Айбат » Ак убада, көк убада, баягы эле эл убара

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Ак убада, көк убада, баягы эле эл убара

УйУбагында өлкөдөгү малдын санын так аныктоо, мал ылаңына көзөмөл жүргүзүү сындуу иштерди колго алуу жаатында кескин чараларды көрүү, койлорду паспорттоштуруу демилгеси көтөрүлгөн эле. Тилекке каршы мындай демилгени айрым жазмакерлер көбүртүп-жабыртып жазып атып “тамам” кылышкан болчу. Бул маселе парламентте кайрадан  көтөрүлүп, натыйжада мал жандыктарын идентификациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алынды.

Бул мыйзам көптөгөн талаш-тартыш, тактоолордон кийин 2013-жылы кабыл алынган. Мыйзам 2014-жылдын 1-апрелинен тарта күчүнө кирмек. Өкмөттүн тиешелүү даярдыгы жоктугунан бул маселени 2014-жылдын 1-ноябрына чейин жылдырууну өтүнүшкөн. Ага чейин Айыл чарба жана мелиорация министрлиги идентификацияны ким ишке ашыра тургандыгын аныктап, идентификация боюнча тендер жүргүзүлүп, тендерде уткан компания ишин баштап калышы керек болчу. Ар нерсени шылтоолоп, узартып жүрүп отуруп, идентификация боюнча инвестициялоого даярбыз деген Польша тарапты дагы качырдык. Эл өкүлү Эсенгул Исаковдун айтымында, эми Айыл чарба министрлиги идентификациялоону дагы жылдырганы жатыптыр.

Эртең Бажы бирлигине баш бакканы жатканда жалпы республика боюнча малдын санын, саламаттыгын, экологиялык тазалыгын аныктоо өтө актуалдуу маселе болуп жатканын Өкмөт эмес, карапайым калк чебелектеп жатат. Агрардык өлкө саналган Кыргызстанда эң негизги оокат мал жандыктары, жашылча-жемиш болуп жатканын эске алганда Өкмөт үчүн мындан башка кандай иш менен алектениши керек деген суроо туулат. Ал эмес кечээ жакынкы эле 2010-жылдагы окуядан кийин коңшу Казакстан чек арасын жаап алып, мал, сүт продукцияларын өткөрбөй, дыйкандарыбызды бир топ бушайманга салганы али эсибизде. Муну эске салганыбыз, малдын башын идентификациялоо жүргүзүлбөсө мал, эт продукциялары кайсы документ менен сыртка чыгат? Мейли сыртка чыкпаса койсун, малдын соолугун колго алуучу мындай иш-чара эң алды менен Кыргызстан үчүн керек. Качанга чейин эле жасалма документ менен мал сатылып, мал ылаңдары жаап-жашырылып келе бермек эле.

Малдын түшүнүксүз бир ылаңы катталып, андан адамга жугуп, жалпы журтка тарай баштаганда буту күйгөн тооктой болуп ошондой чуркап калмай адатка айланды да калды. Калк арасында түшүнбөгөн эргулдар адатынча депутаттар эмне кылып жатат деп кыйкырып чыгышат. “Ии ошондой” деген ишаарат менен Өкмөт четке чыга берет, бет тырмаарлары Жогорку Кеңеш иштетпей жатат деген кинени, ошондо да ачык айталбай, астыртан кыйытышат. Кабыл алынып, Президент кол койгон мыйзамды ишке ашыра албай жаткан Өкмөт экенин Өкмөт өзү да, бийлик бутактарынын кимиси эмне менен алектене турганын так ажыратып бил бербеген серепчи сөрөйлөр дагы моюндагысы келбейт.

Дагы бир мисал. Кайсы жерге барба чоңдор келип, эл менен жолугушууларда көтөрүлгөн башкы көйгөй – там салууга жер тилкелерин трансформациялоо маселеси. Трансформациясы жок эле бөлүнгөн үлүшүнө там чүргөп алгандары канча. Жакында эле жер титиреген Тоң менен Жети-Өгүз райондорунда жарака кеткен тамдардын ээлери ссуда алайын десе, үйүнүн документи жок, документ алайын десе, жери трансформациялана элек жагдайлар да катталды.

Жогорку Кеңештин депутаттары өзүнүн ишмердүүлүгүнүн алкагында айына бир жолу шайлоочуларын кыдырышат. Эл менен жолугушууларда жогоруда биз айткан жер тилкесин трансформациялоо маселеси дагы байма-бай көтөрүлүп жүрөт. Жер саясаты боюнча алектенген тармактык комитетте бул маселе боюнча тиешелүү чечимдер эбак эле кабыл алынгандыгына карабай, ал андан ары чечилбей турат. Өкмөт аке жер тиктейт. Жер-жерлердеги айылдарда эл өзү менен өзү көбөйүп, айыл кеңейип барат. Баласын үйлөп, өзүнчө түтүн кылып бөлүп чыгарууда айыл чарба багытында делген үлүш жерлерге тамдар түшүп, айылдардын жаңы конуштары пайда болууда.

2012-жылы Эсенгул Исаков баш болгон депутаттар тобу өлкөнүн баардык аймактарын кыдырып, элдин жерге болгон муктаждыктарын аныктап чыккан. Анын натыйжасында жер тилкелерин трансформациялоо боюнча 2013-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам кабыл алынган. А мыйзам ошо бойдон турат.

Ошол элди түрө кыдырып, там салууга жерлер мыйзамдуу бөлүнөт деген депутат кабыл алынган мыйзамды ишке киргизүү боюнча жобону Өкмөт иштеп чыкпагандыктан аткарылбай жатканын каңкуулаганы бар. Башкача айтканда, эл өкүлдөрү колунан келген ишин жасап, мыйзам чүргөп беришти. Өкмөт атайылаппы же аткаруу жагы кыйындаппы, айтор, мыйзамдын аткарылышына токтом токуй албай убара. Ортодо баягы эле жабыркаган эл, чечилбеген көйгөйлөр.

Кыскасы, абал ушундай: түшүнгөнү Өкмөттү сөксө, түшүнбөгөнү “убадасы менен дайны жок, эмки келгенде карап тур” деп депутаттарды күткөн кези. Ошондой осолдуктан качан арылаар экенбиз?

Жеңишбек ШЕРИПБАЕВ

Айбат гезити №109



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru