Айбат » Эсенбей эсепчи же Чоң Чарык уруусунун таралышы. 2-бөлүм

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Эсенбей эсепчи же Чоң Чарык уруусунун таралышы. 2-бөлүм

Уландысы (башы өткөн санда)

Чоң Чарык уруусу4. Эми биз сөз кыла турган Тукур бийдин тукуму «чоң чарык» аталат. Тукур бийдин уулу Олжотай да бий наамын алган. Кыргыз элин бийлеп турган Үчүке бий аны Коконго элчиликке жиберет. Аны менен кошо тестиер бала Түлкүнүн Тынайы да ээрчип алат. Кокон Бухара эмирдигинен бөлүнүп өз алдынча бийлик жүргүзүп жаткан учур болсо керек, Кокон бийлиги аркалык кыргыздарды сыйлоо үчүн элчиге келгендерди таманына төбөсүнө чейин кийинтет. Элчи башчысы Олжотай бийдин бутуна чак бут кийим таппай, атайын чарыктан тиктирип берген имиш. Кокондон эле жаш Тынай  «буту чоң, чоң чарык» -дейт, аны «Кой, жашабагыр»- деп тыйып коюшат. Бирок, Олжотай бийдин тукуму «чоң чарык» аталып калган. Дагы бир улама боюнча, бир улак жоголуп кетип, издеп элдин айласы кетет, көрсө Олжотай бийдин бут кийимине жатып алган экен. Эмнеси болсо да Олжотай бийдин буту чоң болсо керек, мунусу канча кылым өтсө дагы, азыркы буту чоң «чоң чарыктардан» сезилип турат. Олжотайдан бир топ бала калган, анын бир учу кийин Эсенкулга эрегишип, Кетмен-Төбөгө кирип кеткен чоң чарыктар. Алардан Кумар уулу Бекмурат, элге Балык деген ат менен белгилүү болгон, андан Найманбай. Олжотойдон Тайлак, Берик жана башкалар. Бериктин балдары малдуу болуп Сөөктү жайлап, Кочкордун күн батышында. Эсенбай менен бөлө Миңбай Түмөнбай, Жүзбайларды ээрчитип он тогузунчу кылымдын аягында мал-салы менен Каройго көчүп келген. Миңбай кулакка тартылып баласы Ашым калса керек. Ашымдан Жолчу, Окен, Жаасын, Көкө, Шайлоо, Каныбек, Жаныбек, Өзүбек. Миңбайды чертике Тайыр молдо жаш кезинде малын айдашып келиптир, кийин Исактын (Анаке) Жакил апаны алып, буларга күйөө бала болот. Кулакка тартуу учурунда Миңбай,Түмөнбай, Жүзбайга окшогон жети байдын малын алышып, алгач Баялы Исакеевдин айылына коюшат. Ал жерден эл арызданып Турдакун Усубалиевдин Теңдик колхозуна которушат. Бул колхоздор бай болушуп, уулдарын кыргыз бийлигине көкөлөтүшкөнү чоң чарыктын байларынын малы. Малдары өзүбүздө калганда башкача болмок. Ал эми Жүзбай кулакка тартыртырганда кичинекей балдарын сактап калыш үчүн Чүйгө баратып, наристе балдарын агып жаткан күрпүлдөгөн сууга агызганы тууралуу Алыбек Сыдыков баяндап берген. Алыбектин атасы Сыдык Жүзбайдын тирүү калган баласы.

5.  Тайлактан Чиркей, Байсерке, Байкемпир. Байсеркеден Карагул,Карыбек. Карагул Исакеевдин учурунда райисполком болуп туруп катуу чыккан, ич оорудан жаш көзү өткөн. Жубайы Айнекти Карыбек алып Алымбек,Шамен жана башкалар.Карыбек колхоздо башкарма болуп турган. Булар Кудаярдын Байыты менен ирегелеш. Байкемпирден Касымалы,Шаршеке,Кожоке, Оңолбек, Кенжебек,Табылбек, Ишен. Орус уулу менен табакташ.

Чиркейден Карагул баатыр адам болгон, казактарга каршы Сан Барактын колун тосуп, Абылай хан менен болгон согушта курман болгон. Азыр да Чүйдө ал өлгөн жер Карагул – Булак деген мазарга айланган. Карагулдан Качыбек, Орус. Орустун Рысмендесинен Шапак. Шапактан Исмаил, Исак, Момуштар. Исмаилден Токтобек; Токтобектен Искендер, Кербендер, Рахат, Замир, Саку. Орустун Абдылдасынан Абдырай, Амантур, Эрток, Куба, Туйту, Токо, Ман. Карагулдун Качыбеги ислам дини жайылып бараткан тоолуктардын алгачкы интеллигенти, окумал молдо болгон. Анын өнөрүн улуу уулу Кудаяр алып калган. Качыбектен Кудаяр, Таштанбек, Кубат, анын Үкү аттуу кызынан Шамен, Райымбектер. Кубаттан Белек, Сулайман, Шайкы, Иса, Нурдин, Нуркул, Дүйшөк, Алтынбек. Таштанбектен Жумабай, Чүкү. Чүкү эл көчкөндө атын минип мергенчилеп кетчү экен. Айылы конгондон кийин , издеп барып тапчу дешет. Чүкүдөн,Абакир Акмат.Акматтан Сатар,Капар.  Сатардан Калек.Капардан,Замир,Дамир,Самат. Акмат Капаров учурунда Акаевдин агасы Чилтен менен бирге жүргөн,Тогуз-Торо райфинотделин жетектеген, досу Жусуп облфинди көп жыл башкарган, аны «академик Акматов» -деп койчу. Мен жаш кезде Кочкор казначылыгында иштеп, бул киши тууралуу райфинотдел Абдулат Иманалиевден көп сөз уккам, анда Капар байке тирүү эле. Замир Акматов көп жылдан бери мектептин бир учун чоюп жүрөт. Тимур, Насыр деген баласы, комузда кол ойноткон кыздары бар. Абакирден, Макиш. Макиштен Окен, Калек,Алек.Окенден Марлис, Эрнис, Эрик. Булардын  тың чыкмасы эле Эрнис атасын тартып эл-жер деп журот.

Таштанбектин  баласы Жумабай, андан Керимкул, Казы, Абдысагын. Казы баш болуп Асыранбек сыяктуу балдары менен жылкы тарапты көздөп калышкан. Асранбектен Кубан, Эркинбек. Кубандан Бекжан. Эркинбектен Билал. Асан аттуу баласы Башкы веттехник болуп жүрдү, андан Кочкор аймагынын эң  байы Курманбек бар. Курманбектен Айбек, Бакай, Нурсултан. Олуя атка конгон Турганбек , Турганбектен Назар, Сардар, Санжар аттуу уулдары бар. Андан кийин эле Марс, Жыргал, Сарсейит, Азамат. Соң Көлдөн Максат, Бакыт. Бакыт чоң аталарын тартып баатыр мүнөзү, чорт кыял кең далылуу. Казы атанын жакшы сапаттары ушул небересине огон дейт. Абдысагындын балдары  Салават, Бактыбек, Термечик Кара-Кужурду мекендеп, бир даары келишти. Керимкул чоң бизнесмен болгон, андан Кадыр, Сапар, Чорто. Кадырдан Аскар, Саяк. Аскардан Эстебес, Курманбек (жол тармагында алдынкы жетекчилерден). Саяктан Улан, Сары (Сарысы кочкордо «0» компаниясын мыкчып олтурат)  Саяк Кадыров райондук гезитте иштеп жүрдү. Сапардан Ишеке, Зайырбек, Калеке, Саке, Дүпө, Токо. Ишеке колхоздун белдүү чабаны болгон, андан Ороз, Ленар, Эрнис, Максат баш болгон балдары бар. Зайырбек бир колхоздун заправкасын бүт мыкчып турган, аны келиндери да «майчы» «топозчу» аке деп тергешет. Ал убакта май кармаган, топоз баккан башкармадай эле кеп болгон. Зайырбек Керимкул атасын тартып бардык жактан тың, колу ачык, эл менен тыгыз иштешип кете алган инсан. Алтынчы класстык билим болсо дагы алдыга 20-жылды  көрө билген насаатчы. Зайырбектен Эркинбек, Мирбек, Муканбет, Арсарбек, Каныбек. Муканбеттен Мелис, Ырыскелди азыркы учурда мектеп окуучулары. Каныбеги болсо азыркы  учурда медиамагнат болуп жүрөт («Айбат» аталыштагы сайт, гезит, интернет твсы) бар. Каныбектен Аалы, Залкар аттуу шумкарлары бар. Арсарбек болсо эр эңиш,көк -бөрү дегенде ичкен тамагын таштап койот жолборс мүнөз, кармаган жеринен кан чыгарган жоон билек улакчы, атасын тартып. Арсарбектен Али аттуу уулу бар. Калекеден  Талант, Канат, Самат, Марат, Конокбай деген иштерман, балдары бар. Сакеден  Улан, («кыргыз алко трейд» компаниясында снабженец) Нурлан (“Манас” аэропортунда иштейт), Марлиси башкарма болчу түрү бар. Дүпөдөн  Арстан, Дастан. Арстаны жок дегенди билбеген, тууганчыл баардык жеңелери менен байкелерин  табыштыра алган дипломат жигит.Токодон Руслан. Руслан туристтерди ат үстүндө оюн көрсөткөнү  менен таң калтырат. Чортодон Үсөн, Тынар, Анарбек, Быкын, Кенжебек. Үсөн колхоздун мыкты чабаны болгон, азыр улуу баласы Жеңишбек Курманбектен кийин эле Кочкордун байы. Үсөндөн Жеңишбек, Эмил, Мады, Эдил, Ашыр, Максат. Тынардан Тилек, Ыбрай. Тилектен Арген азыр мектепте алдынкы окуучулардын бири.  Анарбек чоң каналда суу башы, жайдын күнү Анарбекке президент да салам бере албайт. Беш-алты айыл анын көзүн карап турат. Турат деген небереси бар чоңойсо буюрса «чоң чарыктын» тарыхын ушул бала жазат деген үмүт бар. Быкын экономиканы эзген, айылдын мыкты жигиттеринен. Быкындан Айбек, Улук атуу тың чыкмалары бар.  Кенжебек Чортонун тууруна конгон. Кенжебектен Бакыт, Мыкыш деген бой жеткен айыл эли сыймыктанган балдары бар.

Кудаярдан: Эсенбай, Байыт, Чоют. Эсенбай тогуз ирет бий болгон. Байыты малын карап, Чоюту мергенчилик кылган. Байыттан Исак, ал көп кыздуу, бир кызы Соке аны Анаке деп жүрүп Анаке дешчү экен. Сокенин күйөө баласы Жумакадыр Саралаев көп жылдар башкарма болуп жүрдү. Исактан Шүкүрбек, Бейшенбек, андан Айдарбек, Томор, Догдурбек (Жайыл-Панфилов райондорун почта тармагын жетектеп келет) жана башкалар. Чоюттан Касымкул, Кадыркул, Сакы. Касымкулдан Кулубек, жайлоонун кожоюну, тоонун бооруна үй салып, Нурлан деген уулуна короз бактырып коюп, чалкалап жата берет. Касымкул Эсенбайдын бир небересин багып алган, андан жээн Аманкул.  Кадыркулдан Керим, Өмүрбек. Керимден Эмил, Марат, Мурат, Майрамбек, Эстебес, Мусат. Айымкан деген кызы бар. Эмил көп эркек балалуу, көп нерсени тоготпогон, эч нерсени аяр кылбаган, тилинде санжыра, ыры бар адам эле. Балдары Аскат, Максат, Азат, Дүйшөнаалы, Үтүт. Марат Бишкектеги «Нарын» ресторанын башкарчу. Мараттан Самат (бизнесмен) Мурат армиядан сууга чөгүп, жаш кетти. Майрамбек Бишкекте, Эстебес Балыкчыда, Мусат Кочкордо жашайт. Сакыдан Болотбек, Темирбек, Кеңешбек, Казыбек, Сатыбек. Болотбектен Матыбек, Райымбек. Матыбек аккардеон, комузда кол ойноткон, бир топ обондору да бар, артында балдары бар. Темирбек заводдо директор, Кой-Ташта башкарма болуп жүрдү, Кеңешбектин  Арстан, Адилет, Жаныбек, Каныбек деген балдары бар. Казыбек Миң-Кушта «Оргтехниканын» директору, легендарлуу парламенттин депутаты болгон, көп балалуу.

Эсенбайдан Намазбек, Надырбек, Исабек, Турумбек, Турдубек, Келдибек. Надырбектен Ополоң, булардын бары 1941-жылдагы согушта фронтто, тылда жок болушуп, Келдибек гана кайтып келген. Исабек тың чыгып келатып, жаш кеткен. Ополоң бир айылдын ополоң-тополоңун чыгарып жиберчү деп теңтуштары, айрыкча, Болотбек Сакыев көп эскерчү, согуштан кайткан жок. Турдубек да согуштан дайынсыз кетип, 1978 – жылы үмүт үзүлүп, ашы берилген. Турдубектен Рысбек, андан Тилек. Келдибектен Акылбек, Сиезбек, Замирбек, Дамирбек, Азизбек, Жаныбек. Келдибек учурунда башкарма, директор болуп келген. Кийин башкармалыгын Сиезбек, директорлугун Азизбек уланткан. Сиезбектен Жоомарт; Замирбектен Эмил; Дамирбектен Данияр, Кудаяр; Азизбектен Улукбек, Темирлан, Шер, Жаныбектен Азамат.

Булардан тышкары Сарыбагыштын ичинде бир катар киринди уруктар толуп жатат. XVIII кылымдын экинчи жарымынан Сарыбагыш урууларына батышы Ысык-Ата суусу – чыгышы Ысык-Көлдүн Күрмөнтү суусуна чейин, түндүк тарабынан азыркы Казакстанга караган Челек, Кеген, Үч-Алматы сууларынан – түштүктө Нарын дарыясына чейинки жерлер кирген. 1882-жылы орус өкмөтү менен Кытай мамлекети түзгөн Петербург келишимине ылайык Ысык-Көлдөгү «эсенкул эли», Кочкор, Нарын тарапка көчүрүлгөн. Орус императорлору алдуу-күчтүү сарбагыш уруусунан чоочулашып, майда болуштуктарга бөлүп жиберген. Азыркы убакта да сарыбагыштар  Нарын облусунун Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа жана Чүй облусунун Чүй, Кемин  райондорунда турат. Мындан тышкары борборубуз Бишкек шаарында, Чүй облусундагы Кант, Ак-Суу, Аламүдүн, Панфилов районунун кээ бир айылдарында, Ысык-Көл облусунун Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында, Сары-Камыш, Чоң-Сары-Ой, Көк-Мойнок айылдарында, Таластын Козучак, Калба, Бала-Саруу айылдарында жана Кетмен-Төбөнүн айрым айылдарынан кездешет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ,
Каныбек САПАРОВ

Айбат гезити №108



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru