Айбат » 103,5 литр кан тапшырган ардактуу донор Леонид Асанов өз укуктарын тебелетүүдө

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » 103,5 литр кан тапшырган ардактуу донор Леонид Асанов өз укуктарын тебелетүүдө

кан

14-июнь күнү канын аябастан бейтаптарга тапшырып жүргөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк күнү. Аны майрамдашат. Ага ылайык донорлор үчүн атайын жардамдарын алып келишет. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк жеңилдиктерин коюп эле КРныкына жетпей келет, кыргызстандык  ардактуу донор Леонид Асанов. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстандагы Улуттук госпиталдын гастроэнтерелогия бөлүмүндө боору чоңоюп кеткендигине байланыштуу бейтапканада кочуштаган дары-дармектерди ичип отурган мезгили.

Л. Асанов 1985-жылдан бери, ушул күнгө чейин 340-350 жолу кан тапшырган. Ал азыр 53 жашта. Анын айтуусунуна караганда, кан тапшыруунун бир же эки деп кол менен гана саналат экен болбосо, 200 гр. кандан 500 гр. канга чейин тапшырып турат. Орто эсеп менен 300 гр. кандан эле эсептегенде, 345 жолу тапшырса,  103 жарым литр кан тапшырыптыр. Бирок, мындан да көп да.  Муну менен айтайын дегеним Курманбек Бакиев президент болуп турган  мезгилинде 2007-жылдын 15 майында чыккан Жогорку Кеңештин “Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндөгү” КРнын мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору” деген төш белги менен сыйланган адамдар үчүн жеңилдиктер: 3) дарылоо уюмдарынын рецептери боюнча дары-дармектерди алардын наркынын элүү пайызын төлөө сатып алууга укуктуу” деп бадырайып жазылып турганына карабастан, азыркы тапта эч кандай жеңилидиги жок, элүү эмес бир да пайыз жеңилдигисиз дарыларды алып отурган мезгили.  Асановдун өмүрлүк жубайы Наталья КРнын Республикалык кан борборуна ушул суроо менен кайрылса, 2010-жылы жогорудагы мыйзамдын жоюлуп кеткендиги туурасында маалымат беришкен. Эмне себептен мыйзам толугу менен жоюлуп кеткени алүгүнчө белгисиз. 103 жарым литр кан менен канчалаган жарандын өмүрүн сактап калган жаран үчүн эч кандай чаралар көрүлбөсө, анда бу бийлигиңе эч нерсени айтуунун кереги жок…




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru