Айбат » Шергазы Мамбетов: “2014-жылы эң негизгиси өлкөбүздө тынчтык болду”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Шергазы Мамбетов: “2014-жылы эң негизгиси өлкөбүздө тынчтык болду”

Шергазы Мамбетов- Шергазы мырза, үстүбүздөгү 2014-жыл да аяктап баратат. Сиздин оюңузча бул жыл Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн кандай жыл болду?

– Эң негизгиси өлкөбүздө стабилдүүлүк, тынчтык болду. Мына ушунун өзү чоң ийгилик. Өлкөдө стабилдүүлүк болсо, өнүгүүсү да, башкасы да болот. Өндүрүш жагында деле азыраак жетишкендиктер болду. Бирок, ушул тоо-кен багытына олуттуураак көңүл бурулбай жаткансыйт. Андыктан менин оюмча тоо-кен тармагы боюнча өзүнчө министрлик түзүп, ишке киргизишсе жакшы болот эле. Сырткы саясатыбызда жакшы жетишкендиктер болуп атат. Россия менен алаканы бекемдедик. Энергетика жаатында ири долбоорлор каралып атат. Бирок кемчиликтер да болбой койгон жок. Суунун аз топтолушу, энергетикалык кризиске алып келди. Менимче мунун баары кадр маселесине келип такалат. «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» демекчи, бардык тармактарга жетекчилик кызматтарга профессионал адистерди алып келиш керек. Азыркы тапта Энергетика министрлигинин башына чыныгы адис жетекчи келди окшойт деп ойлоп турам. Мындан ары дагы ушул кадр маселесине көбүрөөк көңүл буруш керек деп эсептейм. Себеби бир гана президенттин колунан эч нерсе келбейт. Ага кол кабыш кыла турган министрлер, жетекчилер чыныгы адистер болушу керек.

- Саясатта болуп келген тирешүүлөрдү кандай бааладыңыз?

– Бийликке оппозиция болуп жүргөн азыркы саясатчылар өтө майда маселелер менен гана чыгышууда. Чоң маселелерди козгоп, аларды чечүүнү жолдорун сунуш кылгандары жок. Өндүрүштү, элдин турмушун көтөрөлү дегендери жок. Бийликти гана көксөп тургандай туюм калтырат. Андыктан биз өз мамлекетибизди өнүктүрөлү десек, мындан ары курулай популизмдерге алдырбастан, биргелешип, ынтымак менен иштешишибиз керек. Сын керек. Бирок ал сын жөн гана доомат болбошу зарыл.

Айбат гезити №109



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru