Айбат » Пайдалуу кеңеш: аш кызылчасы, барсылдак, базилик, бий алма, бадам, бөрү карагат

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Ден-соолук » Пайдалуу кеңеш: аш кызылчасы, барсылдак, базилик, бий алма, бадам, бөрү карагат

Аш кызылчасыАш кызылчасы

Эки жылдык, түбү жоон өсүмдүк. Жалбырактары чоң, маңыздуу болот. Бардык жерлерде эгилет. Анын тамырында белоктор (клетчатка темир) иод, аскорбин кислотасы, В, В2, Р, РР витаминдери, фолий кислотасы бар. Жалбырагында аскорбин кислотасы, каротин, бетаин бар. Аш кызылчанын бардык бөлүктөрү тоют катары малга берилет. Ар бир гектарынан 150-500 ц түшүм берет.

Аш кызылчадан даярдалган ар түрдүү тамак – аштар мүнөздөп тамактанууда кеңири колдонулат. Андагы клетчатка менен органикалык кислоталар ичеги- карындын иштешин оңолтот. Витаминдердин тобу андагы темир менен бирдикте аз кандуулукта чоң жардам берет. Ошондой эле аш кызылчасы атеросклероздо гипертония оорусунда, боор менен бөйрөк ооруларында абдан пайдалуу болот.

 

Барсылдак (крыжовник)Барсылдак (крыжовник)

Бийиктиги 130 см-га жеткен бадал. Жаш бутактары тикендүү, жалбырактары татаал, сабагына кезектешип жайгашат. Гүлдөрү мала көк, 2 жыныстуу, 5 мүчөлүү. Топ гүлү чачы, кээде жалгыздан болот. Мөмөсү-жемиш, көп уруктуу, андан кыям, вино жасалат. Кыргызстанда өстүрүлөт, вегатитивдик жол менен көбөйөт.

Дарылык максатында мөмөлөрү пайдаланылат. Барсылдактын мөмөмлрүндө 10 ке жакын канттар( фруктоза, глюкоза, сахароза), органикалык кычкылдар ( негизинен лимон кычкылы), 1-ке жакын пектин заттары. Барсылдактын мөмөлөрү С,В,Р витаминдерине бай келет. Андан тышкары темир, жез, фосфор ж.б. макро-жана микроэлементтер бар. Барсылдактын өзүн жесе жакшы. Ошондой эле варенье, джем, мармелад, шире, конфет жасоого жарайт.

 

БазиликБазилик

райкан – эрин гүлдүү тукумундагы бадал же бадал сымал өсүмдүк. Анын 150гө жакын жапайы түрү бар. Мелүүн климаттуу райондордо эфир майын алуу үчүн айрым түрү өстүрүлөт. Гектарынан 40-80 ц жашыл масса алса болот. Базилик гүлдөгөнгө чейин жыйналат. Базилик катар аралыгы иштетилүүчү өсүмдүктөр сыяктуу айдалып, жер семирткичтер менен азыктандырылат. Тамак-ашка базилик татымал катарында пайдаланылат.

Жанчып майдаланган кургак базилик жагымдуу кычкыл даамдуу, аны ар түрдүү тамак-ашка кошсо жакшы. Базиликтин жалбырагында Р витаминдин булагы рутин дана А провитамини көп. Ич көпкөндө жакшы жардма берет. Базиликке уксус менен туз, cуу кошуп кайнатып, бүйлөөлөр сезгенде оозду чайкаса жарайт.

 

Бий алма (Айва)Бий алма (айва)

Бийиктиги 1,5-7м болуп өскөн мөмөлүү дарак. Бий алманын мөмөсүндө 12 фруктоза, глюкоза, алма, лимон кычкылдары, пектиндер, аскорбин кислотасы, микроэлементтер(темир, жез ж.б.) бар. Бий алма бышырылган, консервацияланган түрдө колдонулат. Бий алманын мөмөсүнүн кыртышындагы эфир майлары тамакка абдан жагымдуу жыт жана кычкылыраак даам берет. Жаңы үзүлгөн бий алмадан шире чыгарып аны аз кандуулукта колдонсо жакшы жардам берет. Бий алманын оозду куруштуруучу (камаштыруучу) таасири бар.

Бий алманын уруктарын жанчып, үстүнө кайнак cуу куюп чайга окшош демдеп ичсе жөтөлдү жумшартат. Ошондой эле, ошол чай менен бетти жууса, тери жумшарат, тазаланат. Мөмөсүнөн жасалган варенье боор ооруларында жакшы жардам берет, көп кусканда да пайдалуу.

 

БадамБадам

– роза гүлдүүлөр тукумундагы дарак же бадал өсүмдүгү. Гүлү ак же кызгылт данеги ширин, анда 54 май, 21 азоттуу, 13 азотсуз заттар бар. Токойдогу кээ бир бадамдын данеги ачуу болот. Ал амигдалин деген уулу заттын көп болгондугу менен байланыштуу. Ар гектарынан 400 кг-га чейин түшүм алынат. Айрым дарагынан 10 кг дан ашуун таттуу данек алууга болот. Кондитер өнөр жайында данеги пайдаланылат. Мындан тышкары бадам (миндаль) майы да чыгарылат. косметикада колдонулат.

 

Бөрү карагатБөрү карагат

Бөрү карагаттар бийиктиги 3 метрге жеткен түп тамыры чоң бадал. Негизги тамырынан бутактар кетет. Эски сабагы боз, жашыл-саргыч, боз-саргыч, бутактарында үч же беш бөлүктүү тикендери бар. Кыскарган өркүндөн 2-12 жалбырак чыгат. Гүлү узундугу 3-6 см болгон 15-30 сары гүлдөрү топтолгон ылдый түшкөн чачы, мөмөсү – тегерек же алмурут сымал, кычкыл, кочкул, кызыл. Анда эки узун күрөң уругу болот. Таштуу жерде, cуунун жээгинде, ийне жалбырактуу токойлордон арасында өсөт. Мөмөсүн сентябрь- октябрда, тамырын – кеч күздө, жалбырагын –май- июнда, кабыгын – эрте жазда жыйнайт. Химиялык курамында канттар , органикалык кислоталар, боёочуу заттар, минерал туздары витаминдер бар. Чала бышкан данында, жалбырагында, тамырында, кабыгында анын негизги заты берберин деген алкалоид топтолот. Жалбырагында витамин Е жана эфир майы болот. Бөрү карагаттын мөмөсү тамакка мейил тарттырат, сеп алдырат. Сезгенүүгө каршы, өт айдама касиети бар. Бөрү карагаттын жалбырагынын настойкасы боор ооруларында, төрөттөн кийинки кан агууну алдын алууда, жатындын сезгенишинде колдонулат. Өт жолдору сезгенгенде өттү айдайт, тамырынын кабыгын кайнатып боордун ооруларында ичсе жарайт. Элдик медицина аны ичеги-карын ооруларында, кызыл жүгүрүктө колдонот.

Мөмөсүнөн ар түрдүү тамак-аш продуктулары (ширелер, сироптор, винолор, вареньелер) чыгарылат.

Айбат гезити №108



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru