Айбат » Нуркыз Кожонова, ырчы: “Мээримдүү эне болгонго бүт күчүмдү жумшайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Нуркыз Кожонова, ырчы: “Мээримдүү эне болгонго бүт күчүмдү жумшайм”

Нуркыз КожоноваКыргызстандын шоу бизнесинен өз ордун таап, элге өз таланттын тартуулап эл оозуна алына баштаган жылдызыбыз Ныркыз Кожонованы кепке тарттык.

- Нуркыз  Саламатсызбы дайым күлүп жайдары жүрөсүз бактылуусузбу?

– Жеке жашоодо эртеден кечке эле тытынып иштеп жүрөм (күлүп).  Учурда “Сезим” аттуу  жаңы ыр жаздырып бүтүп үналгыларга бере баштадык. Сөзү:  чыгармачылык досум, эстрада ырчысы Нурмат Садыровго таандык, обону: музыкант «Доолбас» тобунун мүчөсү  ырчы Эдил Маматовдуку. Ал эми, бактылуусузбу деген суроого жооп берсем, аткан таңды баткан күндү көрүү ар бирибиз үчүн эле бакыт болсо керек, этно рок ырчысы Каныкей айтмакчы «жашоо бар, жашаш керек» дегендей.

- Аял үчүн балалуу  болуу бул «бакыт» деп ойлойсузбу?

– Албетте, “балалуу үй базар” деп бекеринен айтпаса керек. Кудайым буйруса «эне» болуу «эне» деген статус бизге да  керек, өзүм  кичинекей наристелерге абдан жакынмын, аларды эркелетип жатканда, төкмө  акындарга сөздөр өзү эле келе берген сыяктуу, мага да эркелетчү сөздөр өзүнөн өзү  чыга берет. Анын үстүндө өзүмдө бала кыялмын (күлүп)

- Канча баланын мээримдүү энеси болгуңуз келет?

– Жаратканыбыз канчаны буйруган болсо баарына мээримдүү эне болгонго бүт күчүмдү жумшайм. Бирок, кыялыма баарын жуп-жубу менен төрөсөм деп тилек кылам, тагыраак айтканда 2 бала, 2 кыз. Жумуштан чарчап келсең балдарың, кыздарың мотурайып чуркап апалап кылган кылыктарын айтып мактанып турса аял затты үчүн мындан чоң бакыт болбосо керек, кан жанынан жаралган наристе да кантсе дагы…

- Аял затты катары кайсы мезгилди, кайсы гүлдү жактырасыз?

– Жай мезгилин абдан жакшы көрөм, анткени бул мезгилде айлана жашылданып, айлана гүлдөргө толуп турган убакыт болот. Мен айылда тоонун боорунда чоңоюп өскөндүктөн жаратылыштын жашыл болуп, канааттуулардын сайрап турганын жактырам. Азыркыга чейин бош убактым болсо жаратылышка чыгып таза аба менен дем алып жаратылыш койнунда эс алып турам. Ал эми, гүлдөрдүн ичинен жактырган гүлүм «гвоздика», башка кыздардай гүлдүн тикендүүсүн жактыра бербейм айрыкча розаны, эмнегедир сырты жалтырак ичи калтырак адамдарды элестет. Дал ушул гүл, мисалы: “аийи сонун го” деп сырткы келбетине суктанып анан тикенегин кармап жабыркап калгандай, кээ бир адамдар болот го, сыртынан суктанасың да сүйлөшө же тааныша келгенде таптакыр башка адам болуп чыга келет…..

Нуркыз Кожонова- Чыгармачылыктагы досторуңуз туурасында кеп кылып берсеңиз?

– Чыгармачылык досторум абдан көп, алардын баарын атай берсем, көп убакыт талап кылынат. Бардык чыгармачыл адамдар менен жакшы мамиледемин, сый-урмат менен аралашып катташып жүрөм. Бирөөгө жакшы көрүнүп бирөөгө жаман көрүнгөндөн алысмын. Колуман келишинче баарына бирдей салам берип, сый урмат көргөзгүм келет.

- Сизге тойго ырдаган жагабы же сахнада ырдаганбы?

– Сиз “бул көзүңүз жагабы же бул көзүңүзбү” деген суроо бергендей болдуңуз, кайсы жакта ырда десе ошол жакта ырдаган жага берет, биз ырчылар жер тандабайбыз негизи… (күлүп)  Ар дайым ырдагандан эргүү алган калк болобуз, кубанычыбызды да кайгыбызды да ыр менен чыгарабыз!!!

- Байкашымча абдан позитивдүү адам экенсиз?

– Дал ошондой дайым жайдары шайыр жүргөндү жактырам, жакшылык жакшылыкты чакырат деп коет го, анын сыңары позитив позитивди чакырат десем аша чаппайм!!!

- Рахмат сизге, жакшы маек куруп бердиңиз, чыгармачылыгыңызга ийгилик!!

– Сиздерге да чоң рахмат,  калемиңер    курчуй берсин, ийгилик!!!

 

Жеңиш Шерипбаев

Айбат гезити №109




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru