Айбат » Астана

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Астана

Казакстандын  сыймыгы болгон жана ошондой эле азиядагы кооз борборлордун катарынан орун алып, көптөгөн туристтердин кызыгуусун артырып келген, биздин кошуна, бир боорлош казак туугандарыбыздын Астана шаарына саякатка чыкмачыбыз. Ал эмесе силердин назарыңыздарда Астана шаарынын тарыхы, экономикасы жана эмне себептен Алматыдан Астанага көчкөндүгү жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

Астана

 

Борбору:

Астана (каз. Астана — Казакстандын борбор шаары (Бештин айынын 10, 1997-жылы), 2009-жылдвны 1-Баш оона айында калкынын саны 665,8 миңге барабар. Өлкөдөгү үч эң ири шаарлардын тизмесинде 3-чү (Алмата мененЧымкент шаарларынан кийин). Астанын мурунку аттары – Акмолинск (1830-1961), Целиноград (1961-1992), Акмола(1992-1998). Астана Ишим дарыянын нугунда, Нурага жакын жерде, жайгашкан.

 

Тарыхы:

Шаардын жайгашкан жери – кербен жолдордун өтө (стратегиялык) кирешелүү кесилиши, мурунтан бери талаадагы көчмөндөрдү өзүнө тарткан. Шаардын четинде археологтор коло, эрте темир доорлоруна жана орто кылымдарга таанык артефактыларды табышкан. Эң негизги артефактылардын бири – Бозок (шаар), эрте орто кылымдардан (VII-VIII кк.) баштап Казак хандыгы дооруна (XV-XVI кк.) чейинки эстелик.

Шаардын пайдубалы 1830-жылы (Акмолинск атту) казак (орус дөөлөтү учурунда) сепил катары коюлган. Түптөгөн – полковник Федор Кузьмич Шубин, Бородино согушунун катышуучусу. Кийинчерек кичи сепил шаарга чейин ирилешип кеткен. 1997-жылга чейин Акмола атка ээ болгон. “Акмола” сөзү казак тилинен “Ак мүрзө” же “Ак мазар” деп которулат. Шаардан 20 чакырымда ал менен бир атту жергеси, жергиликтү бийдин мүрзөсү болгон жер. Борбордун ордун алмаштыруу учурунда шаардын атын да Астанага алмаштыруу чечим кабыл алынган (анын сөзмө сөз которулушу “башкы шаар”).

Казакстандын биринчи борбору Оренбург шаары (бүгүнкү күндө Орусия Федерациясынын курамында) болчу, кийинчирек 1925-жылы Кызыл-Ордого которулган. 1929-жылы республиканын борбору кайрадан которулган, эмиАлматыга. 1997-жылдын Үчтүн айынын 10 Астана Казакстандын борбору катары расмий түрдө жарыяланды. Астанын дүйнөлүк коомчулукка жаңы борбор катары 1998-жылдын Кулжа айынын 10 таанылган.

Бүгүнкү күндө Астана бул 200 чакырымдан ашкан аянты менен өтө ири шаар. 1999-жылы ЮНЕСКОнун чечими менен Астана “Дүйнөнүн шаары” наамы берилген. Борбор шаар болгондон жана “Астана – жаңы шаар” атту өзгөчө үнөмдүк (экономикалык) майдан уюштурулгандан соң шаарда бир канча жаңы-заманбап архитектурдук мекемелердин курулуш долбору иш жүзүнө ашырыла баштаган. Калктын саны 270 миңден (1996) 600 миңге (2006) өскөн.

Борбор шаар наамына карабастан Казакстандын мурунку борбору, Алмата, азыркыга чейин инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү боюнча Астанадан кем эмес. Азыркы учурда Алмата “Түштүк борбор” бейрасмий наамга ээ.

 

Борборлуктун көчүшүнүн себеби:

Казакстандын борборун Алматыдан Акмола (азыркы Астана) шаарына көчүрүү зарылдыгын Президент Нурсултан Назарбаев 1994-жылдын 6-июлунда Казакстан Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында айткан болчу. Анда маселенин экономикалык, саясий, экологиялык, демографиялык ж.б. жактарына баса көңүл бурулган.

Астана президенттик сарайы

Президент “Борборду көчүрүү жашообузду ыңгайлуу кылабыз деген жөнөкөй эле максат эмес, бул абдан бышып-жетилген объективдүү, зарыл, мааниси зор, саясый жана экономикалык кадам”, – деп сөзүн жыйынтыктаган. Бир нече жылдык дыкат иликтөөлөрдөн соң, 1997-жылдын 20-сентябрында Н.Назарбаев “Акмола шаары 1997-жылдын 10-декабрынан баштап Казакстан Республикасынын борбору болуп жарыялансын. Борбордун расмий тушоо кесүүсү 1998-жылдын 10-июнунда өткөрүлсүн”, – деген жарлыкка кол койду.

Ошентип, алдыдагы 5-6-июль күндөрү өткөнү жаткан Астананын он жылдыгы шаардын кечээгиси менен бүгүнкүсүнө жана келечегине көз жүгүртө турган айтылуу дата болмокчу.

Серепчилер эл ордону (борборду) көчүрүүнүн бир нече себептерин айтат. Биринчиден, мурдагы борбор – Алматы шаарынын калкы бир жарым миллионго жакындап, шаардын экологиялык абалы начарлап кеткен, автоунаалар көбөйүп, бак-дарактар азайган. Экинчиден, заман талабына шайкеш шаарды кеңейтүүгө, жаңы административдик, маданий-спорттук, эс алуу имараттарын курууга Алматыда мүмкүндүк чектелүү болгон. Анын үстүнө бийик үйлөрдү сейсмикалык бекемдикте салуу үчүн көп каржы талап кылынган.

Философия илимдеринин доктору Алтай Тайжановдун пикирине таянсак, борборду Акмолага көчүрүүнүн тарыхый себеби, эң башкысы, улуттук коопсуздукка байланыштуу. Кылымдар бою казак калкы конуштаган өлкөнүн түндүк аймагын саясый соодага салгандар болгон. Анын айтымында, эми борбор бул жерге орношкон соң, эч кандай дооматтын айтылышы да мүмкүн эмес.

Мурда облус борбору болуп келген Акмола шаары эл ордо статусун алган соң, 1998-жылдан баштап Астана делинип аты өзгөрдү, андан берки он жылдык убакытка көз салсак, шаардын өзү да адам тааныгыс өзгөрдү. Эсил өзөнүнүн жээгиндеги такыр талаа гүлзарлуу кооз бакка айланды. Көз сүйүнткөн көркөм бийик үйлөр, архитектурасы дүйнөлүк тенденцияга жооп берген алп имараттар бой түзөдү. Өлкөнүн борборунун Сары Арка төшүнө көчүп келген жылын (1997-ж.) туюнткан бийиктиги 97 метрлик “Байтерек” монументи, “Хан шатыры” жана Тынчтык жана келишим сарайлары астаналыктардын гана эмес, казакстандыктардын сыймыгы болуп отурат.

 

Экономика:

Шаардын чарбачылык өнүгүшүнө, 1931-1936-жылдары курулган Караталы атту темир жолу чоң таасирин берген. Астана борбор боло электе Казакстандагы эң ири айыл-чарба унааларды чыгарган өнөр жайы – “Целинсельмаш”, жана “Казахсельмаш” (мурунку КСРБнин 50-жылдыгынын заводу) шамал эрозияланган аймактарга атайлашкан айыл-чарба унааларда адистенген ишканасы. Андан тышкары башка өнөр жайлар бар: “Металист”, насостук, вагон оңдотуу жана башка унаа жана темир иштетүүчү өнөр жайлар.

 

АСТАНА ТУУРАЛУУ:

Өлкө – Казакстан

Ички бөлүнүшү – 3 аймак (Алмата, Сарыарга, Эсил)

Аким – Имангали Нургалиевич Тасмагамбетов (2008-жылдан)

Негизделген – 1830-жыл

Биринчи белгиленген – 1830-жыл

Аймагы – 722 км²

Климатынын тиби – кескин континенталдуу

Расмий тили – Казак тили

Калкы – 743 014[1] адам

Телефон коду – +7 7172

Почта индекси – 010000

Расмий сайты –
http://www.astana.kz

Жеңишбек ШЕРИПБАЕВ

Айбат гезити №108




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru