Айбат » Акыркы 10 жылдыкта АКШ демократиядан олигархияга айланды, финансылык элитасы өлкөлөрдү башкарууга координациялашкан, – “Dagbladet “, Норвегия

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Акыркы 10 жылдыкта АКШ демократиядан олигархияга айланды, финансылык элитасы өлкөлөрдү башкарууга координациялашкан, – “Dagbladet “, Норвегия

Америка олигархтарыАкыркы 10 жылдыкта АКШ реалдуу бийлик элде болгон демократиядан финансылык элита саясый спектрдин оң жана сол бөлүктөрүндө турган, мамлекеттерди башкарууга координацияланышкан олигархияга айланды.

Америкадагы эң алдыңкы интелектуалдардын катарында эсептелген жана дүйнөдөгү алдыңкы окумуштуулардын бири болгон Ноам Хомскийдин АКШ биздин замандын ири террордук булагына айланды деп жазган факты капа кылат. Ачыгында Хомскийдин пикири боюнча АКШ көптөн бери эле демократия болуп эсептелбейт. Тескерисинче олигархиялык элита элдин атынан башкарып, алардын кызыкчылыгын коргоп аткандай түр көрсөткөн бир партиялуу мамлекетке окшойт.

Ушул сыяктуу эле жыйынтыкка Принстонс университетинин жаңы иликтөөлөрдүн авторлору келишкен. Мартин Джиленс (Martin Gilens) менен Бенджамин Пейдж (Benjamin I. Page) АКШ акыркы 10 жылдыкта бийлик чындыгында элге тиешелүү болгон демократиядан финансылык элита саясый спектрдин оң жана сол бөлүктөрүндө турган, мамлекеттерди башкарууга координацияланышкан олигархияга айлангандыгын иликтешкен. Классикалык бөлүктөр – «оңчулдар» жана «солчулдар» практика жүзүндө азыр жашабайт. Биз Маршалдын Планы боюнча билген жарандык укук жана жеке эркиндик үчүн күрөшкөн мурунку кең пейил АКШ өтө терең жаңылыштыктын жолунда турат.

Хомский кече жакында эле «TruthOut» Интернет-порталына АКШ тарабынан өткөрүлгөн жашыруун операциялар тууралуу ЦРУ даярдаган отчетко багытталган сын макаласын жарыялады. Сындын көпчүлүк бөлүгү – башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүү алардагы дестабилдүүлүктү активдештирип жана кайгылуу гуманитардык таасирлерди берип жатканына байланыштуу болгон. 15-октябрда «The New York Times» гезити ЦРУнун отчету тууралуу жана Барак Обаманын администрациясы тарабынан жасалган Куба, Ангола, ЮАР жана Никарагуадагы жашыруун операциялар ушунчалык ийгиликсиз болгондугун, мындай жагдай бардык стратегияны кайра баштан карап чыгууга мажбур кыларын айтып чыкты. Мына ушул жыйынтыкка байланыштуу басылма сириялыктарга карата берилген жардамга ишенбөөчүлүктү билдирди. Хомскийдин пикринин дагы бир негизги тезиси НАТОнун дагы радикалдуу өзгөрүүлөргө баргандыгы туурасында болууда. Советтер союзунун кулашынан кийин Түндүкатлантикалык альянс европалык коопсуздук союзунан интервенция жана агрессорлук үчүн АКШнын башкаруусундагы куралга айланды – дүйнөлүк нефть-газ тармагына үстөмдүк кылууга суусап турган…

Хомскийдин АКШны террордун булагы катары айткан кече жакындагы революциялык билдирүүсү Вашингтондун ийгиликсиз өтүп аткан жакынкы чыгыш саясатында өтө актуалдуу болууда. Алардын аракети жаңы «Муздак согуш» деңгээлине чейин күчөтүүгө себеп болчудай. Йель университетинин профессору Брюс Акерман «Ислам мамлекети» террористтик тобуна каршы сокку биринчи кезекте конституцияны бузат, аны менен бирге АКШ калкынын каалоосуна каршы келет. «Public Police Pollingдин» иликтөөсүнө ылайык АКШ калкынын 74 пайызы жаңы согуштарды каалабайт. Мамлекеттердин улуттук суверенитет принцибин сыйлабастыгы АКШнын Сириянын өкмөтү менен консультация кылбастан анын аймагында сокку жасап жатканы көрсөтөт. «Ислам мамлекети» сыяктуу топтор менен сөзсүз күрөшүү керек, бирок мына ушундай террористтик топтор америкалык куралдарды жана техникаларды колдонуп атканы акылга сыйбайт. Эл аралык ММКлардын маалыматтары боюнча «Ислам мамлекети» тобу Сирияда Башар Асадка каршы аракетин баштаганда алар Вашингтондон жардам алышкан, ал эми алардын согушчандарын Иорданияда америкалыктар окутуп үйрөткөн. Конфликттин башында эле сириялыктар согуш эмнеден башталганын билдиришкен. Алардын айтымында Ливиядагы операциядан кийин алардын өлкөсүндө өтө оор куралданган суннит-экстремиттердин топтору сырттан кирип келген.

«Ислам мамлекети» (ИМ) тобу АКШнын Иракта басым көрсөтүүсү үчүн түзүлгөндөй болушу да картинаны жакшыртпайт. Ал жакта америкалыктар балансты бузушуп, өкмөткө шииттерди отургузушту. Анан аларды мусулман-сунниттерди кысымга алууга колдонушту. Вашингтон кырдаалдын деструктивдүү таасирлери болуп кетишин күткөн эмес деп айтууга болбойт. Тээ 1994-жылы кичүү Джордж Буштун убагында вице-президент болгон Дик Чейни өзүнүн интервьюсунда дал ушул Иракта түрдүү диний фракциялардын балансынын бузулушунун кооптуулугу туурасында айткан.

Эми Обама болсо, «CNN»дин маалыматы боюнча Суннит ИМсы менен болгон күрөш өтө жай жүрүүдө, себеби Асад (ИМ душманы) жеңилбес деп аныктайт. Мындай билдирүүлөр жаңы карама-каршылыктарды жаратат.

«Туман войны» деп аталган документалдык фильмде АКШнын көптөгөн жылдык тышкы иштер Министри (катасы: чындыгында Роберт Макнарама АКШнын коопсуздук министри болуп 1961-1968-жылдары иштеген) жана Бүткүл дүйнөлүк банк тобунун башчысы Роберт Макнарама жарандык согуштарга бир тарабына гана бир тараптуу колдоо көрсөтүү менен кийлигишүү болгон АКШнын стратегиясы көптөгөн конфликттерди жөнгө салууга жасалган аракеттердин талкаланышына алып келгендигин белгилеген. Генри Киссинджер сыягы мындай кам көрүүчүлктү бөлүп карайт. Ал өзүнүн «Дүйнөлүк тартип» аттуу акыркы китебинде америкалык саясат «демократияны жана адам укуктарын орнотуу» Жакынкы Чыгыш маселелерин чечет  деген идеологиялык ишенимдин капканын тапты деп билдирет. Кеп жер бетиндеги реалдуу абалды эске албастан жасалган идеологиялык кадам тууралуу болуп атат. АКШнын Афганистан, Ирак, Ливия, Египет жана Сирия өңдүү мамлекеттерде режимдин алмашуусуна кошкон салымынын жыйынтыгы кырдаалдын начарлашына гана себепкер болгондугун көрсөттү. Батышта жүздөгөн жылдар бою башкаруу формасы катары өнүгүп келген демократия башка региондордо аскердик кысым менен автоматтуу түрдө орнотула албастыгын эске алышкан жок.

АКШ алардын идеологиялык демократиялык умтулуусу Жакынкы Чыгышта Россия президенти Владимир Путиндин реалдуу жолуна салыштырмалуу аз гана урмат-сый менен колдонулуп жатканы парадоксалдык көрүнүш.Владимир Путин Forbes журналынын версиясы боюнча эки жыл катары менен дүйнөдөгү эң таасирдүү адам болуп табылган. Парадокс төмөнкү жагдайдарда да бар: Батыш ММКсы тарабынан батыштын аймагынан сырткаркы көптөгөн өлкөлөрдө «жер бетиндеги» плюралисттик реалдуулукту өтө төмөнкү деңгээлде обьективдүү чагылдырууда. Реалдуулуктан алыс турган батыш идеологиялык максаты дүйнөгө жаңы конфликттерди жаратуучу фактор болуп калышы ыктымал.

Принциптерди сыйлабаган, көз карандысыз мамлекеттердин ортосундагы карым-катыштарды жөнгө салган мурдагы демократиялык АКШнын автократиялык аскердик мамлекетке айланышынын коркунучу тууралуу көптөн бери алдыңкы ой жүгүртүүчүлөрдү кыжаалат кылып келген. 1961-жылы президент Дуайт Эйзенхауэр АКШдагы демократиянын эрозияга чалдыгыш мүмкүндүгү тууралуу кооптонуусун билдирген. Негизги коркунуч катары ал саясатка аскердик үчтүн тартылышынын өсүүсүн айткан. Эйзенхауэрдин кооптонуусу бүгүнкү күндө реалдуу турмушта жүзөгө ашып атат.

АКШнын автократиялык башкаруу формасына карай жылып атканын эске алып, Европа алардан үлгү албашы керек экендигине бардык негиздер бар.

Ханна Набинту Херланд – норвегиялык жазуучу, публицист жана дин тарыхы боюнча эксперт 01.12.14

Айбат гезити №108



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru