Айбат » Бейөкмөтчүлөр бийликти неге коркутат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бейөкмөтчүлөр бийликти неге коркутат?

Нурбек ТоктакуновЖогорку Кеңештин депутаттары тарабынан каралып аткан «Чет элдик агенттер тууралуу» мыйзам долбоору чет мамлекеттерден каржыланган, Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип келген бейөкмөтчүлөрдүн тынчын алып жатканы билинди. Алардын жоон тобу биригип алып мамлекет башчысынын атына атайын кайрылуу да жазып үлгүрүштү. Мына ушунун өзү эле алардын ишмердүүлүгүндө кандайдыр бир жашыруун сыр бар экендигин көрсөтүп койду. Эгерде алардын жасап аткан иштери мамлекетибиздин коопсуздугуна эч кандай коркунуч алып келбей турган болсо, ички саясатыбызга кийлигишүү аракеттери жок болсо, эмнеден мынчалык чоочуркашат эле? Мына ушундай бейөкмөтчүлөрдүн бири, юрист Нурбек Токтакунов мыйзам долбооруна карата пикирин билдирүү менен кыргыз бийлигин ачык эле коркутуп, өзүнүн ультиматумун коюп жаткандай таасир калтырды. Ал бейөкмөтчүлөрдүн президент Алмазбек Атамбаевдин атына жазган кайрылуусун өтө эле жумшак болуп калган деп эсептейт. «Мен бул кайрылууну жазсам, анда ачык эле шантаж кылмакмын. Мен аны алгачкы эки президенттин катышуусун унутуп калды деп эсептейм. Ошондой эле мамлекет башчысы ошондой кырдаалга уламдан-улам жакындап атат» дейт ал. Анан дагы ал Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө каршылык көрсөтпөгүлө деп айтканын, мунусу «канчалык жаман болсо, ошончолук жакшы болот» деген принцип экендигин айтат. «Адегенде «Чет элдик агенттер» мыйзамы аркылуу укук коргоочулардын оозун жабат, анан ММКнын оозун жабат. Анан калгандарын муунта баштайт. Ошондо гана бардыгы ойгонуп, депутаттар, чиновниктер, саясатчылар укук коргоочулардын алдында тизелеп отуруп алып «Сценага чыккыла» деп жалбарышат» дейт Нурбек Токтакунов. Мына эмесе, сенсация! Юрист Токтакуновдун көзү ачыла баштаганбы? Же жеп аткан токочунан айрылып аткандарына ичтери ачышып атабы? Көбүнесе мына ушул экинчи вариант анын пикиринин артында жашынып тургансыйт. Себеби, аталган мыйзам долбоору эч кандай бейөкмөтчүлөрдүн ишмердүүлүгүн кысымга албайт. Болгону алардын ачык-айрым иш жүргүзүүсүн гана талап кылат. Биз буга чейин бийликтин ачык-айрым иш жүргүзүүсүн талап кылып келгенбиз. Ал максатыбызга жеттик. Анан эме үчүн бейөкмөтчүлөр өз ишмердүүлүгүн көмүскөгө жашырынып жүргүзүшү керек? Эмнеге алар кайдан финансылык каражат алышаарын жашыруун кармоолору керек? Же биз ички саясатка ачык эле кийлигишип, батыштын камчысын чаап аткан бейөкмөтчүлөрдү көрбөй атабызбы? Мындай аракеттерди эмитеден ооздуктабасак, өлкө коопсуздугу коркунучка кептелерин билбейбизби? Андыктан жеп аткан токочторунан айрылып аткандары үчүн эле ызырынып, бийликке ультиматум коюп, өлкөбүздүн, элибиздин коопсуздугун уруп да ойногусу келбеген мындай юристтердин элибиз үчүн канчалык зарылчылыгы бар?..

Айбат гезити №109




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru