Айбат » Карыпбек Алымкулов, коомдук ишмер: “2014-жылы бир топ жакшы саамалыктар башталды»”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Карыпбек Алымкулов, коомдук ишмер: “2014-жылы бир топ жакшы саамалыктар башталды»”

Алымкулов Карыпбек- Карыпбек мырза, үстүбүздөгү 2014-жыл да аяктап баратат. Сиздин оюңузча бул жыл Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн кандай жыл болду?

– Бул жылы биздин өлкөдө жетишкендиктер да, кемчиликтер да болду. Адегенде жетишкендиктерибизди санай кетели. Биринчиден, коррупцияга каршы күрөш күчөдү. Жакында эле Жогорку Кеңештеги 17 адамга, министрликтерде 20 адамга, сот системасында иштегендердин 30дан ашуунуна кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат кетти. Бул жакшы көрүнүш. Экинчиден, бажы биримдигине көптөгөн жылдардан бери карай эле киребиз деп кире албай келгенбиз. Бул маселе дагы быйыл буйруса чечилгени турат. Россия, Кытай, Казакстан, Тажикстан мамлекеттери менен мамилебиз жакшы жагына өзгөрдү. Мындан 23 жыл мурун тажрыйбасыз министрдин айынан Араб өлкөлөрү менен мамилебизди бузуп алдык эле, быйыл ал мамиле кайра жанданды. Энергетика тармагында бир топ иштер жасалууда. «Кемин» подстанциясы курулуп бүттү. «Датка-Кемин» линиясы 70 пайыз аяктап калды. Бишкек шаарынын ичинде 200дөн ашуун жаңы көп кабаттуу үйлөр курулуп атат. Бул дагы элибиздин турмуш деңгээли жакшырып баратканын көрсөтөт. Түндүк менен түштүгүбүздү бириктирген альтернативалуу жол салынып баштады. Айтор мындай ийгиликтер көп. Кемчиликтер болсо, «Кумтөр» маселеси али аягына чыкпай атканы, азык-түлүктөрдүн баасынын кымбаттап кетиши, мамлекеттүүлүктү бекемдөө багытында жетишээрлик иштердин жасалбай атканы.

- Келерки 2015-жылдан эмнени күтсөк болот?

– Эң негизгиси тынчтыкты сактай алсак, азыркы башталган иштерди аягына чыгарсак, ошол чоң жемиш болот. Ал үчүн курулай сындарга алдырбай, жөнү жок тиреше бербей, салмактуу, сабырдуу болуп кызматташышыбыз керек.

Айбат гезити №109



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru