Айбат » Эл өкүлдөрү элдин үнүн жеткирет, А өкмөт аке аны угабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эл өкүлдөрү элдин үнүн жеткирет, А өкмөт аке аны угабы?

Ольга ЛавроваБизде билим берүү, илим тармагына аткаминерлер ооз көптүрө сүйлөсө, азуусун айга кайрашаарын көрүп-билип эле келе жатабыз. “Билим алуу – ийне менен кудук казгандай” деген сөз бу жакта эле калат. Бул тармактын мааниси жөнүндө сөз болгондо эмне деген гана асыл сөздөр чыкпайт. Бирок, зээнди кейиткени ошол ооздон чыккан кооз сөздөр, кагаз бетинде эле калып, ар кимдин упай топтоосуна курал катары гана айтылганы сокурга да маалым болуп калды.

“Куру кыйкырык, куу сүрөөндөн бөлөк иш кылышпайт” деп биз жемелеген Жогорку Кеңештин депутаттары мугалимдердин айлыгын көтөрүү, мектептерде китеп жетишсиздигин чечүү демилгесин көтөрүп келишет. Акыйкаттык үчүн айтышыбыз керек, учурдагы президент өкмөттү жетектеп турганда мугалимдердин айлык акысы эселеп көтөрүлгөн. Алгач айлыктар көтөрүлгөндө чындап эле мектептерде мугалимдердин таңсыктыгы чечилип, ал тургай айрым жерлерде конкурс менен кабыл алуу башталган. Мугалимдиктин баркы артып, бир кезде айлыктын аздыгынан кесибин таштап, базарга кеткен мыкты мугалимдер кайра келе баштаган болчу. ЖОЖ бүтүрүүчүлөрү дагы айласыздан эмес, өз ыктыяры менен мектептерге бара баштаган. Тилекке каршы, мындай саамалыкты андан кийинки өкмөт башчылары уланта алган жок. Сааттарды кыскартуу, эмгек стажысына кошулчу төлөмдөрдү алып салуу менен маяналардын көлөмү азайды.

Акыркы мезгилдерде жер-жерлерде эл менен жолугушууга барган эл өкүлдөрүн алка-жакадан алган маселелердин бири да ушул болуп калганын телеси да, гезити да, интернет сайты да жазып эле жатышат. Эл өкүлдөрү олчойгон убадаларына кошуп, мугалимдердин айлык маселесин өкмөттүн астына коюп келе жатышат. Өкмөт өкүлдөрүнө сылап-сыйпап да айтып көрүштү, шалбырата сөгүп катуу да айтып көрүштү, мыйзамга да такап көрүштү. Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети бул маселени көтөрүп-көтөрүп тажаганда, жалпы парламенттин кароосуна салып, депутаттык комиссия түзүп, Жогорку Кеңештин токтомдорун да токууга үлгүрүштү. Өкмөт болсо мугалимдердин айлык акыларын жогорулатууга каражат булактары жок деп алаканын жайганы жайган.

Кечээ жакындан бери парламентте келерки жылдын республикалык бюджети талкуудан өтүп жатат. “Балким, андан оош-кыйыш кылып, мугалимдердин айлыктарына каражат табылабы?” деген жакшы тилекте депутаттар мугалимдердин маяналарын көтөрүүнү бул талкууларда да эске салганы салган. Ал гана эмес эл аралык мааниге ээ болгон Кыргызстандын Бажы бирлигине кошулуусу да катарлаш талкууланып келе жатат. Жыл сайын боло келген инфляцияны кой, айдан ачык баалар көтөрүлөт деген бул жагдайда да айлык маяналарды, алардын ичинде мугалимдердин эмгек акыларын көтөрүү маселеси аткаруу бийлигинин планында эмес, оюнда да жоктугу таңгалыштуу. Болбосо, бул маселеге катардагы депутаттар эмес, комитет төрагалары, фракция лидерлери да кабатырланып, бюджет долбоору, Бажы бирлиги жөнүндө талкууларда байма-бай көтөрүп, алдыда кандай гана социалдык жарылуу күтүп жатканына маселени кабыргасынан коюп, коңгуроо кагып жатканына да кулак какпагандай.

Эми ошол “акча жок” деп таңдайын такылдаткан Каржы министрлигинин ишин Эсеп палатасы тарабынан текшерилген бир фактыга токтололу. 2013-жылы министр Ольга Лаврова чет өлкөлөргө бизнес-класс учактар менен учуусуна 630 миң сом каржыланганы, натыйжада 390 миң сом максатсыз пайдаланылганы айтылат. Бул бир гана министр айымдын жеңил-желпи, жумшак учуп-конуусуна жумшалганы. Көрсө, анын орун басарлары дал ошондой жайлуу жайда учат экен. Ал эми аны коштоп баргандарыныкычы?

Бул тилекке каршы, биз билген бир гана мисал. Өкмөт элдин атынан сүйлөп жаткан эл өкүлдөрүнүн айткандарына кулак салса гана дейбиз. Алар болгону элдин үнүн жеткирүүнүн гана далалатында. Албетте, “кой аксагы менен миң” дегендей, өз пайдасы үчүн кыйкыргандар да жок эмес. Бирок, мугалимдердин айлык маселесинде көпчүлүк депутаттардын маселе көтөргөнү жөн жерден эмес экенин өкмөт аңдап-түшүнөт деп үмүт артып туралы.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru