Айбат » “Кумтөрдө” бир жумушчу оруну – ишканага байланыштуу тармактарда 15 жумушчу орунун түзөт…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “Кумтөрдө” бир жумушчу оруну – ишканага байланыштуу тармактарда 15 жумушчу орунун түзөт…

кумтор«Кумтөрдөгү» бир жумушчу оруну ага байланыштуу тармактардагы ошондой эле 15 орунду түзөт. Анан айрым депутаттар аны улутташтырууну талкуулап жатышканда, күйүүчү май менен камсыз кылгандар, фермерлер, айдоочулар, жадакалса тоок фабрикалары дагы өздөрүнүн жоготууларын эсептеп отурушат…

«Кумтөр» – бул компаниянын ишмердүүлүгүнөн бюджетке түз чегерүүлөр гана эмес, Соцфондко төлөмдөр жана салыктын кыйыр төлөмдөрү гана эмес. Жадакалса алтын кенинин узак эмес убакытка ишин  токтотуп калуусунан ири ишканалардан кем эмес, бюджетти түзүүчү «Кыргыз Темир Жолу» сыяктуу компаниялар жабыркап калат. Бул мамлекеттик компания алтын кенине күйүүчү-майлоочу майларды ташуудан тапчу кирешесин албай калат. «Кумтөрдүн» арты менен мына ушул жылдар аралыгында тоок фабрикалары өңдүү жардамчы компаниялар түзүлүп, гүлдөп-өнүккөнүн атка минерлердин кимдир-бөрөөлөрү ойлонду бекен? Түшүндүрүп кетели : алтын кенинин кызматкерлерин азык-түлүк менен камсыз кылууга суткасына жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн 2000 жумуртка жеткирилип турат. Жадакалса ишкана ишин бир күнгө токтотуп калса дагы мына ушул сыяктуу ишканалардын киреше-чыгаша бөлүктөрүнө оор залакасы тийет. Бюджет ушул жерден дагы салыгын албай калат. Бул бир гана жумурткага байланыштуу эмес – май, быштак, жашылча жемиштер, мөмө жемиштер, жана башка түркүн азык-түлүктөр менен да байланыштуу. Мына ушундай көлөмдө бул азык-түлүктөрдүн «Кумтөрдөн» башка кимге кереги бар? Көптөгөн ысык-көлдүктөр жыл бою ушул карым-катыш өнөктөштүктүн арты менен жашашат. «Кумтөргө» кеткен жолдогу трасса компаниянын техникалык коопсуздук талабы боюнча подрядчиктер тарабынан салынганын кимдир-бөрөө билеби?  Асфальтты төшөө, түздөө иштери. Бул ишкана дагы компаниянын кирешесинен бирдиктүү салыкты, айлык акыдан салык, ошол эле социалдык төлөмдөрдү төлөйт. «Кумтөр» ишин токтотсо, бул ишкана дагы жок болот.

Бул жерде айта кетүүчү маанилүү нерсе, өнүккөн өлкөлөрдө тоо-кен ишканаларында бир жумушчу оруну ошол аймакта үчтөн бешке чейинки орунду түзөт. Ал эми Кыргызстанда он беш жумушчу оруну тууралуу сөз болуп жатат. Андыктан ишкана ишин токтотсо жоготууларды дагы он бешке коркпой көбөйтө берсек болот…

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №109




Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. улутташтырууга барсак 10000 жакын адам жумушсуз калат алардын уйбулолорун кошсок анда эмне болот

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru