Айбат » Путин мамилелердин чыңалуусуна Батышты айыптады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дүйнө кабары » Путин мамилелердин чыңалуусуна Батышты айыптады

Владимир ПутинОрусиянын президенти Владимир Путин жылдык маалымат жыйынында Батыш менен мамиле, Орусиядагы экономикалык абал, рублдин кунунун төмөндөшү жана мунайзат бааларынын арзандашы тууралуу пикирлерин билдирди.

Орус жетекчиси Орусиянын экономикасын турукташтыруу үчүн өкмөт жетиштүү деңгээлде иш-чараларды көрүп жатат деп айтты. Ошону менен бирге ал орус экономикасында буга чейин диверсификация жасалбаганын мойнуна алды.

Ошону менен бирге ал Орусиянын экономикасы кайрадан бутуна турушу үчүн эки жылга чейин убакыт кетиши мүмкүн экенин белгиледи. Путиндин маалымат жыйынына жүздөгөн жергиликтүү жана эл аралык медианын өкүлдөрү катышты.

Орус президенти Би-Би-Синин Орусия Батыш менен эпке келип, кырдаалды жумшартуунун ордуна агрессивдүү саясат жүргүзүп жаткан жокпу деген суроосуна да жооп берип жатып, Батыштын тышкы саясатын сындап өттү.

“Орусия өзүнүн кызыкчылыктарын коргоо максатында гана аскерий машыгууларды өткөрүп жатат. Орусиянын учактары СССР урагандан бери 19 жыл бою мындай маневрларды жүргүзгөн эмес. Ал эми АКШ алыскы аймактарга аскерий маневрларды тынымсыз улантып келген.

Эки жылдан бери биз дагы учуп жатабыз. Орусиянын тышкы өлкөдө – бирөө Кыргызстанда, экинчиси Тажикстанда аскерий базасы бар. Кыргызстандагы базабызды президент Акаевдин тушунда Афганистан тараптан согушкерлер бастырып киргенден кийин Кыргызстан тараптын өтүнүчү менен жайгаштырганбыз. Бул аймактагы туруктуулукка Батыш да кызыктар болушу керек. Ал эми АКШ аскерий базалары дүйнөнүн бардык бурчунда бар. Бул жерде кайсы тарап агрессивдүү саясат жүргүзүп жатат? “, – деп суроо салды Путин.

Айбат гезити №109



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru