Айбат » “Көсөөнүн акылы түштөн кийин” же убагында кыйратпай, эми жаштарга орун бошотпогон “аксакалдар армиясы”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » “Көсөөнүн акылы түштөн кийин” же убагында кыйратпай, эми жаштарга орун бошотпогон “аксакалдар армиясы”

01Ушу кезге чейин Кыргызстаныбыздын өнүкпөй келишинин сыры неде? Дал ушул суроого ар ким ар кандайча жооп узатат. Ал эми жеке менин пикиримде, буга убагында жооптуу кызматтарды аркалаган кезинде жарытылуу иш жасабаган,  азыр дагы тырышып жылуу ордун бошотпой жаткан «пенсионер-аткаминерлер» менен креслодон жылмышканына ичи ачышып, ич күптүүсүн акыл үйрөткөндөн чыгарган «азаматтарыбыз» себепкер. Анда эмесе кеп башынан болсун.

Өлкө казынасын «ашагандан» бөлөк кыйратып иш кылбаган мамлекеттик мекемелер четтен табылат. Алардын алдыңкы сабында Улуттук илимдер академиясы турат десек жаңылышпайбыз. Расмий статистикага таянсак, бүгүнкү күндө Академияда өзүнө 22 институт жана 2 борборду камтыган төрт бөлүм иш алып барат. Анда 41 анык мүчө, 51 мүчө-корреспондент жана 23 ардактуу академик эмгектенет. Ал эми илимдер докторунун орточо курагы 50 жаш, илимдер кандидатыныкы 40 жашты чапчыса, академиктердин орточо курагы 73, мүчө-коресспонденттердики 70 жаш. Улуттук илимдер академиясынын 252 млн. сомду түзгөн жылдык бюджетинин 197 млн. сому айлык акыга сарпталса, калганы коммуналдык кызмат көрсөтүүгө жана башка чыгымдарга жумшалат. А илимий иштерге, изилдөөлөргө каражат каралган эмес. Сөздүн ток этерин айтканда, биздин илимпоздор жалаң маяна алганына ыраазы болуп гана отура беришкен. Мунун кесепетинен бул тармак алдыны эмес, артты көздөй «өнүгүүгө» бет алган. Буга дүйнөдөгү ири «Scopus» аталыштагы аналитикалык борбордун маалыматына ылайык, Кыргызстандын илимий-изилдөө жарыялоонун көлөмү жаатында Жер шарында 142-орунга илингени тирүү мисал.

2012-жылдын 11-апрелинде Улуттук илимдер академиясынын президенттигине Абдыганы Эркебаевдин дайындалышы үмүт отун жандандыргандай болгон. Андан бери эки жарым жылдай убакыт өтүптүр. Тилекке каршы, илгери үмүт акталган жок. Академияны реформалоо жараяны башталмак түгүл, муз ордунан козголбоду. 1997-2000-жылдары Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынын жана 2000-2005-жылдар аралыгында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагалыгын аркалаган Абдыганы аганын Улуттук илимдер академиясын жаңылагандын ордуна, маалымат каражаттарынан түшпөй, айрым саясатчыларды жактап сүйлөп, элди ынтымакка чакырып, биримдикти бекемдегендин ордуна, тейит уруусунун жыйынына катышып, анын жетекчилигине шайланганы – ал кишинин берчүсүн берип, ички ресурсу түгөнгөнүн айгинеледи. Мындан улам, президент өзү баш болуп, илим чөйрөсүн реформалоо демилгесин көтөрдү. Бул тармакты реформалоо 2013-2017-жылдар аралыгында өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына кирди.

Мына ушундай аракеттерден кийин гана Абдыганы Эркебаевич илимий борборду реформалоо боюнча өз концепциясын сунуш кылды. Концепцияда академиянын курамын өзгөртүү, курамындагы институттарды кыскартуу жана академиянын карамагындагы айрым мүлктөрдү өкмөттүн карамагына өткөрүп берүү каралган. Ошондой эле академиянын мекемелик түзүмүн 3,5 эсеге кыскартып, андагы төрт вице-президентти жана тогуз кишиден турган окумуштуулар президиумун жоюу каралган. Илим изилдөө институттарын ирилештирип, анын ордуна заманбап жети институтту түптөө концепцияда жазылган. Ушундай кыскартуулардан үнөмдөлгөн каражатты академиядагы илимди өнүктүрүүгө жана илимий кызматкерлердин социалдык абалын оңдоого жумшоо пландалып атыптыр. Концепцияда мындан бөлөк жаңы сунуштар, илим чөйрөсүн жакшыртуу жаатында ойлор  айтылган эмес.

Улуттук илимдер академиясынын бул концепциясы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, аны колдогондор салыштырмалуу кескин сын айткандар көбөйдү. Маселен, тарых илиминин доктору Тынчтыкбек Чоротегин «Азаттык» радиосуна курган маегинде мындай кыскартуулар абалды оңдобостугун, анын ордуна эл аралык тажрыйбаны эске алуу зарылдыгын билдирген. «Бул жаатта биз Казакстан жана башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын, оош-кыйышын эске алуубуз керек. Аларда академиянын курамы кандайдыр бир деңгээлде сакталып калганы менен, илимий иштер грант, долбоорлордун негизинде ишке ашат. Бул илимий жайдын натыйжалуулугун арттырды деп айтып жүрүшөт. Мындан сырткары академиядагы илимий институттарды ирилештирип, кыскартуу менен чектелбей, алардын университеттер менен байланышын күчөтүү зарыл. Муну менен академияда академик, мүчө-корреспондент дегендерди сактап, акы төлөбөстөн, Нью-Йорк же башка өлкөлөрдөгүдөй өз мүчөлүк акысын төлөшү керек» дейт ал.

Абдыганы Эркебаевич өзү айткандай, академия жоюлуп кетпеши үчүн дүйнөдө ийгиликтүү жүзөгө ашкан тажрыйбаларды бизге ылайыктап, кыйын кырдаалдан чыгуунун альтернативалуу жолун тапса туура болмок. Анткендин ордуна жарыктык киши күнөөнүн баарын каражаттын аздыгына шылтоолоп, өзүн актоо менен алек. Эгер Улуттук илимдер академиясын реформалоого дарамети жетпесе, анда ордун бөлөк адамдарга өткөрүп бербейби? Же кызмат кургур ушунчалык таттуу экенин пайгамбар жашынан өтүп калганда сезип атабы?

 

Алтай Асылкановичтин «казыгын тапкысы» келгени…

Аскар Акаевдин доорунда бактысы ачылып, улуттук университеттин проректорлугунан Билим берүү министрлигинин 1-орунбасары, И.Арабаев атындагы окуу жайдын жетекчиси, улуттук университеттин ректору жана Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын спикерлигине (2000-2005-жылдар аралыгында) чейин жеткен Алтай Бөрүбаевди коомчулук жакшы тааныйт. Акыркы жылдары Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагалыгын аркалап келаткан Алтай Асылканович бул орунга да ыраазы болбой, Кыргызстандагы окуу жайлардын флагманы саналган улуттук университеттин ректорлугуна болгон шайлоого катышты. Учурда бул маселе боюнча сот процесси жүрүүдө, анын жыйынтыгынын негизинде гана өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев чечим чыгарат.

Жанараакта токтолгондой, А.Бөрүбаев 1998-2000-жылдары улуттук университетти жетектеген. Ошондо окуу жайдын балансындагы бир катар объектилерди, анын ичинен №10 жатакананы алгач КТРдин балансына өткөрүп, андан соң менчиктештирип жибергени убагында чоң дуу жараткан. А кишинин мындан бөлөк жарытылуу эмгегин укпаптырбыз деле. Ошого карабастан, ылым санашкан бир катар илимпоздорду үгүттөп, өзүн колдоткон маанайдагы кайрылууну өлкө жетекчилигине жолдотту. Эгер ал ректорлук креслого көчүк басса, улуттук университетте жогорудагыдай менчиктештирүү жоруктары кайрадан гүлдөп, үй-бүлөлүк башкаруу орнобойбу? Минтип чоочулаганыбыздын себеби, Алтай мырзанын жубайы Батыйгүл Баячарова улуттук университеттин алдындагы Евразиялык инновациялык технологиялык факультеттин деканы. Бул айым белгилүү бир партиянын лидери менен жең ичинен сүйлөшүп, өмүрлүк жолдошун ректорлук орунга шайлатыш үчүн окуу жайдын кызматкерлерин «сатып алганы» туурасында аңыздар желип жортуп жүрөт. Албетте, колубуз менен кармап албагандан кийин мунун аныгына кепилдик бере албайбыз, ошентсе да, эмки жылдагы парламенттик шайлоодо окуу жайдагы 30 миң студентти ошол партияга добуш бердирүү планын түзүп жүрбөсүн, ыя?

Кезегинде улуттук окуу жайды оңдогондун ордуна, ага тиешелүү мүлктөрдү жеке колго өткөртүп жиберген адам экинчи жолу окуу жайды жетектегенде деле бир нерсени кыйратып жибербейт. Алтай Бөрүбаев өзүнүн дараметин деле билсе керек. Демек ал кресло дарты үчүн же кайсы бир партиялардын, саясый күчтөрдүн камчысын катыра чабуу максатында улуттук университеттин ректорлугуна ашыгып атат деп жыйынтык чыгарсак жаңылышпайбызбы? Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан дагы жеке кызыкчылыгын жогору койгон адаттан качан арылар экенбиз? 64 жаштагы А.Бөрүбаевдин ордуна иш десе ишке тойбогон, жаңыча ой жүгүрткөн, тажрыйбасы мол, өлкө үчүн күйгөн адам аталган окуу жайды башкарса – окуу жай үчүн да, мамлекет үчүн да утуш болмок.

 

Креслодон жылмышса «акылман», кызматка кайра бекисе «балык»

Өзү каалаган майлуу-сүттүү кызматка барыш үчүн ар кыл ыкманы колдонуп, керек болсо шантаж кылуудан да кайра тартпаган «баатырларыбыз» арбын. Алардын бараандуусу – кесиптешибиз, «Алиби» гезитинин кожоюну Бабырбек Жээнбеков.

Бабырбек Субановичтин апрель окуясына чейин оппозициялык маанайдагы басылмаларды жетектеп, ошогездеги режимге каршы «маалымат согушун» тутантуудагы эмгегин жогору баалашыбыз керек. Бирок 2010-жылдын 7-апрелинде Курманбек Бакиевди жалгыз өзү мырза тактан кулаткан жок да. Бабырбек мырза менен катар сырткары ондогон басылмалар, журналисттер кандуу режимди сындап жазып, алды киши колдуу болуп өлсө, айрымдары сыртка качып чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Бул окуяны эстегенибиздин себеби, Б.Жээнбеков дайыма курган маектеринде апрель революциясын жалгыз өзү жүзөгө ашыргансып милдет кылып сүйлөйт. Анын эмгеги бир эмес эки жолу бааланып, мамлекеттик монополияны жөнгө салуу агенттигинин директорлугун эки ирет аркалады.

Алгач антимонополдук агенттиктин төрагалыгынан «айдалганда», «Кыргыз Гезиттери Биримдиги» («КГБ») кыймылын түптөп, бийликке каршы «маалымат согушун» тутантты. Жарыктык кесиптешибиздин көздөгөнү – ушундайча жол менен эски «казыгына» кайтып баруу болуптур. Күнүгө Ак үй, Көк үйдү «бомбаламыш» этип атып, акыры көздөгөн максатына жетти. Агездеги өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен монополияны жөнгө салуу агенттигинин башчылыгына дайындалды. Анан көрүп алыңыз кызыкты: баягы президентти, парламентти, өкмөттү «Алибиси» аркылуу болушунча шыбап аткан Бабырбек агабыз дароо позициясын өзгөртүп, өзүнүн гезити аркылуу бийликти мактатып, ара чолодо карачечекей уулу кыйкырып жүргөн оппозиция короосун сындатып койчу болду. Ошону менен Б.Жээнбековдун табигый жүзү сыйрылды. Жаңылышыптырбыз. Кесиптешибиз кресло дегенде бардыгына кайыл экенин быйыл экинчи ирет антимонополдук комитеттин төрагалыгынан ыргыганда далилдеди. «Мени мыйзамсыз жумуштан алганы үчүн өкмөттү сотко берем» деп желпинип чыкты. Ошол эле маалда баягы көндүм адатына түшүп, бийликке оппозиционер болуп чыга келди. «Алиби» гезитинин ар бир санын барактап чыгыңыз: бийликти бир тараптуу жамандаган, оппозицияны мактаган материалдарга жык толгон. Эмне үчүн ачуу чындыкты (Б.Жээнбековдун түшүнүгүндөгү) кызматта турган кезинде «Алибиси» аркылуу айтканга жараган эмес? Айта алмак да эмес, анткени, ал убакта креслого мас болуп жүргөн кези эле.

Эми анын антимонополдук агенттик төрагалыгынан ыргыганынын таржымалына токтололу. Ушул жылы монополияны жөнгө салуу агенттигинин Нургали Кудаяров аттуу кызматкери «Кудайберген» базарынын ээсинен 300 миң сом пара алып аткан жеринен кармалганы маалым. Алгачкы сурак маалында Н.Кудаяров алган акчаны өзүнүн жетекчиси Бабырбек Жээнбековго алып барып берерин билдирген эле. Мындай маанайдагы сөздөрдү «Кудайберген» базарынын кожойкеси Эльвира Сурабалдиева тарабынан жазылып алынган аудио жазуу да далилдеп турат. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Б.Жээнбековду кызматтан алышына ушул жагдай түрткү болгону айтпасак деле түшүнүктүү. Минтип артында «калбыры» турганына карабастан беттырмоочулук кылып, «мыйзамсыз кызматтан алындым» дегени адамдык касиеттин ныпым соолуп калганынан кабар бербейби? Эгер эртеңки күнү ага дагы майлуу кресло сунушталса: «Өкмөт башчысы өзү суранды, эми барбасам болбойт» деп «Алибисин» бийликти мактатып, оппозицияны «поктоткон» гезитке айландырары турган иш.

«Алма сабагынан алыс түшпөйт» демекчи, анын парламенттеги уулу, эркин депутат Равшан Жээнбековдун мамлекеттик мүлк фондун жетектеген кезинде жалпы жонунан 342 объектини жеке колго өткөрүп жибергени, алардын арасында бүгүнкү күндө таңсык болуп аткан бала бакча, музыкалык мектеп, оорукана сыяктуу социалдык мекемелердин имараттары бар экенин жазбаган гезит калган жок окшойт. Башкасын айтпаганда да, «Кумтөр» боюнча 2003-2004-жылдардагы келишимдин алгачкы документтерине кол койгонун бүгүн кашайтып танып, эми түштөн кийин элге, мамлекетке күйгөндөй түр жаратып, оппозицияонер болуп чыга келгени – атасы Бабырбектен да ашып түшкөнүн ырастайт.

Кызматка жеке мүдөөсүн канааттандырып, байлык топтоо үчүн барган, Кыргызстан үчүн күйүп да койбогон, качан гана кызматтан айдалганда элге акыл үйрөтүп, «патриот» болуп чыга келген «азаматтарыбыздын» айынан өлкөбүз өнүкпөй келгени маалым. Эми мындай «мите курттардан» арылчу мезгил бышып жетилди. Алардын чыныгы жүзүн коомчулук да ажырата билип, баасын бергени оң. Бул дагы бир ирет кайталайлы, мамлекетибиздин өнүгүшү, элибиздин байгер турмушу үчүн маанилүү фактор болуп саналат…

P.S. Макаланын кийинки бөлүгүндө академик Жамин Акималиев, мамлекеттик дин комиссиясынын мурдагы жетекчиси Жолборс Жоробеков, Чыңгызхандын «шакирттеринин» 2012-жылдагы «жортуулунда тамадалык» кылган Кубатбек Кожоналиев, энергетика жаатында экспертмин деп жүргөн Эрнест Карыбеков жана башка «эксперттер», «акыл үйрөткүчтөр» тууралуу кеңири сөз кылабыз.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №109



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru