Айбат » Жоодарбешим, ырчы: “Чыгармачылыкта үйрөнгөн нерселеримди күйөрмандарыма тартуулайм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жоодарбешим, ырчы: “Чыгармачылыкта үйрөнгөн нерселеримди күйөрмандарыма тартуулайм”

ЖоодарбешимКыргыз эстрадасынын казанында кайнап жүргөн “ Өкүнбө” деп муңдуу ырлары менен күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан, көбүнчө кыздардын уюлдук телефондордо Жоодарбешимдин сүрөттөрү жайнап жана анын муңдуу ырлары  жаңырып калганы баарыбызга маалым болушу керек. Өзүнө көптөгөн күйөрман чогулта алган, кыргыз эстрадасынан өз ордун тапкан жана бул ырчы мырзанын аты да өзгөчөлөнүп Жоодарбешим аталган ырчы мырза тууралу маек кылмакчыбыз.

- Саламатсызбы Жоодарбешим мырза

– Саламатсыздарбы

- Жаңы жылда жакшы маанай тартуулоо менен жакынкы арада концерт бергени турасыздар, ушул концерт боюнча кененирээк айтып өтсөңүз?

– Концертибиз кудай буюрса 25-декабрда  Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтмөкчү, азыркы учурда тыным албай күйөрмандардын ишеничин актоого татыктуу концерт берели деп жүгүрүп жүрөбүз. Концертке даярдык жакшы десем жаңылышпайм, жаңы ырларды жаздыруу менен алек болуп жүрөбүз. Бул концертке күз мезгилинен бери, тагыраак айтканда сентябрь айынан бери эле берсекпи деп жүргөнбүз, бирок  убакыттын тартыштыгына байланыштуу элге тартуулай албай калдык, кудай буйруп сиз айткандай жакшы маанай тартуулоо менен  жаңы жылдын астында бергени турабыз.

Жоодарбешим- Бул концертиңиз борборубуздагы биринчи концерт болсо керек ?

– Бул убака чейин Кыргызстандын көптөгөн жерлеринде аймактарында концерттеримди берип келгем , сиз айткандай бул менин Бишкектеги биринчи концертим  болуп саналат.

- Жаңы жылды утурлай көптөгөн сахналаштарыңыз дагы концерт берип жатышат, айтайын дегеним бул концертте күйөрмандарыңыз кандай өзгөчөлүктөрдү күтө алышат?

– Албетте,  өзгөчөлүк болот.  Башында айтып өткөндөй бул менин Бишкектеги биринчи масштабдуу концертим болгондуктан ушул убака чейинки чыгармачылыктагы үйрөнгөн нерселеримди топтоп туруп, күйөрмандарыма оригиналдуу кылып тартуулоо максатында турам. Концертте басым жасай турчу бул жандуу үн менен ырдоого белсенип жатам, оригиналдуу анан дагы айтып койчу бул сахнанын жасалгалоосу өзгөчө болот деп жүз пайыз кепилдик бере алам. Көрүүчүлөр концерттен бул нерселерди көрүп, ырахат алышат деген ишеничтемин.

 – Суроону чыгармачылыгыңыздан тышкары сунуп өтсөм, угушубузда ырчы Нурлан Насип менен тууганчылык байланышыңыз бар деп угабыз, деги эле үй-бүлөңүз тууралу, кайсыл жердин кулуну болосуз мына ушул тууралу айтып өтсөңүз?

– Мен үй-бүлөөдө тогуз бир тууганмын, тогуз бир туугандын эң кенже баласы болом. Үй-бүлөөдө кичүүсү болгонума байланыштуу эрке болуп чоңойдум.  Ал эми жердигим Токтогулдун Чоң-Арык деген айылынан болом. Эми, Нурлан Насип экөөбүз жөнүндө айта турган болсок таяке жээнбиз,  жашыбыз дагы тең, сахнада тууган катары да, дос катары да бири-бирибизге жардам берип келе жатабыз. Жакында эле Нурлан концертин бергенде экөөбүз биргелешип  дуэт ырдап чыкканбыз, ошол ырды   менин чыгармачылык кечемде да экөөбүз дуэт ырдайлык деп жатабыз.

- Жаңы жылды кимдер менен кайсыл жакта тозосуз?

– Кудай буюрса, 25-декабрь Бишкек шаарында, экинчи күнү Ош шаарында андан кийин Жалал-Абадда концерттерим болот. Концерттеримди ийгиликтүү өткөрүп алсак анан үй-бүлөм менен тозоюн деген тилектерим бар.  Жаңы жылга арналган да  кечелерге сунуштар түшүп жатат, алсак Ала-Тоо аянтында майрамдык иш чара болот экен, дагы көптөгөн жерлерден  бизге сунуш түшүп жатканына карабай баардыгынан баш тартып жатам. Үч күндүк концерттен кийин шай кетип, чарчаймго деп мага түшкөн сунуштардан алдына ала баш тартып жатам.

- Жаңы жылда күн санап кучак жайып келе жатат, өзүңүздүн каалоо тилектериңизди айта кетсеңиз?

– Келе жаткан жаңы жылыбыз алгач Кыргызстан үчүн эң эле токчулукту, биримдиктүү жана ынтымактуулукту жылдардан болсун. Экинчиден анда жашаган кыргыз калкым аман болуп, ойлогон ой максаттарына жетип, көптөгөн ийгиликтерге жетишсин жана ошондой эле ар бир үйдө баланын ыйы чыгып, ата-эне, бир туугандардын күлкүсү шаңга бөлөнүп ар дайым дасторкондору жакшылыкка жайылып турсун. Ал эми өзүмдүн кесиптештериме ушул келе жаткан жыл биз үчүн эң ийгиликтүү жылдардын башаты болуп, Кыргызстандын байрагын көптөгөн өлкөлөргө желбиретели демекчимин.

- Айткан тилектериңиз кабыл болсун. Сиздин  маегиңизге чоң рахмат, жаңы жылды жакшы тозуңуз.

-Сиздер да кесиптештериңиздер менен жаңы жылды жакшы тозуңуздар  “Айбат” гезитине ийгилик.

Жоодарбешим

Маектешкен Акмат Рааткан

Айбат гезити №109



Башка окшош макалалар:

1 комментарий

  1. Жоодарбешим-концертиниз эн мыкты отту ыраазычылык! Баткен областынын Кадамжай районуна да келип концерт беришинизди кутобуз! Айдын….

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru