Айбат » Касымалы Жантөшев – жазуучу, драматург, театр режиссеру жана артист. Импровизатор-айтуучу…

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Касымалы Жантөшев – жазуучу, драматург, театр режиссеру жана артист. Импровизатор-айтуучу…

Касымалы ЖантошевКыргыз улуттук жазма адабиятынын көч башыларынын бири, кара сөздүн каймагын калпыган чебер жазуучу Касымалы Жантөшевдин кыргыз фольклоруна болгон мамилеси биринчи муундагы кыргыз жазуучуларынын өкүлдөрүнө караганда айрыкча бир кырдаалдар менен айырмаланып турат. Дегеле жазуучунун фольклорго мамилесин ажыратып, жиктеп, этаптарга бөлүп көрсөтүү мүмкүн эмес. Фольклордук аң-сезимдин стихиясы жазуучунун бүткүл чыгармачылык жолун бирдей эле даражада аралап өтөт десек болот, башкачараак айтсак, Касымалы Жантөшев жаралышынан, жазма түрүндөгү импровизатор. Импровизатордук касиет: сюжеттик чиелеништерде, баяндоонун коюлушунда, макал-лакаптардын, уйкаш сөздөрдүн жамакталышында, атайын кооздукка, сулуулукка, чечендикке басым коюлган сүрөттөөлөрдө, ар бир окуянын акыл-насаатчыл жыйынтыгында, ачык эле сезилген. Ушул залкар инсаныбыздын өмүр чыгармачылыгына көз чаптыра кетсек. 

 

Аты жөнү: Касымалы Жантөшев

Туулган жылы: 1904 жылы

Туулган жери Тепке айылы, Түп району, Кыргызстан

Каза болгон жылы: 1968 жылы

Каза болгон жери: Фрунзе шаары

Ишмердүүлүгү: жазуучу, драматург, театр режиссеру, артист

Чыгармачылык активдүүлүгү:    1926-жылдан баштап

Эмгектенген жери: Кыргыз мамлекеттик драма театры

 

Өмүр баяны:

Улуттук адабиятыбыздын өнүгүп-өсүшүнө салым кошкон чыгаан жазуучу, драматург Касымалы Жантөшев Ысык-Көлдүн 1904-жылы Түп районунун, Тепке айылында туулган. Кыргыз эл жазуучусу.. Фрунзедеги (аз. Бишкек) педтехникумду бүтүргөн. Кыргыз педтехникумунда окутуучу, Кыргыз АССРинин агартуу эл комиссариатынын методисти, Өзгөндө райОНОнун башчысы, Кыргыз драмалык театрында актер, режиссер, режиссёр-коюучу, Кыргызмамбаста редактор, Эл комиссариатынын искусство боюнча башкармасынын начальниги, маданият министрлигинин репертуардык-редакциялык коллегиясынын башкы редактору болуп иштеген.

Касымалы Жантөшевдин үй-бүлөсү чыгармачылыктын династиясын алып жүргөн. Анын өмүрлүк жубайы – белгилүү акын Нуркамал Жетикашкаева. Нуркамал эже катуу оорудан 31 жашында ааламдан көзү өттү. Жаш калган уулу, болочок киносценарист, жазуучу Кадыркул Өмүркулов он алты жашка чейин Жантөшев деп аталып жүрдү. Анткени ал Нуркамал Жетикашкаеванын согуштан кайтпай калган мурдагы жубайы Өмүркул Жетикашкаевдин уулу эле. Кенедейинен аны өз уулундай жылуу мээримге бөлөп чоңойткон. Канткен менен К.Жантөшев таланттуу жазуучу катары да, адам катары да таза, бийик инсан болгону ушундан эле көрүнөт эмеспи.

Ысык-Көл облустук драма театрына анын аты берилген. 1968-жылы 64 жаш курагында бул дүйнөдөн көзү өткөн.

 

КаныбекЧыгармачылык жолу

Жеке чыгармачылыгы студенттик жылдарда эле башталып, бир актылуу пьесаларды жазган. 1938-жылы “Эки жаш”, андан үч жылдан соң атактуу “Каныбек” романы жарыкка чыккан. Согуш жылдарында “Курманбек”, “Өч” драмалары, кийин Токтогул Сатылгановдун өмүрүнө арналган “Элдик ырчы” пьесасы жаралган.

Кара сөздө катуу узанып “Хан-Теңирлик чабан” романы, “Тилек”, “Жалындуу жаштар” повесттери, балдарга арналган чыгармалары окурмандарга жеткен.

Касымалы Жантөшев “Тянь-Шандын кызы” деген алгачкы көркөм тасманын сценарийин жазган. Ошол алгачкы кыргыз киносундагы башкы ролдордо Муратбек Рыскулов менен Жамал Сейдакматова ойногон. Москвалык режиссерлор, операторлор Жантөшевдин үйүндө жүрүп иштешкен.

Жазуучунун отуздан ашык китептери жарык көргөн. Анын чыгармачылыгында орчунду сөз болуп, окурмандарга атын тааныткан “Каныбек” романы болду. Көркөм сөздүн мыкты үлгүсүн ушул чыгармасында көрсөтө алган жазуучунун бул чыгармасы “Кыргызфильм” студиясынан экрандаштырылган.

Көптөгөн чыгармалары орус тилине которулуп китеп болуп чыккан. Алсак “Каныбек” романы бир нече жолку басылышы менен жарык көргөн. Ал эми М.Лермонтов, Н.Островский, Е.Смирнов, Г.Андерсен, И.Будогорскаянын чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

 

Сыйлыктары:

Эки жолу «Ардак Белгиси» ордени, медалдар,

Жогорку Советтин Ардак грамоталары менен сыйланган.

Искусствого эмгек сиңирген ишмер  жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси болуп саналат.

 

Эмгектери:

Кыргыз тилинде:

• Эки жаш: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1938. – 103 б.

• Каныбек: Роман: 1-китеп. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 275 б.

•Каныбек: Роман: 2-китеп. – Ф.: Кыргызмамбас, 1941. – 153 б.

•Адыл мерген: Поэма. – Ф. – Казань: – Кыргызмамбас, 1941. – 96 б.

•Чолпонбай: Аңгеме. – Ф.: Кыргызмамбас, 1943. – 44 б.

•Каныбек: Роман: 3-китеп. – Ф.: Кыргызмамбас, 1948. – 239 б.

•Тилек: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1949. – 136 б.

•Жалындуу жаштар: Повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 350 б.

•Ашуу ашкан суу. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. – 300 б.

•Эки жаш: Повесть, аңгеме жана очерктер. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 211 б.

•Каныбек: Роман: 1-китеп. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 651 б.

• Мендирман: Эл жомокторунун негизинде жазылган поэма: 1938-1955. – Ф.: Кыргызмамбас, 1957. – 139 б.

• Биздин жомоктор. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 171 б.

• Каныбек: Роман. 2-китеп. – Ф.: Кыргызмамбас, 1958. – 755 б.

• Каныбек: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1960. – 280 б.

• Хан-Теңирлик чабан: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1963. – 340 б.

• Биздин секретарь: Повесть. – Ф.: Мектеп, 1964. – 306 б.

• Пьесалар. – Ф.: Кыргызстан, 1964. – 284 б.

• Менин тагдырым: Повесттер. – Ф.: Кыргызстан, 1967. – 208 б.

• Чолпонбай: Аңгеме. – Ф.: Мектеп, 1970. – 51 б..

• Тандалган чыгармалар. – Ф.: Кыргызстан, 1972.

• 1-т. – 612 б.

• 2-т. – 728 б.

• 3-т. – 644 б.

• Чолпонбай: Аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 32 б.

• Эки жаш: Прозалар. – Ф.: Мектеп, 1974. – 326 б.

• Курманбек: Пьесалар, повесттер. – Ф.: Мектеп, 1979. – 224 б.

• Адыл мерген менен Эдил мерген: Жомок. – Ф.: Мектеп, 1982. – 25 б.

• Акылман бала: Жомоктор жана легенда. – Ф.: Мектеп, 1983. – 47 б.

• Жалындуу жаштар: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 298 б.

• Каныбек: Эки китептен турган роман: 1-китеп. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 588 б.

• Каныбек: Роман: I китеп. – Б.: Адабият, 1991. – 529 б.

• Каныбек: Роман: II китеп. – Б.: Адабият, 1991. – 704 б.

• Акылман бала: Жомок, легенда. Б.: Кыргызстан, 1995. – 56 б.

 

Орус тилинде:

• Герой Курманбек. – М. – Л.: Искусство, 1944. – 136 с.

• Кар жукпас: Роман. – Ф.: Киргизгосиздат, 1956. – 280 с.

• Каныбек: Роман: кн. 1. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 401 с.

• Каныбек: Роман. – М.: Мол. гвардия, 1958. – 319 с.

• Каныбек: Роман: кн. 1 – 2. – Ф.: Киргизгосиздат, 1961. – 948 с.

• Каныбек: Роман: кн. 1 – 2. – Ф.: Киргизгосиздат, 1962. – 952 с.

• Каныбек: Роман в 2-х т. – Ф.: Кыргызстан, 1980.

 

Котормолору:

• Лермонтов М. Ырчы Кериб: Түрк элинин жомогу. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 16 б.

• Андерсен Г.X. Кебетесиз балапан: Жомок. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 28 б. Будогорская И. Фонарь жөнүндө повесть. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1938. – 92 б. Андерсен Г. X. Дюймовочка. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 24 б.

• Будогорская И. Фонарь жөнүндө повесть. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 93 б. Островский Н. А. Болот кантип курчуду. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1940.-551 б. Смирнов Е. Даңктуу пионер Гена Шукин. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1940. – 62 б.

Акмат Рааткан

Айбат гезити №109



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru