Айбат » Султан Садыралиев: “Ар кимди барып бир мактап ары жок ырчы боло албайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Султан Садыралиев: “Ар кимди барып бир мактап ары жок ырчы боло албайм”

Султан СадыралиевБүгүнкү каарманыбыз туз насиби сахнадан буюрганын жашырбай келет. Ырчылык  өнөр ооз учунан айта салганга канчалык жеңил сезилгени менен, ошончолук даражада ары татаал, ары түйшүктүү, ары кызыктуу. Султан мырзанын аткаруучулук  чеберчилиги, ырларынын көркөмдүгү, көп түрдүүлүгү  менен күйөрмандарынын урмат-сыйына  ээ.

- Султан, акыркы жаңылыктардан бөлүшө кетсең…

– 11-декабрда  боло турган «Кыргыз бийи» аталыштагы концертке кызуу даярдык көрүүдөбүз.  Өзгөлөрдөн  өзгөчөлөнгөн концерт жандуу  үн менен коштолуп, театрлаштырган концерт болмокчу. Режиссёру «Дем» театрынын жетекчиси Назым Меңдибаиров. Профессионал музыканттар: «Чоро» тобу, гитарист Чыңгыз Турдубеков, жаш комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу катышышат. Бул музыканттар менен дуэт ырлар да аткарылмакчы. Комуз, Домбура менен санат, дастандарды ырдаймын. Албетте, эстрада жаатындагы ырларды да күйөрмандар күтүүдө. Эң  өзгөчөсү сахнада эл менен пикир алышып отурамын. Ошто концертим болду. Тажатма концерттерде бүтө электе көрүүчүлөрдүн саны суюлуп, чыга башташат эле. Негедир концертимде аягына чейин көрүп, жарым саат кол чаап турушту. Демек, буюрса бул концерт да ошондой дем менен  өтөт деген  үмүтүм зор.

Султан Садыралиев- «Кыргыз бийи» деп аталыштын да себеби бардыр…

– Быйылкы чоң ийгилигим «Кыргыз бийи» долбоорунда менин ырдап чыкканым болду. Ы. Жабиров уюштурган бул долбоордо чоң сумма жумшалган. Демөөрчүсү элдин мекенчил уулу ЖКнын депутаты А. Сулайманов болду. Негизи мамлекеттик деңгээлдеги маданий иш-чаралар «Кыргыз бийи» ыры менен коштолуп жатканына эл күбө. «Кыргыз бийи» ырдын сөзү  акын Кыялбек Урманбетовго таандык. Клипти тарткан Сүйүн Откеев. «Кул кармайм дейт куйрукту, Кудай билет буйрукту» демекчи бул ырды ырдоо насиби мага туш келиптир. Болбосо, башка ырчылар да тандоо турунда бар эле.

- Ырдын улуулугу обончунун жүзү тура. Обончулар сенин баамыңда…

– Ооба, чыгармачыл адам болгон соң,  өзүм ырларын сүй п ырдаган обончуларым бар. Акыркы ырларымдын бири «Кетеличи» деген ыр. Ырдын автору көптөгөн ырлардын обондорун жазган обончу Абдуманап Төрөбеков. Абдуманап аганын обондору тунуктугу, жугумдуулугу, мукамдуулугу менен жагат. «Бир келип кетчи Ош жака», «5 «б» класс», «Мажүрүм тал», «Микробу жок тоолорго баргым келет» жана башка ырлары керемет обондор эмей эмине. Мен ырдаган ыр мага аябай жагып калганынан жан-дүйнөм менен берилип ырдап, ырга жаңы боёк коштум. Дагы да бул обончунун мукамдуу обондоруна кайрылам деген ойдомун.

- Сахнадагы алгачкы Султан менен азыркы Султандын айырмасын байкай алдыңбы. Дегеним адамдын  өзүнөн  өтөөр сынчы жок экен…

– Туура… Кызык суроо экен. Экөөнүн айырмасы азыркы Султан токтоо жана кадыресе кадыр-барк топтой алган талант экенинде. Дагы бир баса белгилеп кетчү нерсе бул Султан чыгармачылык жаатта  өсүш жолунда. Сахнадагы алгачкы Султан ал кезде  ырдап койгондон башка эч нерсе менен иши деле жок  болчу. Бардык жүктү мойнуна алган жалгыз продюсер эле. Ал эми азырчы? Ошол продюсердин түмөн түйшүгүн азыркы Султан жон териси менен сезип жатат. Маңдай терибиз адал эмгектен акса биздин утушубуз ошол экен.

- Чыныгы чыгармачылыктын кулу бул чөйрөгө кокусунан келбейт экен…

– Керемет сөз. Биз Кыргызстанга 1999-2000 жылдары көчүп келдик. Мектеп босогосун аттаганда эле, мектептин директору Нуржамал Козубекова менин талантымды байкап, Мээрим фонду уюштурган «Жаш таланттар» конкурсуна катыштырган. Ал эженин жардамын эч качан  унутпаймын. Менин атамды да ишке орноштурган. Атам шахмат  үйрөтүп, жаш шахматчылардын шыгына шык кошту.

- Азыркы жаш ырчыларыбыз  компьютердин күчү  менен ырдап, бирин-экин клип тарттырып алып, «жылдыз» болуп чыга келген ырчыларга көз-карашыңыз…

– Эгер, ошол ырчы элден да биринчи  өзүн сыйласа башка кесиптин ээси болоор эле. Бирок,  андай ырчылар элдин элегинен  өткөнү дурус. Жандуу  үн кандай сонун. Комуздун  коштоосунда нукура фольклор элдик ырларды ырдаган ырчылардын  үнү да кулакка жагымдуу угулат. Искусство курмандыкты талап кылат. Жеңижоктун ырындагыдай  “каргалар какылдабаганда, булбулдун  үнү айырмаланбай калмак..” деген саптары бар. Ошондуктан булбулдар айырмаланыш  үчүн каргалардын да какылдап турганы жакшыдыр.

Султан Садыралиев- Сенин жашооңдогу кредо?

– Бул дүйнөдө таза жүрүп, адал эмгек табуу. Менин жашоомдогу бийик туткан нерсем ушул. Себеби, бул дүйнө жалган экенин билип алгам. Кээде байкелерди сыйлап тоюна барып бир ырдап коёсуң. Экинчи жолкусунда мен сага пакет жасап берем мага ырдап бересиң деп буйрук катары тонун  өзгөртүп сүйлөшөт. Ошол маалда аргасыздан Токтогулдун сөзү эске келет «Ар кимди барып бир мактап ары жок ырчы боло албайм» деген. Чындыгында арабызда Арзыматтар бар, чоңдорго кызмат кылганга ошолор деле жетет. Бирок,  ар бир талант  өз деңгээлине жараша күн кечирип келет эмеспи. Аруулукту тунуктукту кимдер гана сүйбөйт. Мен ошол ойдун тунугун издейм. Оюуң тунук болсо,  жаман жолго барбайсың. Бир кезде Султан ичип кетиптир деген сөздөр да чагылгандай тез эл арасында тарап кеткен. Эгер Султан ичип кетсе, азыр элине чыгармачыл отчёттук концертин тартуулайт беле. Ошондуктан ыплас нерселерден алыс болууга аракеттенесиң. Пакиза адамдын ою тунук болот да. Арабызда пакиза адамдар көп болсун.

- Айрым замандаштарыбыз байлыкты кадыр-барктын бийик тепкичи катары көрүп калышпадыбы. Сенин оюңду уксак…

– Каяктагы кадыр-барк?! Мисалы тээ качантан бери жел басып, текчеде турган китептерди талашып кызыгып окуган окурман болсо, ошол кадыр-баркка ээ деп ойлойм. Биз улам  өнүгүүнүн,  өзгөрүүнүн доорундабыз. Азыркы мектеп окуучулары, студенттер китеп окубай эле интернеттен чукулап эптеп сабактарына даярданышат. Ошол жаштарда бизге окшоп, мурункудай китеп окуу деген түк оюнда жок. Улуу жазуучу Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» тарыхый романын кайрадан кызыгуу менен окуудамын. Мына сага көркөмдүк!!. Мына сага нарк-насил! Бизди китеп тарбиялаган. Азыркы жаштарыбыз да китеп менен тарбияланса деген чакырык жасайт элем.

Төлөбүбү КАСЫМАЛИЕВА

Айбат гезити №108




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru