Айбат » Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында курулай кыйкыргандар азайды”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылында курулай кыйкыргандар азайды”

Дүйшеев Орозбек- Орозбек мырза, 2014-жылдын акыркы күндөрү өтүп атат. Алдыда Жаңы-Жыл. Ушул өтүп бараткан жыл биздин мамлекет, элибиз үчүн кандай жыл болду?

– Мамлекетибиз үчүн бир топ жакшылыктардын жышааны байкалган жыл болду деп айтсак болот. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бул жылды «Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы» деп белгилеп, анын негизинде мурдагы жылдарга салыштырмалуу обу жок кыйкырып, элди дүрбөтүүнү көздөгөндөр азайды. Сырткы саясатта бир топ жетишкендиктер болуп атат. Алыскы араб өлкөлөрүнө чейин барып, бир кезде таптакыр тыйылып калган мамилени кайра оңдоп келди. Коңшулаш Казакстан, Россия менен мыкты мамилеге өттүк. Дүйнөдө биринчи жолу «Көчмөндөр оюндары» Кыргызстанда өттү. Бир гана катачылык тоо өнөр жайына анчейин олуттуу көңүл бурулбай жатат. Мына ушуга көбүрөөк көңүл бурсак, экономикабыздын алдыга жылышына бир топ салым болот эле.

- Алдыда келе турган жылы Кыргызстандын өнүгүү темпин жоготпошу үчүн кандай кадамдарга барсак туура болот деп ойлойсуз?

- Биринчиден, бул жылы башталган иштерди аягына чыгарыш керек. Коррупцияга каршы күрөштү токтотпош керек. Элибиз эл бузарлардын тилине алданбай, жол тосуу өңдүү өнөкөттөрдү токтотушу зарыл. Кыскасы ынтымак болсо, тынчтык болсо баары болот.




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru