Айбат » Мырзакматов неге өзүн Оштун “Кожоюну” сезип калды десе, “өтүгүн төргө илип жүргөн турбайбы”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Мырзакматов неге өзүн Оштун “Кожоюну” сезип калды десе, “өтүгүн төргө илип жүргөн турбайбы”

Мырзакматов Мелис«Мен Оштун кожоюнумун» деген «учкул» сөзү менен тарыхта кала турган Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов  чындап эле «өзүн-өзү билген, өтүгүн төргө илген» «кожоюн» болуп жүргөнү ачыкка чыга баштады. Буга чейин анын Ош шаарынын Навои көчөсүнө асма көпүрө кура коет элем деп бир катар мыйзамдарды бузгандыгы боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Ал тууралуу айта берсек өтө узун сабак сөз болот. Андан көрө андан жаңысын айталы. Мелис Мырзакматов өзү карапайым элибиздин турмушун оңдогондун ордуна Ош шаарына кайра-кайра эстеликтерди тургузуу менен алек болгону жалпыбызга маалым. Болгондо да республикалык бюджеттен Ош шаарынын калкы үчүн барган акчаларга Мырзакматов эстелик тургузуп гана отурду. Анан «мына мен ушинтип иштеп атам» деп көкүрөгүн каккылап отурганын далай жолу көрдүк. Бишкекте Айкөл Манастын эстелиги тургузулса, андан кийин ал Ош шаарына андан да чоңураак эстелик тургузду. Мунусу менен ал «Мен президентке караганда чоңураак эстелик тургуздум, көрдүңөрбү?» деп тымызын мактанганын көрсөттү. Бирок борбор шаарыбыздагы Айкөл Манастын эстелиги таза колодон жасалса, Ош шаарындагы эстеликти Мырзакматов сыртын темирден жалтыратып, ичин бетон менен толтуртуп койгону билинген. Кеп бул тууралуу деле эмес. Кеп анын дагы бир көкүрөк кагып мактанган иши- «Барсбек» комплексинин курулушуна документ боюнча 1,5 миллион сом ашыкча жаздыртып алып жатканында болууда. Бул туурасында УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирип отурат. Ал маалыматка таянсак, Ош мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы 2011-жылы өткөрүлгөн тендердин негизинде “Барсбек” комплексин куруу боюнча “Темирстройсервис” менен 7 млн. 48 миң 900 сомго келишим түзгөн. Негизи мына ушул акча каражатына ал комплекс курулушу керек болчу. Бирок, каалаган жагынан кулак чыгарып көнүп калган Мырзакматов “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамды бузуп, мамлекеттик экспертизасы жок эле аталган фирма менен 4 млн. 307 миң 900 сомго кошумча келишим түзгөн. Натыйжада аталган комплексти курууга кеткен каражат 1 млн. 43 миң 400 сом жогорулатылган баада көрсөтүлгөн. Мэр кезинде жанында ар дайым жан сакчы катары 10 чакты спортчу балдарды алып жүргөнүнөн улам көпчүлүк «Буларга кайдан айлык төлөп берет болду экен, мэрлик кызматты аркалаган адамдын жансакчысы деле болчу эмес эле?» деген суроону кабыргасынан коюп, бирок сыртына чыгара албай жүргөн оштук туугандарыбыз толтура болчу. Көрсө, ал эстеликтерди курууда ашыкча миллиондорду акырын жымырып, жан сакчыларын багып жүргөн окшобойбу? Өзүн чындап эле хан сезип алган тура. Күтө туралычы дагы. Балким анын былык иштери дагы былгып чыгышы мүмкүн.

Айбат гезити №109




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru