Айбат » Казак элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз дечи, бирок “кызыл өрүк” кимдики?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » Казак элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктайбыз дечи, бирок “кызыл өрүк” кимдики?

Мирлан Баеков16-декабрь күнү боордош казак элибиздин мамлекеттүүлүгүнүн эгемендүүлүк күнү. Чын дилибизден куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалайбыз жана мындан ары дагы көптөгөн жетишкендиктерди багындыруусуна тилектешпиз!

Мына ушул күнгө карата Венгриядагы казак студенттеринин бирикмеси Youtube.com видео хостингине “Кызыл өрік’тү”  Будапешттин тургундары ырдап, казак элин куттуктап жатышат деп билдиришкен. Чындыгында европалыктар ырдагандай деле болушпаптыр, болгону анда-санда “кызыл өрүк” деп…

Ал мейли, бирок “Кызыл өрүк” деген чыгарма биздики, кыргыздардыкы эмеспи?! Мирлан Баеков биринчи ырдап, хит кылганы эсибизде. Ортодо дагы башка “бир кыргыз тамаданыкы” – деген сөздөр болду эле, бирок ал деле кыргыз да. Ал эми Акылбек Жеменей жана Мирлан Баеков катышкан “Эл Арна” телеканалындагы “Бари есимде” көрсөтмөсүндө, Акылбек мырза “Ооба, кыргыздардыкын которуп алып ырдап жүрөм” деп, моюнуна алганы, казак элине жетишсизби, же “боордошпуз, боло берет” дегендей мамиле кылганын токтотушпайбы?!

Ансыз деле “Кара жорго”, Боорсок жана Боз үй сыяктуу баалуулуктарыбызды талашып келгени чексиз. Эгер бул ырдын авторлугу боюнча сыр болсо, бөлүшүп кое аласызбы Мирлан мырза?

Бектур, Бишкек шаарынын тургуну

Айбат гезити №109



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru