Айбат » Улуттук банк 2 млн. доллардын сатылышы боюнча атайын операция жүргүзүп, сомго карата спекуляциялык чабуул жасалганын тактады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Улуттук банк 2 млн. доллардын сатылышы боюнча атайын операция жүргүзүп, сомго карата спекуляциялык чабуул жасалганын тактады

Толкунбек АбдыгуловҮч күндүк тыныгуудан кийин валюта базарында улуттук валютаны алсыздандыруу башталды. Буга объективдүү фактор жок. Мындай пикирин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 18-декабрдагы маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө банктык системада 250 млн. доллар бар жана анын 30ы накталай доллар түрүндө. Ал ошондой эле улуттук банк 17-декабрда атайын «чалгын» жасаганын кабарлады. «Биз 2 млн. долларды жүгүртүүгө салдык. Жыйынтыгы кандай болду? Улуттук валютага спекуляциялык атака жасалууда. Тактап айтканда, улуттук банк эки банк – «Айыл банк» жана «РСК банк» аркылуу 57,8 сом курсунда долларды саткан. 3-4 сааттын аралыгында бардыгы сатылып бүтүп, кийин бөлөк акча алмаштыруу жайлары аркылуу 60 сомдон сатылды. Бул бизди бир аз этият болууга жана структуралык чараларды көрүүгө мажбурлайт», – деди ал.

Улуттук банктын төрага орунбасары Нурбек Жеңиштин айтымында, сатуу саат 10:30 башталган, ал эми валюта толук 16:00га чейин сатылып бүткөн. Бул операция тууралуу 3 адам гана билгенин кошумчалады.

Редакциядан: Борбор калаа дагы акча алмаштыруучу жайлардын көпчүлүгү ЖК депутаттарына таандык экени айтылып жүрөт. Ошондо мына ушундай спекуляциялык жол менен акча табуунун башында эл өкүлдөрү турган болуп калабы?

Айбат гезити №109




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru