Айбат » Жолдош Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган волейбол

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Жолдош Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган волейбол

ВалейболНарын облусунун Кочкор районунда 9-декабрда апрель элдик революциясынын баатыры Жолдош Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган волейбол оюнунан мелдештин кезектеги турниринин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Турнирге Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Кайрат Асанов, Замандаш ассоциациясынын аткаруу директору Майрамбек Жапанов жана маркум Ж.Кудайбергеновдун апасы Нурия Айбосунова катышты.

Бул турнир жыл сайын өткөрүлүп келет, жалпысынан турнирге Кочкор районунун айыл өкмөттөрүнөн 13 команда 40 жашка чейинкилер  андан кийинкилер  5 команда  болуп оюн көрсөтүшүп өз ара күч сынашты. Турнирди жыл сайын Замандаш ассоциациясы жана туугандары уюштуруп өткөрүп келет, жалпы байге фонду 60 миң сом болуп жеңүүчүлөргө кубок жана медалдар тапшырылды.

1. орунга «Чолпон «командасы

2 орунга «Молдо Кылыч»

3 орунга «Семиз бел»  командасы болсо ал эми кырк жаштан жогорку топтогулар болсо төмөндөгүдөй болду

1 «Кочкор»

2 «Чолпон»

3 «Көк-жар»

Валейбол Кочкор (4) Валейбол Кочкор (3) Валейбол Кочкор (2) Валейбол Кочкор (1) Валейбол Кочкор (5)

Маалымат катары айтсак Жолдош Кудайбергенов аталган ассоциациянын координатору болуп 2009-жылдардан бери эмгектенген. Жолдош Кудайбергенов Кочкор районуна караштуу Мантыш айылында 1974-жылдын 12-декабрында туулган. Эл арасында кадр баркка ээ өз ишин жакшы билген мекенчил инсан болгону айтылды эскерүү кечесинде.

Айбат гезити №108




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru