алды күчүк…

 ***

Күчүктүн өз өлкөсүнө келиши аябагандай зор салтанат болду. Мурдагыдай бир короонун короочусу болбосо дагы, галстук тагынган кызматка отурду. Анан акырындык менен Америкадан үйрөнгөн «демократиясын» таңуулай баштады. «Эркин» жүргөнгө көнүп калган күчүк ага галстук тагынганга жардам кылган жаңы кожоюнун бат эле алдап кетти.

«Өз алдымча эркин күчүк» болом деди ал. Мурдагыдай короо кайтарбагандан кийин сатып жиберип чөнтөгүн толтурайын десе, андай ыңгай жок. Таптакыр башка заман болуп калыптыр. Кыбыр эткендин баары көрүнүп калат экен. Эл мындай ууру күчүктөрдөн жедеп тажаган окшобойбу? Казынага колун салгандардын бардыгы эле четинен соттолуп атыптыр. Аргасы түгөндү. Алган айлыгына деги эле ыраазы болбойт. Анан анын галстук тагынып калганын уккан Америкадагы кожоюндары байланышка чыга башташты. «Силердин өлкөңөл че-то бизди укпай баштады. Өз алдынча өнүгүп башташыптыр. Ушуга жолтоолук кылып, кичине арсылдап үрүп тур» дешип баштык толо «жашыл кагаздарды» сала башташты. Мындай кагаздардын жыты эттин жытынан да сонун экендигин Америкада жүрүп билип калган да, дароо макул болду.

Бирок, кашайып ал үрсө, өлкөсүндөгү элдин кыжыры келет десең. Уккулары жок. «Калп үрбө, анткорлонбо» дешет. Кайсы жерге барып, Америка саясаты тууралуу «үрүп» берейин десе эле, көчүккө тээп кууп чыгышат. Аргасы түгөндү. Анан отуруп-отуруп, ойго батты. Оюна жакшы идея кылт этти. «Күчүктөр командасын» түзүш керек деди. Өзүнүн эскирип калганын, ит болбой эле күчүк боюнча картайып баратканын жакшы түшүнүп, «жапжаңы муун» деген команда түздү. Ага жалаң жаңыдан көзү ачыла баштаган күчүктөрдү топтоду. Бирок, алар көздөрү ачыла элек жатып эле сөөк мүлжүй баштаган күчүктөр болуп чыкты. Бул чоң күчүккө абдан жакты. Ошондон тартып ал чоң күчүк аталып, жаш күчүктөргө Америкадан баштыгы менен келчү «сөөктөрдөн» бөлүшүп турчу болду. Алар ар кайсы жерге барып чоң күчүктүн көрсөтмөсү менен «үрүп» келишет. «Эркиндик керек, демократия керек, Америка жакшы, Россия жаман» деп үрүшөт.

Ал үчүн чоң күчүктөн өздөрүнүн «долясын» алып турушат. Жаш күчүктөргө жашынып иш кылган чоң күчүк Америкадагы кожоюндарынан чоң-чоң «долясын» алат. Айтор жыргализм болду күчүктөргө. Тынч жаткан элдин мээсин эзип, кээде түндө, кээде күндүз үрүшөт. «жашообуз начарлап баратат» дешет, бирок жашоолору сонун экендиктери жүздөрүнөн билинип турат. Жүндөрү жылтырайт. Чоң күчүк, кичине күчүк болуп ээрчишип алып тамак ичкен жерлери кымбат кафе-ресторандар. Өздөрү Кыргызстанда жашап атышса да, «Жашасын Америка» деп жашап келишет. Күчүк үчүн тойгон жери Мекен деген ушул тура…

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №108



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru